Редакцияот 13.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы

 

2024-жылдын 13-марты № 10/21

 

Чолпон көмөк чордонуна Саткынбүбү Нааматованын ысымын ыйгаруу жөнүндө

 

Кочкор РЭТна караштуу Чолпон айылында жайгашкан «110/35/10 кВ Чолпон» көмөк чордонуна Саткынбүбү Нааматованын ысымын ыйгаруу тууралуу Кочкор РЭТ ишканасынын акими Т. Балкыбековдун маалыматын угуп, 2024-жылдын 27-февралындагы Кочкор райондук электр тармактар жамаатынын чогулушунун №31 Протоколун карап чыгып жана талкуулап Депутаттардын  Чолпон айыл аймагынын айылдык  Кеңеши токтом кылат:

 

1. Нааматов Саткынбүбү көп жылдар бою жалпы элге ак кызмат кылгандыгын жана тынымсыз үзүрлүү эмгегин эске алуу менен «110/35/10 кВ Чолпон» көмөк чордонуна Саткынбүбү Нааматованын ысымы ыйгарылсын, Саткынбүбү Нааматова атындагы «110/35/10 кВ Чолпон» көмөк чордону болуп аталсын.

2. Кочкор РЭТна караштуу Чолпон айылында жайгашкан «110/35/10 кВ Чолпон» көмөк чордонуна Саткынбүбү Нааматованын ысымын ыйгарууга тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Чолпон айыл өкмөтү мекемесинин башчысынын орун басары А. Исаковго тапшырылсын.

3. С. Нааматованын үй-бүлөсүнө Чолпон айылынын белгиленген 2 жерине видео байкоо көзөмөл орнотууга демөөрчүлүк кылуу жагы суралсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Чолпон айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Э. Макишовго тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Жумалы уулу Адил