Загрузка документа…
ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-ноябры № 117/XXXII-28
Сугат айдоо жерин №425 контурунан №329 контурундагы бирдей маанидеги сугат айдоого которуу жөнүндө
Жер-агрардык комиссиясынын төрагасы А. И. Аписовду угуп жана талкуулап, С. Н. Осадчевдин Ивановка айыл аймагындагы сугат айдоо жерин №425-контурдан №329-контурдагы бирдей маанидеги сугат айдоо жерине которуу жөнүндө арызын карап чыгып,
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Жалпы аянты 1,0 га сугат айдоо жерин № 425 контурдан № 329-контурдагы бирдей сугат айдоого которуу жүргүзүлсүн.
2.Жер маселелери боюнча жетектөөчү адис айыл өкмөтүнүн жалпы аянты 4,0 сугат айдоо жерин № 425 контурдан № 329 контурдагы бирдей сугат айдоо жерине которуу жөнүндө чечимин даярдасын.
3.Осадчев Сергей Николаевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Ысык-Ата филиалында тийиштүү документтерди тариздөөгө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер-агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ивановка айылдык кеңешинин төрагасы | И.Х. Юсупов |