Редакцияот 13.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы

2021-жылдын 13-сентябры № 4-3

Кызыл-Капчыгай айылындагы Тегерек көчөсүнө согуштун ардагери  Мырзагулов Даникулдун ысмын ыйгаруу жөнүндө

Жерге-Тал айыл өкмөтүндөгү Кызыл-Капчыгай айылындагы Тегерек көчөсүнө согуштун ардагери Мырзагулов Даникулдун ысмын ыйгаруу жөнүндө Жерге-Тал айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2021-жылдын 6-сентябрындагы отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, сессия токтом кылат:

1. Кызыл-Капчыгай айылындагы Тегерек көчөсүнө согуштун ардагери Мырзагулов Даникулдун ысмы берилсин жана ал көчө “Мырзагулов Даникул атындагы көчө” деп аталсын.

2.Жерге-Тал айыл өкмөтү көрнөктөрдүн формасын, өлчөмүн аныктап жана туура жайгашуусун жана жазылуусун көзөмөлгө алсын.

3.Ат коюу салтанатын уюштуруу жана Жерге-Тал айыл өкмөтү менен макулдашылган формадагы, өлчөмдөгү көрнөктөрдү жасап илдирүү жагы аты коюлуп жаткан инсандын үй-бүлөсүнө жүктөлсүн.

4.Жерге-Тал айыл өкмөтү токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш-кагаздарын, маалымат базасын токтомго ылайык келтирсин.

5.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2014-жылдын 22-октябрындагы №610 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобонун 25-пунктуна негиз, тиешелүү өзгөртүүлөр боюнча даректүү каттоого алуу жагы “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Аксы райондук филиалынын жетекчиси Т.Мырзаматовго сунушталсын.

6. Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

7. .Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика  маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Ж.Абылкасымовага тапшырылсын.

 

Төрага

К.Мураталиев