Редакцияот 17.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз үчүнчү сессиясы

2021-жылдын 17-августу № 3-3

VIII чакырылыштагы 31/5 токтомуна оңдоо киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамдын 17-беренесинин 1-2--пунктарына ылайык,  VIII чакырылыштагы 31/5 токтомун оңдоо жөнүндө жана Жерге-Тал айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2021-жылдын 14-августундагы отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, сессия токтом кылат:

1.Кыргыз үй учаскасындагы жер аянты, айыл өкмөттүн калктуу конуш категориясында тургандыгы аныкталгандыктан,токтомдогу таштуу жайыттан деген сөздөр алынып салынсын.

2.Кыргыз үй участкасындагы жер аянттынан спорт зал куруу үчүн, жер аянттын мыйзамдуу бөлүп берүү жагы Жерге-Тал айыл өкмөт башчысына сунушталсын..

3. Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин жер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Назарбековго

 

Төрага

К.Мураталиев