Загрузка документа…
ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-ноябры № 116/XXXII-28
Сугат айдоо жерин №1276 контурунан №977 контурундагы бирдей маанидеги сугат айдоого которуу жөнүндө
Жер-агрардык комиссиясынын төрагасы А. И. Аписовду угуп жана талкуулап, Алмабек уулу Адилеттин Ивановка айыл аймагындагы сугат айдоо жерин №1276-контурдан №977-контурдагы бирдей маанидеги сугат айдоо жерине которуу жөнүндө арызын карап чыгып,
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Жалпы аянты 4,0 га сугат айдоо жерин № 1276 контурдан № 977-контурдагы бирдей сугат айдоого которуу жүргүзүлсүн.
2.Алмабек уулу Адилет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Ысык-Ата филиалында тийиштүү документтерди тариздөөгө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер-агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ивановка айылдык кеңешинин төрагасы | И.Х. Юсупов |