АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин IX чакырылышынын XI сессиясы
2021-жылдын 16-декабры № 34
Торкен айылындагы Т.Ашыралиев мектебинин терезелерин алмаштыруу боюнча түрткү берүүчү грантка долбоор даярдоого өздүк салымга 2022-жылга жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Торкен айылындагы Т.Ашыралиев мектебинин терезелерин алмаштыруу боюнча түрткү берүүчү грантка долбоор даярдоого өздүк салымга 2022-жылга жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү маселени Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын кезексиз XI сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Торкен айылындагы Т.Ашыралиев мектебинин терезелерин алмаштыруу боюнча түрткү берүүчү гранттан жалпы 2669320сомго долбоору даярдалгандыктан, долбоорду ишке ашырууга өздүк салым катары 2022-жылдагы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 350000сомго акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнгөн 350000сомдун ичинен 45256сом долбоордун бүткөрүлүшү боюнча техкөзөмөлдүн кызмат акысына, 304744 сому долбоордун өздүк салымына бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
4. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана www.torken.kg веб сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы Т.Кебековго тапшырылсын.
5. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Кеңештин төрагасы | К.Таалайбек уулу |