Редакцияот 17.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз үчүнчү сессиясы

2021-жылдын 17-августу № 3-4

Жерге-Тал айылына кургатылган мөмө-жемиштер үчүн курулган кичилогистикалык борбор имаратын муниципиалдык баланска тартуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, сессия токтом кылат:

1.Кыргыз Республикасынын 2002-жылдагы Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүндөгү мыйзамынын 5 беренесине ылайык Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондор үчүн    экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча аймактар аралык мамлекеттик башкаруу бөлүмүнүн 2020-жылдын 22-сентябрындагы №86 актысында көрсөтүлгөн жалпы баасы 7311038 (жети миллион үч жүз он бир миң отуз сегиз) сомго бүткөрүлгөн Жерге-Тал айылындагы кургатылган мөмө-жемиштер үчүн курулган кичилогистикалык борбор имараты муниципиалдык баланска тартылсын.

2. Айыл өкмөттүн балансына тартылган кичилогистикалык борбор имаратынын иш-кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөттун башчысына жүктөлсүн.

3. Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин жер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Назарбековго тапшырылсын.

 

 

Төрага

К.Мураталиев