Загрузка документа…
ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-сентябры № 112/XXXI-28
Кичи футбол аянтчасын куруу үчүн жер тилкесин муниципалдык менчикке бекитип берүү жөнүндө
Ивановка айыл өкмөтүнүн "Жергиликтүү бюджеттен өздүк каражаттарды бекитүү жана инвестиция алуу үчүн демилгелүү жана мониторингдик топту түзүү жөнүндө" демилгелүү тобун угуп, жергиликтүү бюджеттин салымын пайыз катышта белгилөө зарыл. Биз "Чүй облусун Өнүктүрүү Фондуна" Ивановка айылындагы "кичи футбол аянтчасын куруу" долбоорун, ошондой эле долбоор боюнча демилгелүү жана мониторинг тобун түзүүнү сунуштап,
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ивановка айыл өкмөтүнө кичи-футбол аянтчасын куруу үчүн аянты 690,00 чарчы метр жер участогун бекитип берилсин.
2.Ивановка айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Ысык-Ата филиалына, Ысык-Ата райондук шаар куруу жана Архитектура боюнча башкармалыгына керектүү документтерди даярдоого милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо айыл өкмөтүнүн башкы адистери А. Куменовго жана А. Карабаевага жүктөлсүн.
Ивановка айылдык кеңешинин төрагасы | И.Х. Юсупов |