Редакцияот 13.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы

 

2024-жылдын 13-марты № 10/7

Ара-Көл айылындагы эски мектепти бала бакча багытына өзгөргөндүгүнө байланыштуу капиталдык оңдоодон өткөрүүгө өздүк салым акча каражатын кароо жөнүндө

 

Ара-Көл айылындагы эски мектепти бала бакча багытына өзгөргөндүгүнө байланыштуу капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн Түрткү берүүчү (үлүштүк) грантка долбоор сунуштоо тууралуу Инвестиция тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис Дүйшөнбек уулу Максаттын маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын  Чолпон айыл аймагынын айылдык  Кеңеши токтом кылат:

 

1. Ара-Көл айылындагы эски мектепти бала бакча багытына өзгөргөндүгүнө байланыштуу капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн Түрткү берүүчү (үлүштүк) грантка долбоор сунуштоо демилгеси жактырылсын.

2. Ара-Көл айылындагы эски мектепти бала бакча багытына өзгөргөндүгүнө байланыштуу капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн Түрткү берүүчү (үлүштүк) грантка долбоор өтүп жаткандыгына байланыштуу өздүк салым катарында 2 871 900 (эки миллион сегиз жүз жетимиш бир миң тогуз жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3. Долбоордук иш кагаздарын даярдоо жагы Инвестиция тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис Дүйшөнбек уулу Максатка тапшырылсын. 

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу  айыл өкмөтү мекемесинин башчысы     Э. Макишовго жана  башкы эсепчи  Кармышбек кызы Гүлнарага  милдеттендирилсин.

 

Төрага

 

Жумалы уулу Адил