Редакцияот 13.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы

2021-жылдын 13-сентябры № 4-5

Жерге-Тал айылындагы А.Сармырзаев көчөсүнүн жашоочусу Тойчиева Толгонайдын жазган арызынын негизинде 0,08 га жер аянттын муниципиалдык менчикке кабыл алуу жана аталган жер аянтына жалпы пайдалануудагы мечит курууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 62-беренесинин 4-пунктуна жана аталган кодекстин 64-беренесине ылайык, Жерге-Тал айылындагы А.Сармырзаев көчөсүнүн жашоочусу Тойчиева Толгонайдын жазган арызынын жана Жерге-Тал айылдык кеңешинин жер жана айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2021-жылдын 7-сентябрындагы отурумун угуп жана талкуулап, сессия токтом кылат:

1.Жерге-Тал айылындагы А.Сармырзаев көчөсүнүн жашоочусу Тойчиева Толгонайга тиешелүү 3-03-02-100-0489 кодундагы жер участогунан 0,08 га жер аянтты муниципиалдык менчикке кабыл алынсын жана аталган жер аянтына жалпы пайдалануудагы мечит куруу үчүн макулдук берилсин.

2.Жер аянттын муниципиалдык менчикке кабыл алуу жагы Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына ылайык жүргүзүү жана жер балансына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.Аталган жер аянтына жалпы пайдалануудагы мечит куруу үчүн макулдук берилсин.

4.Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. .Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин жер жана айыл чарба  маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Назарбековго тапшырылсын.

 

Төрага

К.Мураталиев