БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышындагы Барскоон жергиликтүү кенешинин 2 кезектеги сессиясы
2024-жылдын 18-апрелиндеги № 12
Кол кап чыгаруучу станок жөнундө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жѳнүндѳ” мыйзамынын 5-бѳлүмүнүн 19-беренелерине ылайык, айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Асанбаевдин сунушун угуп, талкуулап, жергиликтүү кеӊеши
токтом кылат:
1.“Ысык-Кѳл ѳнүктүрүү фондусу” аркылуу долбоор менен алынган кол кап чыгаруучу станок Барскоон айылындагы № 55 лицейдин карамагына ѳткѳрүлүп берилсин.
2. Ѳткѳрүлүп берилген станокту максаттуу пайдалануу жагы Ч.Ажыбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊешинин финансы-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага М.Ибаков