ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2024-жылдын 13-марты № 10/9
Эпкин айылындагы таза суунун баштапкы суу келген суу түтүктөрүн жана резервуарды капиталдык оңдоодон өткөрүүгө өздүк салым акча каражатын кароо жөнүндө
Эпкин айылындагы таза суунун баштапкы суу келген суу түтүктөрүн жана резервуарды капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн Нарын облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна долбоор сунуштоо тууралуу Инвестиция тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис Дүйшөнбек уулу Максаттын маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Эпкин айылындагы таза суунун баштапкы суу келген суу түтүктөрүн жана резервуарды капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн Нарын облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна долбоор сунуштоо демилгеси жактырылсын.
2. Эпкин айылындагы таза суунун баштапкы суу келген суу түтүктөрүн жана резервуарды капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн Нарын облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна долбоор өтүп жаткандыгына байланыштуу өздүк салым катарында 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Долбоордук иш кагаздарын даярдоо жагы Инвестиция тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис Дүйшөнбек уулу Максатка тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Э. Макишовго жана башкы эсепчи Кармышбек кызы Гүлнарага милдеттендирилсин.
Төрага |
Жумалы уулу Адил |