БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышындагы Барскоон жергиликтүү кенешинин 2 кезектеги сессиясы
2024-жылдын 18-апрелиндеги № 8
Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн балансасында турган
Мерседес-Бенц 316 үлгүсүндѳгү автоунаасы жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Тамга жалпы орто билим берүү мектебинин 2024-жылдын 15-апрелиндеги чыгыш № 126 кайрылуусун жергиликтүү кеӊешинин депутаттары карап жана талкуулап чыгып, Барскоон жергиликтүү кеӊеши
токтом кылат:
1. Тамга айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ тиешелүү ижарага берилген чыгарылган жылы 2003, катталган номуру: 09KG043AC техникалык талондун номуру КР №0060155 ѳңү: ак, кыймылдаткыч кѳлѳмү: 2685 см3 Мерседес-Бенц 316 үлгүсүндѳгү автоунаасы кайрадан Тамга жалпы билим берүү мекемесине ѳткѳрүлүп берилсин жана тѳмѳндѳгүдѳй комиссия курамы түзүлсүн:
1. Ибаков М. – жергиликтүү кеңешинин тѳрагасы, комиссиянын тѳрагасы;
2. Шабданбаева Н. – жергиликтүү кеңешинин катчысы, комиссиянын катчысы;
3. Мамбеталиева М. – жергиликтүү кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчѳсү;
4. Ниязбек у.К. – жергиликтүү кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчѳсү;
5. Токтогонов М. – Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн юристи, комиссиянын мүчѳсү;
6. Саалаева А. – Тамга жалпы билим берүү мекемесинин мүдүрү, комиссиянын мүчѳсү;
7. Акжолтой у.М. - жалпы билим берүү мекемесинин чарбалык иштер боюнча директордун орун басары, комиссиянын мүчѳсү;
8. Усенбаева Б. – ата-энелер комитети, комиссиянын мүчѳсү;
9. Жайлокеев М. – профсоюз уюмунун жетекчиси, комиссиянын мүчѳсү;
10. Асылбеков К. - ижарачы, комиссиянын мүчѳсү;
11. Конушбеков М. – Тамга айыл башчысы, комиссиянын мүчѳсү;
2. Ѳткѳрүп алынган кызматтык автоунааны мындан ары камсыздоо, сапаттуу сактоо, жана максаттуу пайдаланышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Тамга жалпы билим берүү мекемесинин мүдүрү А.Саалаевага милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча жана финансы-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына, айыл өкмөтүнүн башчысы А.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага М.Ибаков