БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин XVIII-чакырылышынын II-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 18-апрелиндеги № 19
Барскоон айыл аймагынын Тосор, Тамга жана Барскоон айылдарындагы кѳрүстѳн жайлар үчүн бѳлүнгѳн жер тилкелерин жана катуу тиричилик таштандыларын таштоочу жайлар үчүн бѳлүнүп берилген жер тилкелерин трансформациялоо жѳнүндѳ
Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн жер, агрардык маселелер жана муниципалдык менчик боюнча башкы адис И.Исашовдун кайрылуусун угуп, талкуулап, Барскоон жергиликтүү кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 3-бѳлүгүнүн негизинде, Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн жер, агрардык маселелер жана муниципалдык менчик боюнча башкы адис И.Исашовдун жана Курманбек уулу Каныбектин кайрылуусу канагаттандырылып, Барскоон айыл аймагынын Тосор айылы боюнча
№ 725 контурдагы жалпы 34,5 га жайыт жер тилкесинин ичинен 10,0 га жер тилкесинин багыты кѳрүстѳн үчүн максаттык багыты ѳзгѳртүлүп трансформациялоого уруксат берилсин.
2. Барскоон айыл аймагынын Тамга айылы боюнча №1099 контурундагы жалпы 12,0 га жайыт жер тилкесинин ичинен 5,0 га жер тилкесинин багыты кѳрүстѳн үчүн максаттык багыты ѳзгѳртүлүп трансформациялоого уруксат берилсин.
3. Барскоон айыл аймагынын Барскоон айылы боюнча №232 контурундагы 0,60 га, 661-контурундагы 2,0 га жана 813, 814-контурларындагы 5,0 га жер аянтынын багыты кѳрүстѳн үчүн максаттык багыты ѳзгѳртүлүп трансформациялоого уруксат берилсин.
4. Катуу тиричилик калдыктарын таштоочу жай үчүн Барскоон айыл аймагынын Тосор айылы боюнча № 301-контурдагы жалпы 0,60 га, Тамга айылы боюнча № -контурдагы жалпы 1.0 га, Барскоон айылынын №730-контурундагы 1,5 га жер тилкесинин максаттык багыты ѳзгѳртүлүп “Өнѳр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына” которууга (трансформациялоого) уруксат берилсин.
5. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы жергиликтүү кеңештин жер, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага М.Ибаков