ЖАНБУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жанбулак айылдык кеңешинин ХХУ111 чакырылышынын кезексиз сессиясы
2021-жылдын 24-сентябры № 8
Сессияга чакырылган депутат - 11. Сессияга катышкан депутат - 9. |
Бейшек уулу К ; А. Озгорушова –жок. |
Кун тартибинде : | Жанбулак айыл окмотунун жыл башына калган калдык каражатын пайдалануу жонундо |
Кун тартибиндеги маселе боюнча Жанбулак айылдык Кенешинин бюджеттик туруктуу
комиссиясынын торайымы М. Мусаева сессиянын катышуучуларына билдируу жасады :
20 –сентябрь куну бюджеттик комиссиянын отуруму болуп, анда учурдагы керектоолор
боюнча маселе каралган.Алар томонкулор,ушул статьялар боюнча каражат болуп бериниздер :
№ | Керектоонун аталышы | олч.бирд | суммасы |
1 | Кызматтык машинага ГСМ | мин сом | 27,0 |
2 | Запастык болукторго | мин сом | 49,0 |
3 | Соц.блокко : | мин сом | 80,0 |
| анда - карыялар кунуно карата |
| 12,0 |
| - инвалиддер учун |
| 28,0 |
| - аз камсыз уй-булолорго комур алууга |
| 30,0 |
| - Баткен окуясынын ктышуучуларына |
| 3,0 |
| - кургак учук менен ооругандарга |
| 7,0 |
4 | «Бирлик» айылынын суу тутугуно – дагы кошумча | мин сом | 21,0 |
| Итого : |
| 177,0 |
Бул билдируудон кийин суроолор жана талкуулар башталды.
1. Карыпбаева А - депутат.
- Жогорудагы маселе боюнча – айыл окмотунун машинасына ГСМ болбой эле коелу, жыл бутооруно 3 (уч) ай калды, окмот башчы оз чонтогунон май куюп иштеп турсун .
2. Мамбеткулов Э - Кенештин торагасы. Биз ушундай кенештик, запастык болукко 49,0 мин сом бололу, ага макул болбосонор анда зап.часть да жок, эч нерсе болбойбуз.
Окмот оз чонтогунон май куюп иштесин.
3. Ж.Эсенканова – башкы бухгалтер. Бул кызматтык машина 2008-жылы чыккан, биздин айыл окмотуно 2009-жылы алып келинген.Окмот башчысы машина менен коп иштерди жасашы керек Запастык болугун болуп,майын болбогонунор туура эмес болуп калды,биз деле шартты коруп туруп,уч айга 150,0 литрден эле май эсептегенбиз.Машинасыз иштоо азыр окмот башчы эмес, жонокой бир уй-булого деле кыйын , аны коруп журосунор.
4. О.Калиев. – айыл окмотунун башчысы. Депутаттар, буга чейин эч бир жолу окмоттун турган машинасына ГСМ ге же зап.частка каражат болунбой калган эмес. Озунор билесинер мурунку окмоттор Нарын шаарында жашап,биякка барап-келип иштешти,анда деле май болунуп келген.Мен айылдын ичинде жашап туруп ,май болгуло деп атам. Откондо торага озун кордун, Ак Сайга барууга машина таба албай, 2-3 кун ушул жерде кармалдык. Эгер майыбыз болсо, машинаны табат элек да.Иштоо учун адегенде колдо турган шартты чечип берип,анан талап кылсанар жакшы болмок.
Жогорудагыдай жана андан башка суроолор берилип, кенири талкуулап буткондон кийин Жанбулак айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Айыл окмотунун жыл башына калган калдык каражатынан - 112,0 (бир жуз он эки ) мин сом болунуп , томонку керектоолор учун жумшалсын :
№ | керектоонун аталышы | олч.бирд | суммасы |
А | АУП ка |
|
|
1 | Запастык болукко | мин сом | 49,0 |
2 | Карыялар кунуно | мин сом | 12,0 |
3 | Аз камсыз уй-булолорго комур алууга | мин сом | 30,0 |
5 | «Бирлик» айылынын суу тутугуно – дагы кошумча | мин сом | 21,0 |
| Итого АУП : |
| 112,0 |
2. Айыл окмотунун кызматтык машинасына ГСМ учун каражат аткаруусуз калтырылып, айыл окмотунун башчысы ГСМ ди оз каражатынан сатып алып пайдалансын.
3. Жогоруда болунгон каражатка тиешелуу смета тузуу менен , оз багыты боюнча пайдаланууну козомолдоо – айыл окмотунун башкы бухгалтери Ж.Эсенкановага тапшырылсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды. Токтомду жактап
9 (тогуз) депутат добуш беришти Каршы – калыс жок.
Жанбулак айылдык кеңешинин торагасы : |
Э.Э. Мамбеткулов. |