БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин XVIII-чакырылышынын II-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 18-апрелиндеги № 20
Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигиндеги 0,07 га жер тилкесин Жети-Ѳгүз райондук ички иштер бѳлүмүнүн карамагына ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ
Жети-Ѳгүз райондук ички иштер бѳлүмүнүн башчысы Б.Рыскуловдун кайрылуусунун негизинде Барскоон жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 3-бѳлүгүнүн негизинде, Жети-Ѳгүз райондук ички иштер бѳлүмүнүн башчысы Б.Рыскуловдун кайрылуусу канагаттандырылып, Барскоон айыл аймагынын Барскоон айылындагы 0,07 га муниципалдык менчиктеги жер тилкеси Барскоон айылдык милиция бөлүмчөсүн салуу үчүн Жети-Ѳгүз райондук ички иштер бѳлүмүнүн карамагына ѳткѳрүлүпберилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы жергиликтүү кеңештин жер, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага М.Ибаков