Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2022-жылдын 5-декабры № 3
Жеке менчик турак жайдын максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сакалды айыл өкмөтүнүн Бөбүй айылынын С.Юсупов көчөсүнүн жашоочусу Юсупов Ураимжанга таандык 1200 кв.м жеке менчик турак жайдын 380 кв.м максаттуу багытын өзгөртүп куйуучу май сатуучу жай учун пайдаланууга уруксат берилсин. Ал эми калган 820 кв.м турак жай боюнча калтырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөт башчысы А.Осмоновго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Нишанбаев |