Редакцияот 07.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ынтымак айылдык кеңешинин (7 – чакырылышы) кезектеги VII– сессиясы

2021-жылдын 7-декабры № 7/3

2019-жылдын 29-мартындагы Ынтымак айылдык кеңешинин (6 – чакырылышы) кезектеги XIX – сессиясынын «Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чындык конушуна намазкана куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө» № 5- токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы “2019-жылдын 29-мартындагы Ынтымак айылдык Кеңешинин (6 – чакырылышы) кезектеги XIX – сессиясынын «Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чындык конушуна намазкана куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө» № 5- токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу маселени карап жана талкуулап чыгып

 

Токтом кылат

 

1. 2019-жылдын 29-мартындагы Ынтымак айылдык кеңешинин (6 – чакырылышы) кезектеги XIX – сессиясынын «Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чындык конушуна намаз кана куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө» № 5- токтомуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин.

 

2. Токтомго киргизилген өзгөртүү жана толуктоолорго негиз Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чындык конушуна намазкана куруу үчүн ажыратылып берилген 675,0м2 жер аянты Ынтымак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

 

3. Жогоруда аталган жер аянтына турак жай куруу үчүн тиешелүү болгон юридикалык документтерин даярдоо жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.

 

4. Аталган жер аянтына карата Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан жер аянтына архитектуралык план долбоорлорун даярдан берүү жагы суралсын.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

Төрага:

Р.Исамов