Редакцияот 17.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз үчүнчү сессиясы

2021-жылдын 17-августу № 3-2

Боспиек айылындагы Алтынай орто мектебиндеги  стадиондун 0,10 га жер аянттына спорт комплекс куруу үчүн макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Жерге-Тал айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 2021-жылдын 12-августундагы отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, сессия токтом кылат:

1.Жерге-Тал айыл аймагынынын Боспиек айылындагы Алтынай орто мектебиндеги стадиондун жер аянттынан 0,10 га жер аянттына спорт комплекс куруу үчүн  макулдук берилсин.

2.Бөлүнүп берилген жер аянттын мыйзамдуу иш алып баруу жагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин жер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Назарбековго тапшырылсын.

 

 

Төрага

К.Мураталиев