Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХIX сессиясы
2024-жыл 19-апрель №19-3
“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагында таш майдалоочу завод куруу жана жер аянтын трансформациялоо”
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11,12,13,15-беренелерине, Кыргыз Республикасынын №145 “Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн №01-16/83 01-февраль 2024-жылдагы кайрылуу катын негиздеп, айылдык кеңештин айыл чарба туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Көк-Арт дарыясынын оң жак жээгиндеги Орто-Сай участкасындагы н/ж контурундагы 15 га жер аянты “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыштын, коргоонунун жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Которулган жер аянтына таш майдалоочу завод куруу үчүн макулдук берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковго жүктөлсүн жана мыйзам чегинде иш кагаздарын даярдоо жагы тиешелүү адистерге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.kyzyl-tuu.gov.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
.
Төрага:
| Т.Джороев |