Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
2024-жыл 19-апрель №19-6
“Жер аянтын муниципалдык менчикке алуу ” жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренине ылайык, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 15-майындагы №23-т токтомунун негизинде “Жер мунапысын жүргүзүү” боюнча, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн №01-16/265 15-апрель 2024-жылдагы кайрылуусунун негизинде, айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасынын сунушун угуп Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сеңир айылындагы №242 контурундагы 0,30 жер аянты муниципалдык менчике алынсын.
2. Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.gov.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Джороев |