Загрузка документа…
ИВАНОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 20 сентябры № 125/XXII-26
Жер участогун которуу жөнүндө
№ 38 контурундагы "Бел-Булак" жер участогун айыл чарба багытындагы объекттерди куруу үчүн которуу жөнүндө даярдалган материалдарды карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 токтому менен бекитилген Жер участокторун бир категориядан башкасына же бир түрдөн башкасына которуунун(трансформациялоонун) тартиби жөнүндө Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11 жана 13-беренелерине ылайык,
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. № 38 контурдагы аянты 3,0 га "Бел-Булак" участогунда жайгашкан жер участогун "жайыттар" жер түрүнөн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясындагы "башка жерлер" жер түрүнө которуу (трансформациялоо) жүргүзүлсүн.
2.Бул токтомду бекитүү Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ивановка айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын
жана Ивановка айыл өкмөтү.
Төрага |
| Э. Д. Усупов |