КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы кезектеги II сессиясы
2021-жылдын 21-майы № 2/3
Көк-Жангак шаардык мэриянын № 1-12/349 20.05.2021-жылдагы каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын муниципалдык менчикте турган жер аянттарын ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамын Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап талкуулап (VIII чакырылыштагы кезектеги II- сессиясы)
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын муниципалдык менчикте турган жер аянттарын ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамы төмөнкүдөй бекитилсин:
Акумбаева М.Р. - Көк-Жаңгак шаарынын вице-мэр, комиссиянын төрайымы;
Усенов К.А. - Көк-Жаңгак шарынын депутаты, тең төрага;
Комиссиянын мүчөлөрү:
Талипов Р.Х. - Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын жер боюнча жетектөөчү адиси;
Камбаров Ж.- Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын өнөр жай, курулуш жана коммуналдык менчик боюнча башкы адиси;
Эргашев Ж.К.- Көк-Жаңгак шаарынын коммуналдык менчик департаментинин бөлүм башчысы, комиссиянын катчысы;
Омошев Р.Т.- Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаты;
Дубанаев О.- Көк-Жаңгак шаарынын «Спутник» кварталынын төрагасы.
2.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: |
З.Байдавлетов |