Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин XVIII-чакырылышынын II-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 18-апрелиндеги № 18
Барскоон айыл аймагынын Барскоон айылындагы № 15 контурундагы 0,20 га жер тилкесин трансформациялоо жѳнүндѳ
Барскоон айылынын тургуну Мамыралиева Сүмбѳгүл Токтоевнанын арызын угуп кѳрүп, талкуулап, Барскоон жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 3-бѳлүгүнүн негизинде, Барскоон айылынын тургуну Мамыралиева Сүмбѳгүл Токтоевнанын арызы канагаттандырылып, “Кыргызмамжердолбоорлоо” институтунун аныктамасынын негизинде Барскоон айыл аймагынын Барскоон айылындагы № 15 контурундагы 0,20 га жер тилкесинин максаттык багытын ѳзгѳртүүгѳ макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы жергиликтүү кеңештин жер, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага М.Ибаков