БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышындагы Барскоон жергиликтүү кенешинин 2 кезектеги сессиясы
2024-жылдын 18-апрелиндеги № 7
Барскоон айыл аймагынын административдик
чек арасы жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ысык-Кѳл облусунун Жети-Ѳгүз районунун Барскоон айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгѳн Барскоон айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып жана талкуулап Барскоон жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Барскоон айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Барскоон жергиликтүү кеңешинин тѳрагасына жана Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун кѳчүрмѳсү Жети-Ѳгүз райондук мамлекеттик администрациясына жѳнѳтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү ѳзүмѳ калтырам.
Төрага М.Ибаков