Редакцияот 13.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы

 

2024-жылдын 13-марты № 10/19

 

“Яма Беккари” чуңкурун казууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө

 

Чолпон айыл аймагында мал ылаңын алдын алуу, өлгөн мал жандыктарын атайын жазалган чуңкурга салуу жана Чолпон айыл аймагы боюнча  “Яма Беккари” чуңкурларын салууга жер аянтын бөлүү зарылчылыгы тууралуу Мал чарбачылыгы жана ветеринария боюнча жетектөөчү адис Сагындыков Нурдостун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын  Чолпон айыл аймагынын айылдык  Кеңеши токтом кылат:

 

1. Чолпон айыл аймагы боюнча “Яма Беккари” чуңкурлары төмөнкү жерлерден бөлүнүп берилсин:

-Ара-Көл айылы “Ак-Бел” участогу

-Эпкин айылы “Кайырма” участогу

-Чекилдек айылы “АБЗ” участогу

 

2. Тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы Мал чарбачылыгы жана ветеринария боюнча жетектөөчү адис Сагындыков Нурдоско тапшырылсын.

3. Жер аянттарын тактап мыйзамга ылайык жерлерди бөлүп берүү жагы Чолпон  айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Э. Макишовго жана турак-жай, коммуналдык жана агрардык маселелер боюнча башкы адис Жаныш уулу Ормонго  милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага

 

Жумалы уулу Адил