Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 28-февралы ПТ № 35
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 242 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын жаранын руханий өнүктүрүүнүн жана калыптандыруунун узак мөөнөттүү идеологиялык стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун курамында:
- Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы, Арабаев Автандил Анисович - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун илимий кызматкери, Абдырахманов Толобек Абылович - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, Асанканов Абылабек Асанканович - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б.Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директору, Байгазиев Советбек Орозканович - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясынын башкы илимий кызматкери, Шайдуллаева Топчугуль Жолдошевна - Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу, публицист, Назарбаев Абдунаби Салыевич - коомдук активист киргизилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |