Редакцияот 21.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы кезектеги II сессиясы

2021-жылдын 21-майы № 2/5

Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010 жылдын 25 мартындагы № 184 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө» типтүү жобонун талаптарына ылайык, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин сессияларынын кабыл алынган токтомдорун расмий сайтында жарыялап, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгына өз убагында жөнөтүүнү камсыз кылуу максатында,            Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VIII чакырылыштагы II-cессиясы)

 

ТОКТОМ кылат:

 

1.Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин (VIII чакырылыштагы ) сессияларында кабыл алынуучу токтомдор мамлекеттик жана зарылчылык жаралган учурда расмий тилде кабыл алынсын.

 

2.Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин токтомдору Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин расмий сайтына :www :kok-zhanak.my1.ru жарыялынсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышы жагын өзүмө калтырам.

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңешинин төрагасы:

 

З.Байдавлетов