Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясы
2021-жылдын 1-декабры № 8/2
Семиз-Бел өкмөтүнө караштуу айылдардан таштанды төгүү үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагына караштуу Семиз-Бел, Чекилдек,Арсы жана Кара-Тоо айылдарынан катуу турмуш тиричилик калдыктарын жайгаштыруу үчүн полигонго элдердин муктаждыгын эске алып Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Семиз-Бел айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу айылдарында катуу турмуш тиричилик калдыктарын жайгаштыруу үчүн төмөндөгү жер участоктору бекитилип берилсин.
-Кара-Тоо айылы боюнча таштанды төгүүчү жай автодромдун күн батышындагы эски карьердин ордунан, (картографиялык чиймеси боюнча, инв №131 контурунан 3(үч) га жер аянты;
-Арсы айылы боюнча таштанды төгүүчү жай Арсы айылынын күн чыгыш тарабынан «Чыбыр» участогунан (картографиялык чиймеси боюнча, инв №211 контурунан 1(бир) га жер аянты;
- Чекилдек айылы боюнча таштанды төгүүчү жай Чекилдек айылынын түштүк батыш тарабынан «Кызыл-Жар» участогунан (картографиялык чиймеси боюнча, инв №745 контурунан 1(бир) га эски карьердин ордунан;
- Семиз-Бел айылы боюнча таштанды төгүүчү жай Семиз-Бел айылынын чыгыш тарабынан «Чычканчы» участкасынан эски карьердин ордунан (картографиялык чиймеси боюнча, инв №44 контурунан 3(үч) га жер аянты;
Жогорудагы жер аянттары такталып, таштандыларды жайгаштырууга макулдук берилсин.
2. Бөлүнүп берилген жер участокторун картанын негизинде айыл башчыларына тактап өткөрүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине тапшырылсын.
3. Таштанды төгүү үчүн бөлүнүп берилген жер аянттарынын ирээттүү пайдалануусун көзөмөлдөө айыл чарбасы жана жерлер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Б. Намазбек уулу |