ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 29 сессиясы
2023-жылдын 29-ноябры № 29-4
«Төө-Моюн айылдык аймагынын Найман айылындагы кичи футболдук аянтчасына жасалма (искусственный) газон сатып алуу жөнүндө»
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңеши Найман айылынын жаштарын колдоо жана мындай спорт аянтчасын болушу жаштардын, жалпы эле айыл тургундарынын сергек жашоосуна, бош убактысын туура уюштурууга жана калктын ден-соолугун чыңдоого шарт түзү максатында Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровдун маалыматын жана Найман айылынын айылдык Кеңешинин депутаты А.Осмоналиевдин сунуш-пикирлерин угуп чыгып Төө-Моюн айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Төө-Моюн айылдык аймагынын Найман айылынын жаштарын колдоо жана мындай спорт аянтчасына жасалма (искусственный) газон сатып алуу иштери колдоого алынсын.
2.Оңдоп түзөө жана алмаштыруу иштерине зарыл болгон каражаттарды издеп табуу максатында өнүктүрүү фонддорунан ажыратып берүү үчүн кайрылуу иш аракеттерди жүргүзсүн.
3.Токтомдун аткарылышын контролдоо милдети айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төө-Моюн айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Осмоналиев |