Загрузка документа…
CАКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2022-жылдын 5-декабры № 2
Сакалды айыл өкмөтүнүн Өзбекстан Республикасы менен түздөн-түз чектешкен участкаларындагы чек араны бекемдөө жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сакалды чек ара заставасынын зардалы Абдразаков Кылычтын кайрылуусу эске алынсын.
2. Сакалды айыл өкмөтүнүн Өзбекстан Республикасы менен түздөн-түз чектешкен участкаларындагы чек араны бекемдөө үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50 000 (элүүмиң) сом акча каражатын мыйзам чегинде ажыратып берүү жагы А.Осмоновго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Нишанбаев |