Редакцияот 08.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 8-майы № 222

Имаратты жанаша жер участогу менен Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө

Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу, мектепке чейинки курактагы балдарды окутуу жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, балдардын мектепке чейинки билим алууга болгон муктаждыктарын канааттандыруу максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары, Ж.Абдрахманов көчөсү, 19 дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду 2-07-02-0008-0208, жалпы аянты 1245,72 кв.м имаратты жанаша жайгашкан 0,65 га өлчөмүндөгү жер участогу менен билим берүү максатында пайдалануу үчүн өткөрүп берсин.

2. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:

1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти муниципалдык менчикке кабыл алуу;

2) өткөрүп берилүүчү объектти мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүү;

3) өткөрүп берилүүчү объектти күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашыруу;

4) өткөрүп берилүүчү объектти андан ары ээликтен ажыратпоо жана аны жергиликтүү маанидеги социалдык маселелерди чечүү үчүн пайдалануу.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 14-майындагы № 36 (3589) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров