Редакцияот 02.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

 

2024-жылдын 2-апрели № 11/2

 

Чолпон айыл өкмөтүнүн аймагында малчылардын көчүп-конуу мөөнөтүн белгилөө жана мал багуунун акысын бекитүү жөнүндө

 

Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, калктын, айыл башчылардын, чабандардын пикирилерин эске алуу менен Депутаттардын  Чолпон айыл аймагынын айылдык  Кеңеши токтом кылат:

 

1. Көчүп-конуу мөөнөттөрү:

-Ортонку жайыттарга көчүп чыгуу мөөнөттөрү 20-апрелден 25-апрелге чейин;

-Ыраакы жайыттарга көчүп-конуу 1-июндан 10-июнга чейин;

-1-октябрдан ыраакы жайыттардан ички жайыттарга көчүп түшүү мөөнөтү белгиленсин;

-Айдоо аянттары 25-апрелден баштап корук болсун;

-Жалпы жайлоо убактысы 25-апрелден 1-октябрга чейин бекитилсин;

-Жазында 25-апрелден кеч көчкөндөргө айып пул салынсын;

-Күзүндө 1-октябрга чейин келгендерге айып пул салынсын.

 

2. Малчылардын(чабандардын) малга алган акысы:

-Бодого (жылкы, уй, тай, музоо) 500 сом;

-Майда мал жандыктарына (кой, эчки) 70 сом;

-Сырттан алынып келип багылган малдарга жайыт акысы 2,5 эсе алынсын;

-Мал жоголсо чабан төлөп берүүгө милдеттүү болсун;

-Майда мал жандыктарын (кой, эчки) багууда 500 баштан ашырбасын.

 

3. Малчыларга (чабандарга) жайыт билеттерин, келишимдерин даярдап берүү жагы Чолпон муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чолпон айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Э. Макишовго тапшырылсын. 

 

 

Төрага

 

Жумалы уулу Адил