Редакцияот 10.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 10-декабры № 111/XVI-27

Жер участогун которуу жөнүндө

           № 38 контурундагы "Бел-Булак" жер участогун айыл чарба багытындагы объекттерди куруу үчүн которуу жөнүндө даярдалган материалдарды карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 токтому менен бекитилген Жер участокторун бир категориядан башкасына же бир түрдөн башкасына которуунун(трансформациялоонун) тартиби жөнүндө Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11 жана 13-беренелерине ылайык,

 

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

1. № 38 контурдагы аянты 3,0 га "Бел-Булак" участогунда жайгашкан жер участогун "жайыттар" жер түрүнөн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясындагы "башка жерлер" жер түрүнө которуу (трансформациялоо) жүргүзүлсүн.

2.Бул токтомду бекитүү Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ивановка айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын жана Ивановка айыл өкмөтү.

 

Ивановка айылдык кеңешинин төрагасы

И.Х. Юсупов