Редакцияот 05.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2024-жылдын 5-марты № 78-т

 

Дары өсүмдүктөрүн өстүрүү жана экспорттоо системасын түзүү жана өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Дары өсүмдүктөрүн өстүрүү жана экспорттоо боюнча программанын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2024-жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө дары өсүмдүктөрүн өстүрүү жана экспорттоо боюнча программанын долбоорун жана Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыксын.

3. Ведомстволор аралык жумушчу топ коюлган милдеттерди ишке ашыруу максатында иш процессинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн министрликтердин, административдик жана башка ведомстволордун адистерин, көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте тартууга укуктуу деп белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

- ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка жактан камсыздоону камсыз кылсын;

- 2024-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө жогоруда аталган Программанын долбоорун жана Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.

5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

 

 

 

 

Тиркеме

Дары өсүмдүктөрүн өстүрүү жана экспорттоо боюнча программанын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин директорунун орун басары;

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын өкүлү (макулдашуу боюнча);

И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын өкүлү (макулдашуу боюнча);

С.Б.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияларды жогорулатуу институтунун өкүлү (макулдашуу боюнча);

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин өкүлү (макулдашуу боюнча);

Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун өкүлү (макулдашуу боюнча).