ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2024-жылдын 13-марты № 10/22
Кызарт жайлоосуна стандарттуу тазалануучу жай куруу жөнүндө
Айыл аймакка келген чет элдик туристтерге аймактын имиджин көтөрүү үчүн туристтик объектилердин туристтерге кызмат көрсөтүү сапатын жана сервисти жакшыртуу максатында Кызарт жайлоосунун ДЭУ участогуна заманбап тазалануучу жай куруу долбоору жөнүндө Ирригация, таштанды жана жайыт маселелри боюнча адис Т. Токтомушовдун маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Айыл аймакка келген чет элдик туристтерге аймактын имиджин көтөрүү үчүн туристтик объектилердин туристтерге кызмат көрсөтүү сапатын жана сервисти жакшыртуу максатында Кызарт жайлоосунун ДЭУ участогуна заманбап тазалануучу жай куруу долбоору жактырылсын.
2. Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Ирригация, таштанды жана жайыт маселелери боюнча башкы адис Т. Токтомушовго тапшырылсын.
3. Тазалануучу жай куруу үчүн, жайыт жерин тактап берүү жагы “Чолпон” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Таалайбек уулу Тынчтыкка тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Чолпон айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Э. Макишовго милдеттендирилсин.
Төрага |
Жумалы уулу Адил |