Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 токтомуна ылайык) |
Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун
(криптобиржанын) иши жана Виртуалдык активдердин
тооругунун операторлорунун (криптобиржалардын) реестрин
жүргүзүү жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 117 , 2025-жылдын 3-сентябрындагы № 556, 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625, 2026-жылдын 30-июлундагы № 516 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25, 28, 30-беренелерине ылайык иштелип чыккан. Жобо Кыргыз Республикасындагы Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) ишине коюлуучу милдеттүү талаптарды белгилейт.
Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) иши лицензиялануучу болуп саналат жана Виртуалдык активдердин тооругунун операторлорунун (криптобиржалардын) реестринде мамлекеттик катталууга тийиш. Виртуалдык активдердин тооругунун операторлорун (криптобиржаларды) мамлекеттик каттоонун тартиби ушул Жобо менен аныкталат.
2. Ушул Жободо колдонулуучу негизги түшүнүктөр
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
Бенефициардык ээси – соңку эсепте (ээлик кылуу жана контролдоо чынжырчасы аркылуу) түз же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) жеке менчик укугуна ээ болгон же виртуалдык активдердин тооругунун операторун (криптобиржаны) контролдогон жеке жак (жеке жактар) же анын атынан же болбосо анын кызыкчылыгында операция (бүтүм) жасалган жеке жак;
кардар – тейлөөгө кабыл алынган же виртуалдык активдердин тооругунун операторунда (криптобиржада) тейлөөдө турган же болбосо виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) ишкер мамиле түзүп жаткан же буга чейин түзгөн жеке же юридикалык жак (уюм), чет өлкөлүк траст же юридикалык бирикме;
проценттик скоринг – аны менен жүргүзүлгөн операцияларга жана акчаны адалдоо же терроризмди каржылоо сыяктуу мыйзамсыз аракеттерге колдонуу ыктымалдыгы менен байланышкан башка факторлорго талдоо жүргүзүүгө негизделген виртуалдык активдин же виртуалдык капчыктын тобокелдик деңгээлин сандык баалоо;
клиринг - өз ара милдеттенмелерди аныктоо (виртуалдык активдер менен жасалган бүтүмдөр боюнча маалыматтарды топтоо, салыштыруу, түзөтүү) жана аларды виртуалдык активдерди жеткирүү боюнча чегерүү жана алар боюнча эсептешүү операцияларынын комплекси;
виртуалдык активдерге бааларды манипуляциялоо - виртуалдык активдерге болгон суроо-талаптарга жана (же) сунуштарга, рыноктук шарттарда түзүлүүчү деңгээлге салыштырмалуу виртуалдык активдерге бааларды жасалма жогорулатуу же төмөндөтүү максатында виртуалдык активдердин рыноктук баасына же виртуалдык активдердин тооругунун көлөмүнө олуттуу таасирин тийгизүүчү аракеттерди жасоо;
эсептешүү банкы - тиешелүү лицензиясы бар, Кыргыз Республикасында же анын юрисдикциясынан тышкары иш жүргүзгөн, бирок турган өлкөнүн тиешелүү лицензиясына ээ коммерциялык банк;
виртуалдык активдердин тооругу - виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) электрондук аянтчасында виртуалдык активдер менен сатуу-сатып алуу бүтүмдөрүн жасоо процесстери;
виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) тооругунун катышуучулары - виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) тарабынан виртуалдык активдердин тооругуна жол берилген кардарлар;
ыйгарым укуктуу орган - виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) электрондук аянтчасы - маалыматтык система, анын алкагында төмөнкүлөр жүзөгө ашырылат:
- виртуалдык активдердин тооругуна катышууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу, контролдоо жана каттоо;
- виртуалдык активдерди сатып алууга, сатууга жана (же) алмашууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу, контролдоо жана каттоо;
- виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) электрондук аянтчасында виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жасоо;
- виртуалдык активдерге бааларды аныктоо;
- виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жасоонун жыйынтыгы боюнча талаптарды жана тараптардын милдеттенмелерин аныктоо, ошондой эле ошол бүтүмдөрдүн аткарылышын камсыз кылуу;
- виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жасоонун жыйынтыгы боюнча отчеттук документтерди даяроо жана түзүү;
- виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жасоо жана аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды сактоо, иштеп чыгуу жана ачып берүү;
- тооруктун катышуучулары үчүн зарыл болгон башка функцияларды аткаруу;
виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) - лицензияланган жана акционердик коомдун уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү борборлоштурулган же борбордон ажыратылган түрдө жүргүзүүгө түздөн-түз көмөктөшүүчү кызматтарды көрсөтүүчү, виртуалдык активдер менен байланышкан кызмат көрсөтүүнү берүүчү, анын бүтүмдөр жана соода сессиялары жөнүндө маалыматы тооруктун катышуучуларын тоорук өткөрүлүүчү жер жана убакыт, тоорукка жол берилген виртуалдык активдердин тизмеси жана котировкасы, соода сессияларынын жыйынтыгы жөнүндө кабарлоо аркылуу ачыкка чыгарылат;
виртуалдык активдердин тооругунун борборлоштурулган оператору (криптобиржа) - виртуалдык активдер менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү, өз капчыктарында жана смарт-контракттар аркылуу виртуалдык активдерди борборлоштурулган түрдө сактоонун негизинде виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жасоо боюнча өз кызматтарын көрсөтүүнү берүүчү;
виртуалдык активдердин тооругунун борбордон ажыратылган оператору (криптобиржа) - виртуалдык активдер менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү, борбордон ажыратылган финансы чөйрөсүндөгү платформаны колдонуу менен блокчейн тармагынын негизинде виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жасоо боюнча өз кызматтарын көрсөтүүнү берүүчү;
листинг - виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) тарабынан белгиленген атайын критерийлерге ылайык келген виртуалдык активдерди виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) тизмесине киргизүү жол-жобосу.
Башка түшүнүктөр "Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган маанилеринде колдонулат.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун
(криптобиржанын) түзүмдүк бөлүмдөрү
3. Виртуалдык активдердин тооругунун борборлоштурулган операторунун (криптобиржанын) түзүмүндө милдеттүү түрдө төмөнкүдөй функциялык бөлүмдөр болууга тийиш:
- листинг (виртуалдык активдерди, стейблкоиндерди чыгаруучу);
- соода;
- маалыматтык технологиялар жана коопсуздук;
- клиринг жана кардарларды идентификациялоо (КҮС);
- ички контролдоо (комплаенс-контроль).
4. Виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) башка функциялык бөлүмдөргө ээ болууга укуктуу.
4. Виртуалдык активдердин тооругунун операторуна
(криптобиржага) коюлуучу талаптар
5. Эгерде виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) пайдалануучулардын активдерин өзүнүн балансында сактаган учурда, ал виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) финансылык активдерин, электрондук виртуалдык активдерди, виртуалдык активдердин тооругунун операторунда (криптобиржада) турган акча каражаттарын өзүнчө эсепке алууну камсыз кылууга милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Жобону бузууларды аныктоо максаттарын виртуалдык активдердин тооругунун операторуна (криптобиржага) таандык санариптик капчык аркылуу өтүүчү виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү контролдоону камсыз кылууга милдеттүү.
Мындай бузуулар аныкталган учурда виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) аларды токтотуу жана келечекте аларга жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө тийиш.
7. Виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) аныктаган виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Жобону бузуулардын ар бир фактысы жөнүндө маалымат (анын ичинде мындай факт болгондугун ырастоочу) виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) тарабынан аталган факт аныкталган датадан тартып 5 жыл сакталууга тийиш. Ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) тиешелүү суроо-талапты алган датадан тартып беш жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө аталган фактылар жөнүндө маалыматтарды ыйгарым укуктуу органга билдирүүгө милдеттүү.
8. Кылмыштын белгилерин көрсөткөн маалыматтар анкыкталган учурда виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) бул кылмыш жөнүндө билдирүүнү жазуу жүзүндө токтоосуз ыйгарым укуктуу органга жана укук коргоо органдарына жөнөтүүгө милдеттүү.
9. Виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) виртуалдык активдердин тооругунун катышуучуларына программалык-техникалык каражаттарды пайдалануу менен бүтүмдөрдү жасоо жана аткаруу процессинин жүрүшүнө сереп кылуу мүмкүнчүлүктөрүн берүү аркылуу анын соода системасында бүтүмдөрдү жасоо жана аткаруу процессинин ошол процесстин ачыктыгын камсыз кылууга милдеттүү.
10. Виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жасоо жана аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды кармоо, сактоо, иштеп чыгуу жана ачыкка чыгаруу үчүн техникалык базаны, анын ичинен соода базасын камсыз кылууга милдеттүү.
11. Виртуалдык активдердин тооругунун борборлоштурулган операторунун (криптобиржанын) соода системасы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган виртуалдык активдерди жана стейблкиондерди сатуунун эрежелерине ылайык тооруктун катышуучулары тарабынан бүтүмдөрдүн баардык түрлөрүнүн жасалышын камсыз кылууга тийиш.
Виртуалдык активдердин тооругунун борбордон ажыратылган операторунун (криптобиржанын) бирдиктүү башкаруу органы жок, алар автоматтык же жарым автоматтык түрдө башкарылат. Жарым автоматтык түрдө башкарууда виртуалдык активдердин тооругунун борбордон ажыратылган операторунун (криптобиржанын) ишин өнүктүрүү жөнүндө чечимдер тооруктун катышуучулары менен бирге иштеп чыгуучулар тарабынан кабыл алынат.
(Үчүнчү абзацы Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Виртуалдык активдердин тооругунун борбордон ажыратылган операторунун (криптобиржанын) аянтчасында соода кылуу үчүн каттоо кереги жок. Виртуалдык активдердин тооругунун борбордон ажыратылган оператору (криптобиржа) пайдалануучулар жөнүндө эч кандай маалыматтарды албайт жана сактабайт.
Виртуалдык активдердин тооругунун борбордон ажыратылган операторунун (криптобиржанын) аянтчасында соода виртуалдык активдердин капчыгын туташтыруу аркылуу жүргүзүлөт. Виртуалдык активдердин тооругунун борбордон ажыратылган оператору (криптобиржа) каражаттарды сактабайт, ага ылайык алардын сакталышы үчүн жоопкерчиликти тооруктун катышуучулары гана тартат.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) өзүнүн аянтчасында ишти жана тоорукту үзгүлтүксүз жүргүзүүгө мүмкүндүк берген программалык камсыздоосу болууга жана аны ал тескөөгө тийиш.
13. Виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) маалыматтык коопсуздукту (киберкоопсуздукту) камсыз кылуунун тартибин жана иштин үзгүлтүксүздүгүн, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону, виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн жеке маалыматтарын иштеп чыгууну регламенттеген документ түрүндөгү эрежелерди жана жол-жоболорду иштеп чыгууга жана киргизүүгө тийиш.
14. Ыйгарым укуктуу органдын көзөмөлүндөгү виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткарууга милдеттүү.
15. Виртуалдык активдердин тооругунун борборлоштурулган оператору (криптобиржа) виртуалдык активдерди которууларды жөнөтүүчү жана алуучу жөнүндө зарыл болгон жана так маалыматтарды алууга жана сактоого, аталган маалыматты суроо-талап боюнча ыйгарым укуктуу органга жана отчеттуулук (маалыматты ачыкка чыгаруу) тартибинде, ошондой эле виртуалдык активдер маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана тиешелүү макулдашууларда (келишимдерде) каралган учурларда токтоосуз жана корголгон режимде берүүгө, жогоруда аталган маалыматты виртуалдык активдердин тооругунун башка операторлоруна (криптобиржаларга), ошондой эле башка виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөргө же финансы мекемесине жөнөтүүгө/берүүгө милдеттүү.
16. Виртуалдык активдерди алуучу катары чыккан виртуалдык активдердин тооругунун борборлоштурулган операторлору (криптобиржалар) виртуалдык активдерди которууларды жөнөтүүчүлөр жөнүндө маалыматтарды алууга жана сактоого, аталган маалыматты суроо-талап боюнча ыйгарым укуктуу органга жана отчеттуулук (маалыматты ачыкка чыгаруу) тартибинде токтоосуз жана корголгон режимде берүүгө милдеттүү.
17. Виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) акчаларды адалдоо жана терроризмди каржылоо менен байланышкан өзүнүн тобокелдиктерин аныктоо, баалоо, контролдоо боюнча иштерди жүргүзүүгө жана аларды төмөндөтүү боюнча натыйжалуу чараларды көрүүгө милдеттүү.
18. Виртуалдык активдердин тооругунун борбордоштурулган оператору (криптобиржасы) кардар менен мамиле түзүүдө кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү, ошондой эле виртуалдык активдерди жүгүртүү жаатындагы мыйзамдарга ылайык аны идентификациялоого же аралыктан идентификациялоого, ошондой эле идентификациялык маалыматтарын верификациялоого же аралыктан верификациялоого милдеттүү.
Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча талаптарды сактоо максатында (AML жана KYT) кардарлардын виртуалдык активдер менен жүргүзгөн транзакцияларын бардык текшерүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган AML/KYT – кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн маалыматтык системасын (программалык камсыздоосун) колдонуу менен милдеттүү тартипте жүргүзүлүүгө тийиш.
Пайыздык скоринг ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
181. Кардарларга виртуалдык активдерди акча каражаттарына же электрондук акчага сатуу же болбосо бир түрдөгү виртуалдык активдерди башка түрдөгү виртуалдык активдерге алмаштыруу боюнча бүтүмдөрдү түзүүдөн мурда виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) кардарлардын аталган бүтүмдөрдү түзүү үчүн зарыл болгон жетиштүү билим деңгээлине (компетенттүүлүккө) ээ экенин тактоого милдеттүү.
Виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) зарыл болгон билим деңгээли (компетенттүүлүгү) жок экени аныкталган кардарлар менен аталган бүтүмдөрдү түзүүгө укугу жок.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн бүтүмдөрдү түзүү үчүн билим деңгээлин (компетенттүүлүктү) аныктоо виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) тарабынан кардарларга суроолор баракчасын (тестти) толтуруу (чечүү) үчүн берүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
Суроолор баракчасы (тест) жана ага өзгөртүүлөр/толуктоолор ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылууга тийиш.
Ыйгарым укуктуу орган тиешелүү билдирүүнү алгандан кийин алынган суроолор баракчасын (тестти) талдайт жана эгерде сын пикирлер/сунуштар болгон учурда билдирүү катталган учурдан тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде виртуалдык активдердин тооругунун операторуна суроолор баракчасын (тестти) иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндө маалымдайт.
Виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) кардарды виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү түзүүдөгү тобокелдиктер жөнүндө бардык жеткиликтүү жана түшүнүктүү каналдар, анын ичинде платформадагы билдирүүлөрдү жокко чыгарбастан, электрондук каттар, тексттик жана видеоматериалдар аркылуу, ошондой эле каттоо процессинде же биринчи бүтүм түзүүнүн алдында маалымдоого тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыштуу жол менен алынган акчаларды адалдоону, терроризмди каржылоону жана массалык кыргын салуучу куралдарды таркатууну каржылоону болтурбоого багытталган финансылык мониторинг жүргүзүүнүн документтештирилген ички жол-жоболорун жана башка жол-жоболорду иштеп чыгууга жана жүргүзүүгө милдеттүү.
20. Виртуалдык активдердин тооругунун борборлоштурулган оператору (криптобиржа) "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын эске алуу менен жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун документтештирилген эрежесин иштеп чыгууга жана жүргүзүүгө милдеттүү.
21. Виртуалдык активдердин тооругунун борборлоштурулган операторуна (криптобиржага) жасалуучу бүтүмдөр (операциялар) жашыруун мүнөзгө ээ виртуалдык активдер менен операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат.
22. Виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу үчүн акынын өлчөмүн жана аны аныктоонун тартибин, ошондой эле виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) аянтында бааларды манипуляциялоону жана купуя маалыматтарды мыйзамсыз пайдаланууну болтурбоо боюнча чараларды ачык жеткиликтүүлүккө жайгаштырууга милдеттүү. Виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) виртуалдык активдерге болгон суроо-талаптардын жана сунуштардын катышынын негизинде виртуалдык активдерге котировкалоону (блокчейндеги баалуулугу жана ээси бар жазуулардын жыйындылары) жүзөгө ашырат. Виртуалдык активдерди укукка каршы максаттарда пайдаланууга тыюу салынат. Виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) кардарлардын виртуалдык активдери менен операциялар жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле алардын идентификациялык маалыматтарын жана кардарлар менен болгон өз ара мамилелер боюнча маалыматтарды, анын ичинен иштиктүү кат алышууларды беш жыл сактайт.
23. Виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) төмөнкү ички документтерди бекитүүгө жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан менен макулдашууга милдеттүү:
- кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына ылайык келген ички контролдоо программасын, эрежелерди жана жол-жоболорду, ошондой эле көрсөтүлгөн чөйрөдөгү мыйзамдарда каралган башка документтерди;
- кардарларды идентификациялоо тартибин (КҮС);
- виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) техникалык мүнөздөмөсүнүн сыпаттамасын;
- виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) банктар менен өз ара аракеттенүү тартибин;
- виртуалдык активдер менен бүтүмдөр боюнча биржалык сооданын жана клирингдин эрежелерин;
- реалдуу убакыт режиминде жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматтардын берилишин камсыз кылуу үчүн тиешелүү операциялык эрежелердин жана техникалык потенциалдын сыпаттамасын;
- виртуалдык активдердин тооругунун чет өлкөлүк операторлорунда (криптобиржаларда) чыгарылган жана жүгүртүлгөн чет өлкөлүк виртуалдык активдердин листингинин жол-жоболорун камтыган виртуалдык активдердин листингинин эрежелерин.
- кардарлардын билим деңгээлин (компетенттүүлүгүн) аныктоочу суроолор баракчасы (тест).
Виртуалдык активдер менен биржа тооругунун эрежелери виртуалдык активдердин тооругунун операторунун интернет-сайтында жарыяланууга жана тооруктардын бардык катышуучуларына таанышуу үчүн жеткиликтүү болууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Кыргыз Республикасында чыгарылган виртуалдык активдердин листингине минималдуу талаптар:
- ыйгарым укуктуу органда виртуалдык активдерди каттоо жол-жобосунан өтүү;
- бизнес-процесстерди баяндаган документтердин болушу;
- ак кагаздын болушу;
- виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) аккредитацияланган түзүмдөрү же анын тиешелүү бөлүмдөрү тарабынан коопсуздук предметине карата программалык камсыздоонун жана эмитенттин виртуалдык активдеринин аудитинен өтүү;
- терроризмди каржылоого жана акчаларды адалдоого каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарга ылайык эмитенттин бенефициарлары жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгаруу.
Виртуалдык активдердин тооругунун (криптобиржанын) уюштуруучулары ак кагазга кошумча талаптарды белгилөөгө укуктуу.
25. Чет өлкөлүк виртуалдык активдердин листингине минималдуу талаптар:
- 20 кыйла ликвиддүү виртуалдык активдердин тооругунун операторлорунун (криптобиржалардын) жок дегенде экөөсүнүн аянтчаларында листингден өткөн жана сатылуучу;
- виртуалдык актив менен тооруктун суткалык көлөмү 1 миллион АКШ долларына эквиваленттүү суммадан кем эмес;
- виртуалдык активди сатып алууга ачык өтүнмөлөрдүн көлөмү 100000 АКШ долларына эквиваленттүү суммадан кем эмести түзөт;
- ушул Жобонун 25-пунктунун экинчи, үчүнчү жана төртүнчү абзацтарына ылайык виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) расмий сайтында сайттар жана булактар жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгаруу.
251. Виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары Кыргыз Республикасынын резиденттери, ошондой эле резидент эместери болушу мүмкүн болгон кардарлар менен мамилелерди түзүүгө укуктуу.
Виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) менен кардарлардын ортосундагы мамиле келишимдик негизде жана/же ачык офертада түзүлүшү керек.
Кардарлар менен мамилелер түзүлө турган келишимдерде жана/же ачык офертада виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) ушул Жободо, "Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, ошондой эле кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган шарттарды эске алууга милдеттүү.
Кардардын ачык офертаны кабыл алуусу толук жана эч кандай шартсыз болууга тийиш. Эгерде жарандык укук жаатындагы мыйзамдарда башкача каралбаса же ачык офертада көрсөтүлбөсө, ачык офертаны алган кардардын аны акцепт кылуу үчүн белгиленген мөөнөттө анда көрсөтүлгөн келишимдин шарттарын аткаруу боюнча аракеттерди көрүүсү акцепт деп эсептелет.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Акча каражаттарын эсепке алуунун өзгөчөлүктөрү
26. Кардарлардын акча каражаттарын эсепке алуу үчүн виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) акчаларды легалдаштырууну (адалдоого) жана терроризмди каржылоону болтурбоо боюнча талаптарга жооп берген эсептешүү банкында эсептерди ачат.
27. Виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) клирингдин ички системасында кардарлардын акча каражаттарын эсепке алуу үчүн эсептерди ачат жана тейлейт, аларга эсептешүү банкындагы тиешелүү эсепке келип түшүүгө же алдардан алууга жана виртуалдык активдер менен жасалган операцияларга ылайык акча каражаттары эсепке киргизилет же эсептен чыгарылат.
28. Эсептер боюнча акча каражаттарын которуштуруу кардарлардын тапшырмаларынын негизинде жана виртуалдык активдер менен жасалган операциялар боюнча депоненттин милдеттенмелерин аткаруунун натыйжасында жүргүзүлөт. Депоненттердин акча каражаттарын которуу жөнүндө ташырмаларын аткаруу үч банктык күндөн ашык эмес мөөнөттө жүзөгө ашырылууга тийиш.
6. Маалыматтарды сактоонун жана коргоонун тартиби
29. Виртуалдык активдердин тооругунун борборлоштурулган оператору (криптобиржа) төмөнкүлөргө милдеттүү:
- виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) аркылуу жасалган виртуалдык активдер менен ар бир бүтүмдөр жөнүндө маалыматтардын сакталышын камсыз кылууга;
- кардарлар тарабынан суроолор баракчасын (тестти) толтуруунун (өтүүнүн) натыйжалары жөнүндө маалыматты беш жылдан кем эмес мөөнөттө сактоону камсыз кылууга;
- ар бир календардык күн аяктагандан кийин кардарлар тарабынан виртуалдык активдер менен жасалган бүтүмдөр (операциялар) жөнүндө бардык маалыматтарды резервдик көчүрүүгө;
- өтүнмөлөрдү (анын ичинен виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) электрондук системасына жайгаштырылган тосмо өтүнүмөлөр болгондо) аткаруу мүмкүндүгү болгон учурда ушул Жобонун талаптарына ылайык виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү (операцияларды) жасоого берген кардарлардын өтүнүнмөлөрүнүн аткарылышын камсыз кылууга;
- виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) кызматкерлеринин жана виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) иштерин жүзөгө ашырууга түздөн-түз жарандык-укуктук келишимдер боюнча тартылган адамдардын виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ички ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону билүүсүн камсыздоо боюнча чараларды көрүүгө;
- кардар тарабынан виртуалдык активдердин тооругунун операторунда (криптобиржада) турган активдерди кардарга кайтаруу жөнүндө өз тескемелеринин, ошондой эле зарыл болгон учурда башка тескемелерди жана кардардын башка иш-аракеттеринин (кардардын анын көчмө электрондук сотка байланышынын абоненттик номерине жиберилген кодду пайдалануу аркылуу) виртуалдык активдердин тооругунун операторуна (криптобиржага) ырасталышын камсыз кылууга;
- виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) маалыматтык базасын катачылыктардан жана санкцияланбаган жетүүлөрдөн коргоону камсыз кылууга, анын ичинен төмөнкүлөрдү кошкондо:
1) виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) маалыматтык базасына жетүүнүн тартибин, анын ичинде виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) маалыматтык базасына санкцияланбаган жетүүгө чектөөлөрдү белгилөөнү;
2) виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) маалыматтык базасына жетүүнү чектеген паролдорду жана башка каражаттарды пайдаланууларды;
3) виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) жана тооруктарга катышуучулар тарабынан виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) соода системасынын ишиндеги бузулууларды жана катачылыктарды болтурбоого көрүлгөн чаралардын баяндалышын;
4) маалыматтардын сакталышын камсыз кылган системалардын, ошондой эле виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржаны) кайталоочу системаларнын сыпатталышын.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун
(криптобиржанын) уюштуруучуларына/акционерлерине жана
кызмат адамдарына коюлуучу талаптар
30. Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) уюштуруучулары/акционерлери, бенефициардык менчик ээлери жана кызмат адамдары төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш:
- жоюлбаган же алынбаган соттуулугу болбоого тийиш, анын ичинде башка мамлекеттерде;
- виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) кызмат адамынын кызмат ордуна дайындалганга чейин бир жыл финансылык рыноктогу иш менен байланышкан укук бузууларды жасоо үчүн административдик жоопкерчиликке тартылбаган;
- мурда банкрот деп таанылган же директорлор кеңешинин, аткаруу органынын жана контролдоо-ревизиялык органынын мүчөсү (төрагасы) кызмат орунунда турган мезгилде консервацияга, санацияга же мажбурлап жоюуга туш болгон уюмдун жетектөөчү кызматкери болбогон. Бул шарт көрсөтүлгөн окуялардын бири келип чыкканга чейинки бир жылдан ашык эмес мындай уюмдун жетектөөчү кызматкери болгон адамга карата колдонулат жана ал келип чыккандан кийин 3 жыл колдонулат;
- оффшордук зонада туруктуу жашабайт (жеке жак үчүн), оффшордук зонада катталган резидент болуп саналбайт (юридикалык жак үчүн);
- оффшордук зонада жайгашкан банктарда эсептери жок (жеке жана юридикалык жак үчүн);
- акционер/катышуучу/уюштуруучу оффшордук зонада туруктуу жашабаган жеке жак (юридикалык жак) болуп саналат;
кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталган санкциялык тизмеге кирбеген;
- терроризмге жана экстремизмге, баңгизаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, массалык кыргын салуучу куралдарды таркатууга каршы күрөшүүчү мамлекеттик органдар жана Кыргыз Республикасынын башка компетенттүү органдары берген маалыматтардын негизинде терс маалыматтар болбогон, ошондой эле чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын компетенттүү органдарынын расмий каналдары боюнча алынган терс маалыматтар болбогон (жеке жана юридикалык жак үчүн );
- саясий партиялар, кесиптик бирликтер жана диний уюмдар болбогон;
- өзүнүн финансылык милдеттенмелерин төлөө боюнча аткарылбаган соттук чечимдер болбогон.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
301. Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун кызмат адамдары ыйгарым укуктуу орган менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш.
Талапкерлиги макулдашылууга тийиш болгон виртуалдык активдердин тооругунун операторунун кызмат адамдары болуп төмөнкүлөр саналат:
– директорлор кеңешинин жетекчиси жана мүчөлөрү (бар болсо);
– аткаруу органынын жетекчиси (аткаруу органынын функцияларын жалгыз аткаруучу адам) жана мүчөлөрү;
– башкы бухгалтер же жалгыз бухгалтер;
– тобокелдик жана комплаенс боюнча ыйгарым укуктуу кызматкер же директор.
Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун кызмат адамы өзүнүн кызмат ордун ал дайындалган (шайланган) күндөн тартып 45 (кырк беш) календардык күндөн ашык эмес макулдашпастан ээлөөгө укуктуу.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин жана макулдашууга документтердин толук пакети берилбеген же макулдашуудан баш тартылган учурларда виртуалдык активдердин тооругунун оператору бул адам менен эмгек келишимин бузууга же болбосо эмгек келишими жок болгон учурда бул кызмат адамынын ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун кызмат адамынын милдеттерин ушул пунктта белгиленген мөөнөттөн ашык макулдашуусуз аткарууга (убактылуу жок адамды алмаштырууга) тыюу салынат.
Кызмат адамын макулдашуу үчүн виртуалдык активдердин тооругунун оператору ыйгарым укуктуу органга төмөнкү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркөө менен ар бир талапкерди макулдашуу (өзүнчө) жөнүндө катты берүүгө тийиш:
– талапкерди шайлоо/дайындоо жөнүндө чечимдин;
– талапкердин ким экендигин күбөлөндүргөн документтин;
– соттуулугунун жоктугу тууралуу маалымкаттын түп нускасын;
– ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык белгиленген форма боюнча талапкердин анкетасынын түп нускасын.
Эгерде кызмат адамынын талапкерлигин макулдашуу үчүн документтер "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасында бар болсо, анда аларды ыйгарым укуктуу органга берүү талап кылынбайт.
Макулдашуу жол-жобосунан өткөн кызмат адамдарынын курамы өзгөргөндө виртуалдык активдердин тооругунун оператору жаңы кызмат адамы шайланган (дайындалган) күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга өзгөрүүлөр жөнүндө кабарламаны берүүгө милдеттүү. Жаңы талапкерди макулдашуу жөнүндө кат жогоруда саналган документтерди тиркөө менен шайланган (дайындалган) учурдан тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга берилет.
Анкетанын пункттарында камтылган маалыматтар өзгөргөндө макулдашуудан өткөн кызмат адамдары өзгөрүүлөрдөн кийин 10 (он) жумуш күндүн ичинде бул тууралуу ыйгарым укуктуу органга кабарлоого (жазуу жүзүндө) милдеттүү.
Кызмат адамын макулдашууга документтер мамлекеттик же расмий тилдерде берилет.
Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун кызмат адамдарын дайындоого (шайлоого) макулдук берүү үчүн берилген документтер ушул Жобонун талаптарына ылайык документтердин толук топтому берилген датадан тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун кызмат адамдарын дайындоого (шайлоого) макулдук берүүдөн төмөнкү негиздер боюнча баш тартылат:
– кызмат адамдарынын ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келбөөсү;
– виртуалдык активдердин тооругунун оператору тарабынан сын пикирлердин четтетилбеши же виртуалдык активдердин тооругунун операторунун сын пикирлерди эске алуу менен жеткире иштелип чыккан документтердин ушул пунктта белгиленген документтерди кароо мөөнөтү өткөндөн кийин берилиши;
– документтерди ушул пунктта белгиленген, кызмат адамы өз кызмат ордун макулдашуусуз ээлей ала турган мөөнөт өткөндөн кийин берүүсү.
Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун кызмат адамын дайындоого (шайлоого) берилген макулдук төмөнкү негиздер боюнча чакыртып алынат:
– анык эмес маалыматтар аныкталса, алардын негизинде макулдук берилсе;
– ыйгарым укуктуу орган тарабынан виртуалдык активдердин тооругунун кызмат адамына жана/же операторуна таасир этүү чаралары системалуу түрдө (акыркы 12 календардык айдын ичинде 3 жана андан ашык жолу) колдонулса, мында аталган кызмат адамы тиешелүү кызмат ордун ээлесе (акыркы 12 календардык айдын ичинде ээлесе);
– жоюлбаган соттуулугу болсо.
Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун кызмат адамын дайындоого (шайлоого) макулдук чакыртып алынган учурда виртуалдык активдердин тооругунун оператору ошол адам менен чакыртып алууну алган күндөн тартып 14 (он төрт) календардык күндөн кечиктирбестен эмгек келишимин бузууга милдеттүү. Эгерде эмгек келишими жок болсо, виртуалдык активдердин тооругунун оператору ошол кызмат адамынын ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча чараларды көрүүгө тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Директорлор кеңешинин жана коллегиалдуу аткаруу органынын, ошондой эле жеке аткаруу органынын курамынын үчтөн бири Кыргыз Республикасынын резиденттеринен ичинен шайланат.
8. Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун
(криптобиржанын) бүтүмдөрү жана кызмат көрсөтүүлөрү
32. Виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) төмөнкүлөргө укуктуу:
- ушул Жобого жана виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) ички документтерине ылайык виртуалдык активдерди жайгаштырууга багытталган бүтүмдөрдү уюштурууга;
- виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) бүтүмдүн тарабы (сатуучу) катары чыккан өзүнүн виртуалдык активдерин жайгаштырууга багытталган бүтүмдөрдү жасоого.
33. Виртуалдык активдерди жайгаштырууга багытталган бүтүмдөрдү жасаган виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) жайгаштырылуучу виртуалдык активдерди виртуалдык активдердин эмитентинин кызыкчылыктарында (бүтүмдөрдүн тарабы (сатуучу) катары) сатат.
Мындай бүтүмдөрдү виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) катышуучу тараптардын ортосунда түзүлгөн тиешелүү келишимдердин негизинде жасоого тийиш.
34. 32 жана 33-пункттарда көрсөтүлгөн бүтүмдөр ушул Жобого жана виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) ички документтерине ылайык уюштурулат (жасалат).
35. Виртуалдык активдердин тооругунун чет өлкөлүк операторунун (криптобиржанын) листингине киргизилген, виртуалдык активдердин тооругунун чет өлкөлүк операторунда (криптобиржада), чыгарылган жана жүгүртүлгөн чет өлкөлүк виртуалдык активдерден тышкары, ыйгарым укуктуу органда виртуалдык активдердин чыгарылышы мамлекеттик каттоодон өтпөгөн виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү Кыргыз Республикасынын аймагында, анын ичинде виртуалдык активдердин тооругунун операторунда (криптобиржада) жасоого тыюу салынат.
Кыргыз Республикасынын резиденттери – жеке жана юридикалык жактарга виртуалдык активдердин тооругунун лицензияланбаган операторлору аркылуу виртуалдык активдер менен операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Эмитенттери тарабынан чыгарылган жана Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жүгүртүлүүчү, анын ичинде виртуалдык активдердин тооругунун чет өлкөлүк операторунда (криптобиржада) жүгүртүлүүчү чет өлкөлүк виртуалдык активдер виртуалдык активдердин тооругунун операторунда (криптобиржада) чет өлкөлүк виртуалдык активдер үчүн листинг жол-жобосунан өткөндөн кийин, виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүлүшү мүмкүн.
37. Жайгаштырылуучу биржалык активдердин эмитенти ушул Жобого жана виртуалдык активдерди түзүү жана жайгаштыруу менен байланышкан кызматтарды көрсөтүүнүн тартибин аныктаган виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) ички документтерине ылайык ага карата коюлуучу талаптарга, анын ичинде виртуалдык активдердин эмитентинин ишинин маалыматтык коопсуздугуна (киберкоопсуздугуна) коюлган талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
38. Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) эмитентинин жетекчиси бекиткен, виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) ички документтеринде анын мазмунуна коюлган талаптарга ылайык келген "Ак кагаз" документтери виртуалдык активдердин тооругунун операторуна (криптобиржага) берилүүгө тийиш.
39. Негизинде алар менен жасалган бүтүмдөрдүн толук жашырындуулук принциби жаткан виртуалдык активдердин тооругунун операторунда (криптобиржада) виртуалдык активдерди жайгаштырууга жол берилбейт.
391. Виртуалдык активдердин тооругунун операторлоруна (криптобиржаларга) төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) купуялуулугу жогору болгон виртуалдык активдердин капчыктарын (Private Wallets) ишинде пайдаланууга, эгерде мындай капчыктардын ээлери/кармоочулары идентификацияланбаса;
2) ишинде уникалдуу мүнөздөмөлөрү менен токендерди (NFT) пайдаланууга;
3) чет өлкөлүк финансы мекемелери тарабынан чыгарылган алдын ала төлөнгөн карталарды ишинде пайдаланууга;
4) виртуалдык активдерди которууларды жүзөгө ашырууга жана онлайн-казинолордун жана виртуалдык казинолордун ишине байланышкан виртуалдык активдер менен операцияларды жүргүзүүгө;
5) пайыздык скорингдин натыйжасында аныкталган тобокелдиктердин жогорку деңгээлине ээ виртуалдык активдер, виртуалдык активдердин капчыктары менен операцияларды жүргүзүүгө.
Пайдаланууга тыюу салынган виртуалдык активдердин тизмелери ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат жана ыйгарым укуктуу органдын интернет-сайтында жарыяланат. Акыркысынын суроо-талабы боюнча жана мындай виртуалдык активдердин кармоочуларын идентификациялоонун деталдуу процесси жана мындай виртуалдык активдер менен байланышкан операцияларды контролдоо/мониторинг жүргүзүү системасы берилген шартта виртуалдык активдердин тооругунун айрым операторлоруна өзгөчөлүктөр жактырылышы мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Виртуалдык активдердин ортосунда алмашуу кызмат
көрсөтүүлөрү
40. Виртуалдык активдердин ортосунда алмашуу кызмат көрсөтүүлөрү болуп виртуалдык активдердин бир же бир нече түрлөрүн (формаларын) виртуалдык активдердин башка түрлөрүнө алмаштыруу таанылат.
41. Виртуалдык активдердин рыногунун катышуучулары өздөрүнүн кызыкчылыгында жүзөгө ашырган алмашуу боюнча иш виртуалдык активдердин ортосундагы алмашуу кызмат көрсөтүүлөрү болуп эсептелбейт.
10. Виртуалдык активдерди которуу кызмат көрсөтүүлөрү
42. Виртуалдык активдерди которуу кызмат көрсөтүүлөрү болуп кардардын атынан жана анын кызыкчылыгында виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) өзү же виртуалдык активдердин башка кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү (анын ичинде виртуалдык активдердин тооругунун башка оператору (криптобиржа) аркылуу виртуалдык активдерди которуу (жылдыруу) таанылат. Виртуалдык активдерди которуунун (жылдыруунун) бардык процесстерин контролдоо боюнча техникалык мүмкүнчүлүктөр виртуалдык активдердин тооругунун операторунда (криптобиржада) жок болгон учурда, мындай иш виртуалдык активдерди которуу (жылдыруу) боюнча кызмат көрсөтүү иши деп таанылбайт.
43. Эгерде которуу кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү виртуалдык активдерди которуунун жүзөгө ашырылышына тике таасир тийгизе албаса, чечим кабыл ала албаса жана контролдоп албаса, которуу процессин же процесстин бөлүгүн камсыз кылууга байланышкан коштоочу ар кандай иш виртуалдык активдерди которуу кызмат көрсөтүүсү катары таанылбайт.
11. Купуя маалыматты укуксуз пайдаланууну болтурбоого
багытталган чаралардын тизмеги
44. Купуя маалыматты укуксуз пайдаланууну болтурбоого багытталган чаралардын тизмеги төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- купуя болуп саналган маалыматты виртуалдык активдердин тооругунун операторунун кызматкерлери жана кызмат адамдары тарабынан укуксуз пайдаланууга же үчүнчү жактарга берүүгө тыюу салуунун аткарылышын контролдоо системаларынын сыпаттамасын;
- виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа), виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) кызмат адамдары жана кызматкерлери аркылуу тооруктардын жүрүшү жөнүндө учурдагы маалыматтарга жетүүнүн тартибин;
- купуя маалыматты укуксуз пайдаланууга алып келген аракеттер үчүн виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин жоопкерчилик чараларын.
45. Виртуалдык активдердин тооругунун борборлошкон операторунун (криптобиржанын) жана ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары купуя маалыматты пайдаланууга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактоого милдеттүү.
46. Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) кызмат адамдары жана жумушчулары тооруктардын катышуучулары, алар жасаган бүтүмдөр жана башка купуя маалыматтарды жеке максатта пайдаланууга жана(же) ыйгарым укугу жок башка адамдарга, ыйгарым укуктуу органды кошпогондо, берүүгө укугу жок.
47. Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) жарнамасында жана сайтында виртуалдык активдерди сатып алган адамдар туш болуучу тобокелдиктер жөнүндө эскертүү жайгаштырылышы керек, анда виртуалдык активдер төлөм каражаттары болуп эсептелбегени, мамлекет тарабынан камсыз кылынбастыгы жана виртуалдык активдерди сатып алуу акча каражаттарын, виртуалдык активдерге алмаштырып берилген жарандык укуктардын башка обьекттерин толук жоготууга алып келиши мүмкүн экендиги жөнүндө көрсөтүлөт.
12. Уставдык капитал
48. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-июлундагы № 516 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
49. Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) капиталынын негизин толук төлөнгөн уставдык капитал түзөт. Капиталдын курамына виртуалдык активдердин кызматтарын көрсөткөн юридикалык жактын каражаттарды кайтарып берүү боюнча милдеттенмеси жок уставдык капиталы гана кирет.
50. Уставдык капиталдын өлчөмүн өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) чечим кабыл алынган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күн ичинде ыйгарым укуктуу органга юридикалык жактын башкаруу органынын тиешелүү чечиминин мыйзамда белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн (же мындай чечимдин түп нускасынан көчүрүп жазылганын) берүүгө тийиш.
13. Лицензиялоонун тартиби
51. Виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) тарабынан жүзөгө ашырылуучу виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү катары ишти жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн юридикалык жак ыйгарым укуктуу органга төмөнкү документтерди/маалыматтарды бир нускада, мамлекеттик же расмий тилдерде берет:
1) юридикалык жактын жетекчисинин мөөрү жана колу менен ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн лицензияны берүү жөнүндө арызды;
2) юридикалык жактын уюштуруу документтеринин (уставдын жана уюштуруу келишиминин (бирден ашык уюштуруучу болсо) нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн; юридикалык жакты түзүү жөнүндө, уставдык капиталдын өлчөмү жөнүндө, директорлор кеңешин (бар болсо) жана башкаруунун аткаруу органдарын шайлоо жөнүндө чечимдерди;
3) акционерлер/уюштуруучулар – жеке жактар жана юридикалык жактын бенефициардык ээлери боюнча документтерди/маалыматтарды (юридикалык жактын акыркы бенефициардык ээлерин аныктоого мүмкүндүк берген юридикалык жактын менчик түзүмүнүн схемалык сүрөтү; юридикалык жактын капиталындагы акциялардын беш жана андан ашык пайызынын ээлери жөнүндө, мындай адамдардын идентификациялык маалыматтарын, ар бир мындай акционер ээ болгон капиталындагы акциялардын санын жана пайызын камтыган мааылматты; паспортунун көчүрмөсүн (резидент үчүн ID-паспорттун көчүрмөсү, резидент эместер үчүн – чет мамлекеттин жаранынын паспортунун көчүрмөсүн); документтер берилген датага карата Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган форма боюнча салыктарды төлөө боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкатты жана/же кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсүн (резидент эмес – жеке жак үчүн өз өлкөсүнүн мыйзамдарына ылайык ушундай эле документтерди берүү зарыл); соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалымкатты);
4) юридикалык жактын кызмат адамдарынын документтерин (паспортунун көчүрмөсүн (резидент үчүн ID-паспорттун көчүрмөсү, резидент эместер үчүн – чет мамлекеттин жаранынын паспортунун көчүрмөсүн); документтер берилген датага карата Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган форма боюнча салыктарды төлөө боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкатты жана/же кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсүн (резидент эмес – жеке жак үчүн келген өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ушундай эле документтерди берүү зарыл); соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалымкатты; билимин, алган дипломдорун, ал өткөн тиешелүү кесиптик даярдоо курстарын, кесиптик тажрыйбасын, анын ичинде, атап айтканда ал иштеген бардык уюмдардын аталышын, ээлеген кызмат орундарынын мүнөзүн жана узактыгын, ишкердик беделин көрсөтүү менен актуалдуу өмүр баянын);
5) ушул Жобонун 2 жана 3-тиркемелерине ылайык форма боюнча акционерлер/уюштуруучулар, кызмат адамдары жана юридикалык жактын бенефициардык ээлери тарабынан толтурулган жана кол коюлган анкеталар же болбосо кийин түп нускасын берүү менен толтурулган анкеталардын сканерленген көчүрмөлөрүн;
6) юридикалык жактын корпоративдик башкаруу жана менеджмент менен байланышкан, ички башкаруу саясатын; ички контролдоо саясатын; уюштуруучулук/функциялык схемасын; тобокелдиктерди башкаруу саясатын; тобокелдиктердин жалпы матрицасын; ички саясаттардын/жол-жоболордун реестрин; штаттан тышкаркы кырдаалдар келип чыккан учурдагы иш-аракеттердин тартибин; окутуу боюнча колдонмо жана материалдарды; бүтүмдөрдү түзүүдө виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) катышуучуларынын өз ара эсептешүүлөрүнүн тартибин; агенттер аркылуу өтүүчү акча каражаттарынын кыймылынын тартибин; кардарларды террористтик жана экстремисттик ишке же массалык жок кылуучу куралды таратууга катышы бар адамдардын эл аралык жана улуттук тизмелери боюнча текшерүү боюнча жөнөтүүчүлөрдүн жана алуучулардын маалымдамаларын башкаруу боюнча механизмдердин деталдуу сыпаттамасын; чет өлкөлүк виртуалдык активдердин тооругунун операторлорунда (криптобиржа) чыгарылган жана жүгүртүлгөн чет өлкөлүк виртуалдык активдердин листингинин жол-жоболорун камтыган виртуалдык активдердин листингинин эрежелерин сыпаттаган ички документтеринин/саясаттарынын/жол-жоболорунун көчүрмөлөрүн (документтер көктөлүүгө, номерленүүгө, юридикалык жактын жетекчисинин мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш);
7) операциялык иш-аракеттердин программасын/планын;
8) виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды көрсөтүүдө кеминде максаттардын аныктамасын, кеминде 3 (үч) жылга бул кызматтарды көрсөтүүдөн күтүлгөн экономикалык натыйжалардын болжолдуу эсептөөлөрүн камтыган бизнес-планды (техникалык-экономикалык негиздеме);
9) юридикалык жак тарабынан көрсөтүлүүчү ар бир кызмат көрсөтүү үчүн блок-схеманы (кардарларга/пайдалануучуларга конкреттүү кызматты көрсөтүүдө пайда болуучу кадамдардын/процесстердин ырааттуулугун визуалдаштыруучу схема);
10) иштин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу саясатын жана планын;
11) виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды көрсөтүү үчүн кардарлардын жана өзүнүн агенттеринен түшкөн акча каражаттарын сактоо жана пайдалануу үчүн банкта алыш-бериш эсебин, ошондой эле юридикалык жактын чарбалык иши үчүн өзүнчө эсеп ачууга келишиминин көчүрмөсүн;
12) ушул Жобого ылайык уставдык капитал катары акча каражаттарын салууну ырастоочу документти;
13) акыркы отчеттук датага карата салык органдарына берилген, юридикалык жактын жетекчисинин мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлгөн финансылык отчетту;
14) юридикалык жактын ресурстары жөнүндө маалыматтарды/документтерди (пландалган ишке бөлүнгөн кадрдык жана техникалык ресурстардын сыпаттамасы; иштин ар бир түрү боюнча кадрдык жана техникалык болжол; серверлерде жайгаштырылган платформаны орнотуу жана өндүрүштүк эксплуатациялоого киргизүү актысы, алардын бири (негизги сервер) Кыргыз Республикасынын аймагында, ал эми экинчиси (запастык сервер) программалык камсыздоону жана кибер чабууладардан коргоо максатында – чет мамлекеттин аймагында болууга тийиш);
15) юридикалык жактын кылмыш ишин каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү системасы боюнча документтерин/маалыматтарын (кылмыш ишин каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча колдонмо; кардарларды талаптагыдай сактык, идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболору; кылмыш ишин каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүнүн алкагында кардарларды кабыл алуу саясаты; кылмыш ишин каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүнүн алкагында кардарга жана транзакцияларга мониторинг жүргүзүү жол-жоболору; кылмыш ишин каржылоого жана легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатында окутуу боюнча колдонмо; кылмыш ишин каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатында кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр менен макулдашуу; кылмыш ишин каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдигинин матрицасы; кылмыш ишин каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланышкан тобокелдиктерди баалоо үчүн инструменттердин функциялык мүмкүнчүлүктөрү; инструменттерде ишке ашырылган кылмыш ишин каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү сценарийи; кылмыш ишин каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө эскертүүлөрдүн көлөмү жана тобокелдиктер деңгээли боюнча классификацияланган кардарлардын саны);
16) юридикалык жактын киберкоопсуздук жана маалыматтык технологиялар саясаты боюнча документтерин (маалыматтык коопсуздукту (киберкоопсуздукту) камсыз кылуунун тартибин регламенттөөчү жол-жоболор – коопсуздукту уюштуруунун сыпаттамасы; маалыматтарды иштеп чыгуу саясаты (ички жана тышкы); киберкоопсуздук саясаты; кибертобокелдиктерди баалоо жана каттоо жол-жоболору; криптокапчыктардын ачкычтарын башкаруу жол-жоболору; кардарлардын жеке маалыматтарын иштеп чыгуу тартиби);
17) юридикалык жактын кардарларынын маалыматтарын/ документтерин (жалпы жоболор жана шарттар; доо ишин жүргүзүү тартиби; кардарлардын/инвесторлордун укуктарын коргоо саясаты; кардарлар үчүн баа саясаты; кардарларга акча каражаттарын кайтаруунун тартиби);
18) эгерде юридикалык жактын атынан ишеним кат боюнча өкүл иш алып барса, уюштуруу документтерине ылайык жетекчи же башка ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлган, мөөрдүн оттиски менен лицензия алууга өкүлгө берилген ишеним катты;
19) юридикалык жактын ишкердик бедели жөнүндө маалыматтарды;
20) лицензия үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документти;
21) ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган AML/KYT-кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсүн.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
52. Виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) жүзөгө ашырган виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү катары ишти жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн берилген документтерди кароонун мөөнөтү 30 (отуз) календардык күндү түзөт.
53. Лицензия алуу үчүн документтердин пакетин кароо мезгилинде ыйгарым укуктуу орган алдын ала текшерүүнү жүргүзүүгө укуктуу. Алдын ала текшерүү автоматташтырылган системанын ишке жөндөмдүүлүгүн жана юридикалык жак берген документтердин ушул Жобонун талаптарына ылайык келишин текшерүүнү камтыйт. Юридикалык жак алдын ала текшерүүнү жүргүзүүгө көмөктөшүүгө милдеттүү (жайларга, системага жана документтерге жетүүгө, кызматкерлерге консультация берүүгө ж.б.). Алдын ала текшерүүнүн мөөнөтү 10 (он) жумуш күндөн ашпоого тийиш, алар ушул Жобонун 52-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөткө кошулат.
54. Эгерде документтер ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келбесе жана/же документтердин толук эмес пакети берилген учурда арыз ээси ыйгарым укуктуу органдын жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күндүн ичинде кошумча документтерди берүүгө тийиш. Мында ыйгарым укуктуу орган баш тартуунун конкреттүү себептерин жана юридикалык жак аталган себептерди четтетип, кайра кароо үчүн документтерди берүүгө жетиштүү болгон мөөнөттү көрсөтүүгө милдеттүү.
Документтерди электрондук почта боюнча, кийин түп нускаларын берүү менен жөнөтсө болот. Мында ыйгарым укуктуу орган тарабынан арызды жана документтерди кароо мөөнөтү ушул Жобонун 52-пунктунда көрсөтүлгөн жалпы мөөнөттүн чегинде эсептелет.
55. Лицензияны берүүдөн баш тартуунун негиздери болуп төмөнкүлөр саналат:
- юридикалык жак тарабынан талаптагыдай эмес таризделген документтерди берүүсү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келбеген документтерди, же 3 (үчтөн) кем эмес жолу толук эмес көлөмдө, же белгиленген мөөнөттөрдү бузуу менен берсе;
- юридикалык жак берген документтерде анык эмес жана бурмалаган маалыматтар болсо;
- юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келбесе;
- ушул иштин түрү менен арыз ээсинин иштешине тыюу салган соттун чечими болсо;
- алдын ала текшерүүнүн жыйынтыктары автоматташтырылган системанын ишке жөндөмсүздүгүн ырастаса жана/же виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын жана ушул Жобонун талаптарына арыз ээсинин документтери шайкеш келбесе;
- лицензия берүү үчүн мамлекеттик алымдарды бербесе.
Башка негиздер боюнча, анын ичинде лицензияны берүү максатка ылайыктуу эмес деген жүйө боюнча лицензияны берүүдөн баш тартууга жол берилбейт.
56. Юридикалык жак лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечимин, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын аракеттерине (аракетсиздигине) "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
57. Документтерди кароодон расмий баш тарткан күндөн тартып 6 (алты) ай өткөндөн кийин лицензияны алууга арызды жана документтерди кайта берүүгө жол берилет.
Лицензия алуу үчүн арызды жана документтерди кайталап берүүгө документтерди биринчи кароодо ыйгарым укуктуу орган көрсөткөн кемчиликтер жана эскертүүлөр четтетилген учурда гана жол берилет. Документтерди биринчи кароодо ыйгарым укуктуу орган берген эскертүүлөр четтетилбеген учурда, ыйгарым укуктуу органга документтер келип түшкөн күндөн тартып 15 жумуш күндүн ичинде документтерди толуктап иштеп чыгууга жөнөтпөстөн, ыйгарым укуктуу орган документтерди кароодон баш тартууга укуктуу. Юридикалык жактын арызын кайта кароодо, лицензияны берүүдөн баш тартуу жөнүндө билдирүүдө мурда көрсөтүлбөгөн, жаңы негиздер боюнча лицензия берүүдөн баш тартууга жол берилбейт.
58. Виртуалдык активдердин тооругунун операторлору (криптобиржалар) лицензия алуу үчүн ыйгарым укуктуу органга берилген маалыматтардын ишенимдүүлүгү үчүн, ошондой эле маалыматтардын өзгөрүлүшү жөнүндө ыйгарым укуктуу органга өз убагында билдирүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат.
59. Лицензияны берүү же берүүдөн баш тартуу тууралуу чечимди кабыл алуу жөнүндө арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирүү менен лицензияны берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү актысы менен таризделет.
60. Виртуалдык активдердин тооругунун операторуна (криптобиржага) берген виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия юридикалык жак лицензияны берүү үчүн мамлекеттик алымды төлөгөндүгүн ырастаган документти бергенден кийинки үч күндүк мөөнөттө таризделет. Эгерде юридикалык жак лицензияны берүү жөнүндө чечимди кабыл алуу тууралуу билдирүүнү алган учурдан тартып үч айдын ичинде лицензияны берүү үчүн мамлекеттик алымды төлөгөндүгүн ырастаган документти ыйгарым укуктуу органга бербесе, ыйгарым укуктуу орган лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алат.
61. Арыз ээсинин ыйгарым укуктуу адамына лицензия берүү ишеним катты жана анын ким экенин күбөлөндүргөн документтерди, ошондой эле лицензияны берүү үчүн мамлекеттик алымды төлөгөндүгүн ырастаган документти бергенде жүзөгө ашырылат. Ыйгарым укуктуу адамдан лицензияны алуу үчүн берилген ишеним кат ыйгарым укуктуу органда сакталат.
62. Юридикалык жак мыйзамда белгиленген тартипте кайра катталган учурда юридикалык жак же анын укук улантуучусу көрсөтүлгөн маалыматтарды ырастаган тиешелүү документтерди тиркөө менен лицензияны кайра тариздөө жөнүндө арызды ыйгарым укуктуу органга кайра каттоодон өткөндөн кийин бир айлык мөөнөттө берүүгө милдеттүү.
63. Лицензияны кайра тариздөөгө чейин виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) мурда берилген лицензиянын негизинде анда көрсөтүлгөн ишти жүзөгө ашыра берет. Лицензияны кайра тариздөө тиешелүү документтерди тиркөө менен лицензияны кайра тариздөө жөнүндө арызды алган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
64. Жоголгон же жараксыз болгон лицензиянын ордуна ыйгарым укуктуу орган виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) арызы боюнча аны алган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде анын дубликатын берет.
65. Лицензияны берүү, кайра тариздөө, дубликатын берүү, токтотуу, жокко чыгаруу жана чакырып алуу жөнүндө маалыматтар Виртуалдык активдердин тооругунун операторлорунун (криптобиржалардын) реестрине киргизилет, аны ыйгарым укуктуу орган жүргүзөт.
66. Ыйгарым укуктуу орган берген лицензияны колдонуу төмөнкү учурларда токтотулат:
- юридикалык жак жоюлганда;
- виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) лицензиясы чакыртылып алынганда;
- иштин лицензиялануучу түрүн жүзөгө ашыруу ыктыярдуу токтотулганда;
- лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
- лицензиялануучу иштин түрлөрүнүн тизмегинен айрым иштер алып салынганда;
- лицензия берилген күндөн тартып 12 айдан ашуун виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү катары ишти жүргүзбөгөндө.
67. Юридикалык жактын ишин жоюу/ыктыярдуу токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда юридикалык жак чечим кабыл алган күндөн тартып 15 жумуш күндүн ичинде ишти токтотуу жөнүндө арызды жана лицензиянын түп нускасын ыйгарым укуктуу органга себептерин көрсөтүү менен жана юридикалык жактын башкаруу органынын тиешелүү чечимдеринин көчүрмөсүн тиркөө менен берүүгө тийиш.
68. Лицензия чакыртып алынган учурда виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ыйгарым укуктуу орган белгилеген мөөнөттө виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) катышуучуларынын алдында төлөмдөрдү бүткөрүүгө жана иштин лицензиялануучу түрүн дароо токтотууга;
2) лицензияны чакырып алуу жөнүндө билдирүүнү алган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде лицензияны ыйгарым укуктуу органга тапшырууга.
Ыйгарым укуктуу орган лицензияны колдонууну токтотуу жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарында жана өзүнүн расмий сайтында жарыялайт.
14. Виртуалдык активдердин тооругунун операторлорунун (криптобиржалардын) реестри
69. Виртуалдык активдердин тооругунун операторлорунун (криптобиржалардын) реестри маалыматтардын электрондук базасы болуп саналат, ага виртуалдык активдердин тооругунун операторлорунун (криптобиржалардын) ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө функцияларын аткаруу үчүн керектүү маалыматты ыйгарым укуктуу орган киргизет.
70. Виртуалдык активдердин тооругунун операторлорунун (криптобиржалардын) реестри ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш, анда камтылган маалыматтар кызыкдар болгон жактардын таанышуусу үчүн ачык жана жеткиликтүү болуп саналат, "Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтарды кошпогондо.
71. Виртуалдык активдердин тооругунун операторлорунун (криптобиржалардын) реестри төмөнкүдөй негизги маалыматтарды камтууга тийиш:
- ыйгарым укуктуу органдын толук аталышын жана дарегин;
- виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) жөнүндө маалыматтарды (толук жана кыскартылган аталышы, уюштуруу-укуктук формасы, анын жайгашкан жери, юридикалык дареги, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, аны башкаруучу органдар жөнүндө маалымат, байланыш маалыматтары, веб-сайтынын маалыматтары);
- катталган/кайра катталган күндү жана каттоо номерин;
- виртуалдык активдердин тооругунун операторлорунун (криптобиржалардын) реестринен чыгаруунун негиздерин жана андан чыгарылган күндү.
72. Виртуалдык активдердин тооругунун операторлорунун (криптобиржалардын) реестрине виртуалдык активдердин тооругунун операторун (криптобиржаны) каттоо лицензияны берүү жөнүндө чечим кабыл алынган күнү жүзөгө ашырылат.
73. Виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) лицензияны берүү жөнүндө арызга тиркелген, лицензияны кайра каттоо үчүн негиз болуп саналбаган документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын өзгөрүүсү тууралуу ыйгарым укуктуу органга билдирүүгө милдеттүү. Билдирүү жазуу жүзүндө, өзгөртүүлөр келип чыккандан кийинки 10 (он) жумуш күндөн кечиктирбестен, көрсөтүлгөн өзгөртүүлөрдү ырастаган документтердин түп нускалары же алардын көчүрмөлөрү менен бирге (салыштыруу үчүн түп нускаларды берүү менен) берилет. Ыйгарым укуктуу орган Виртуалдык активдердин тооругунун операторлорунун (криптобиржалардын) реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү билдирүү келип түшкөн күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде киргизет.
74. Лицензиясы жокко чыгарылган учурда виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) Виртуалдык активдердин тооругунун операторлорунун (криптобиржалардын) реестринен чыгарылат.
75. Виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) Виртуалдык активдердин тооругунун операторлорунун (криптобиржалардын) реестринен лицензияны колдонууну токтотуу жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу орган кабыл алган күнү чыгарылат.
76. Виртуалдык активдердин тооругунун операторлорунун (криптобиржалардын) реестринен виртуалдык активдердин тооругунун операторун (криптобиржаны) чыгаруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү берүү менен лицензияны колдонууну токтотуу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү актысы менен таризделет.
77. Лицензияны колдонууну токтотуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечимине "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанса болот.
15. Ыйгарым укуктуу органга берилүүчү документтерге талаптар
78. Ушул Жобого ылайык ыйгарым укуктуу органга берилүүчү жана бир барактан көбүрөөк болгон бардык документтердин ар бир барагы сыпатталып, барактары номерленүүгө, көктөлүүгө, кол коюлууга жана юридикалык жактын жетекчисинин мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
79. Ыйгарым укуктуу органга берилүүчү документтердин көчүрмөлөрү ушул Жобого ылайык юридикалык жактын жетекчисинин/ишеним каттын негизинде аракеттенген башка жактын мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
80. Чет өлкөлүк уюштуруучулар/акционерлер берген документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте легалдаштырылууга же апостилдештирилүүгө тийиш. Чет тилдерде берилген документтер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана/же расмий тилдерине күбөлөндүрүлгөн талаптагыдай котормосу болууга тийиш.
81. Ушул Жободо каралган документтерди берүү менен бирге виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа)/акционер - жеке жак ыйгарым укуктуу органга жеке маалыматтары бериле турган жактарга карата ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга макулдук берүүгө тийиш. Жогоруда көрсөтүлгөн макулдук берилбесе, бул берилген документтерди, анын ичинде виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн кызмат адамдарынын документтерин кароодон баш тартуу үчүн негиз болот.
82. Лицензияны алуу үчүн берилген арыз жана документтер чакыртып алынган, же лицензияны берүүдөн баш тарткан, же мурда алган лицензия чакыртылып алынган учурда ушул Жобонун алкагында ыйгарым укуктуу органга берилген документтер жана алардын көчүрмөлөрү арыз ээсине кайтарып берилбейт.
16. Виртуалдык активдердин оператору (криптобиржа),
Кыргыз Республикасынын резиденттери жүргүзүп жаткан
тооруктарга катышууга жол берүү тартиби
(Глава Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
17. Виртуалдык активдердин тооруктарынын операторун
(криптобиржанын) эсепке алуу жана отчеттуулугу
90. Виртуалдык активдердин тооруктарынын оператору (криптобиржа) Финансылык отчеттулуктун эл аралык стандарттарына ылайык түзүлгөн финансылык отчеттуулукту квартал сайын, отчеттук квартал аяктаган датадан кийин 10 жумуш күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органга берүүгө милдеттүү.
Финансылык отчеттуулуктун толук комплектине төмөнкүлөр кирет:
- мезгил бүткөн күнгө финансылык абал жөнүндө отчет;
- мезгил үчүн кирешелер, чыгашалар жана финансылык жыйынтыктардын жыйындысынын башка компоненттери жөнүндө отчет;
- мезгил үчүн өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет;
- мезгил үчүн акча агымдары жөнүндө отчет;
- негизги жоболордон, эсептик саясаттан жана башка түшүндүрмө маалыматтардан турган эскертүүлөр.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
901. Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун иши Кыргыз Республикасынын аудитордук иш жаатындагы мыйзамдарына жана аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык жыл сайын тышкы аудитордук текшерүүдөн өтүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын аймагындагы аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген аудитордук уюм гана виртуалдык активдердин тооругунун операторунун тышкы аудитору боло алат.
Финансылык жыл аяктагандан кийин виртуалдык активдердин тооругунун оператору төмөнкүлөргө милдеттүү:
– жаңы финансылык жылдын башынан тартып 90 (токсон) күнгө чейинки мөөнөттө виртуалдык активдердин тооругунун операторуна тышкы аудит жүргүзүүнү камсыз кылууга;
– жаңы финансылык жылдын башынан тартып 105 (жүз беш) күндөн кечиктирбеген мөөнөттө ыйгарым укуктуу органга аудитордук корутундунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн финансылык отчет жана аудитордун виртуалдык активдердин тооругунун операторунун жетекчилигине каты менен бирге берүүгө.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
91. Виртуалдык активдердин тооруктарынын оператору (криптобиржа) төмөнкүдөй учурлар жөнүндө маалыматтарды камтыган ыкчам отчетту ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү:
- виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын тооруктарга катышуучулардын бузуулары табылса.
Тооруктарга катышуучунун табылган бардык бузуулары жөнүндө маалыматтарда табылган бузууларга тиешелүү фактылар жана бузуулардын жагдайлары баяндалууга, ага материалдар милдеттүү тиркелүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн маалыматтар виртуалдык активдердин тооруктарынын операторунун (криптобиржанын) колу менен күбөлөндүрүлүп, бузуу фактысы табылган күндөн кийинки 1 жумуш күн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлүүгө тийиш;
- виртуалдык активдердин тооруктарынын операторунун (криптобиржанын) тооруктар системасындагы үзгүлтүктөр жөнүндө виртуалдык активдердин тооруктарынын операторунун (криптобиржанын) колу менен күбөлөндүрүлүп, үзгүлтүк фактысы болгондон кийинки 6 сааттын ичинде ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлүүгө тийиш.
|
| Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) иши жана виртуалдык активдердин тооругунун операторлорунун (криптобиржалардын) реестрин жүргүзүү жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Форма
АРЫЗ
Виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) жүзөгө ашыра турган виртуалдык
активдердин кызмат көрсөтүүчүлөрүнүн ишин жүзөгө ашырууга лицензия берүүнү суранам
________________________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________________________
(толук аталышы, юридикалык дареги, иш жүзүндо жашаган дареги,
мобилдик/стационардык телефонунун номери)
Ушул арызды толтуруп жатып, мен, арыз ээси, виртуалдык активдерди жүгүртүү жаатындагы
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен таанышканымды тастыктайм жана
жогоруда белгиленген иш үчүн талап кылынган бардык маалыматтарды жана документтерди
тиркейм, атап айтканда:
1. Акционерлер/уюштуруучулар/катышуучулар жөнүндө маалыматтар _________________________________________
________________________________________________________________________________________________________
2. Башкаруунун аткаруу органынын курамы (юридикалык жактын жетекчисинин жана башкы бухгалтеринин аты-жөнү):
________________________________________________________________________________________________________
Арызга тиркеме _______ баракта.
Арыз ээсинин колу жана мөөрү
20__ -ж. "___"_________________
|
| Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) иши жана виртуалдык активдердин тооругунун операторлорунун (криптобиржалардын) реестрин жүргүзүү жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма
Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын)
акционеринин/уюштуруучусунун, бенефициардык ээсинин жана кызмат адамынын анкетасы
(жеке адам толтурат)
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
1 | ФАА |
|
|
2 | Эгерде фамилиясы алмаштырылса: (мурдагы фамилиясы) | Качан: | Кайсы себеп менен: |
3 | Туулган жылы: | Туулган жери: | |
4 | Паспорту | Сериясы: | Номери: |
| Ким тарабынан берилген: | Берилген күнү: |
|
5 | Жарандыгы: __________________________________________________________________ | ||
6 | Иш жүзүндө жашаган жери: моб. тел.:________________________ | ||
7 | Негизги иштеген жери: | Кызмат орду: | |
8. Сизге же Сиз менен маанилүү катышуучу жана/же башка кызмат адамы катары (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер д.у.с. катары) байланышта болгон компанияга карата, качандыр бир кезде, кайсы бир өлкөдө төмөнкүлөр болгонун көрсөтүңүз:
- акыркы 3 жылдын ичинде кылмыш жасагандыгы үчүн (финансылык/экономикалык жана кылмыш-жаза) күнөө коюлгандыгын, анын ичинде иш токтотулган же күнөө алынган учурларды (ооба/жок).
9. Мажбурлоо тартибинде кудуретсиз деп таанылган же Сиз кызмат адамы (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер д.у.с. катары) же акыркы 3 жылда маанилүү катышуучу катары байланышта болгон финансылык компанияны көрсөтүңүз.
______________________________________________________________________________
Акыркы 3 жылда кызмат адамы же Сиз байланышта болгон жана мажбурлап кудуретсиз кылуу жана жоюу шарттарына коюлган компанияда маанилүү катышуучу катары Сиздин ролуңузга жана жоопкерчилик чөйрөсүнө толук негиздеме бериңиз.
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
10. Үй-бүлөлүк абалыңыз
______________________________________________________________________________
Жакын туугандарыңызды (ата-эне, жубай, бойго жеткен балдар) санап көрсөтүңүз:
ФАА | Туугандык мамилелер | Туулган күнү жана жери | Кызмат орду жана иштеген жери | Үй дареги, тел. № | Жакын туугандарыңыз кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылды беле: тартылган/тартылган эмес. Эгер тартылса, анын себептери |
|
|
|
|
|
|
11. Финансылык-кредиттик уюмдардын же банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын алдында мөөнөтү өткөн карыздар (кредиттер) болгондо - аларды санап көрсөтүңүз:
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
12. Сиз акыркы 3 жылдын ичинде уюштуруучусу, акционери (ээлик кылуучу) болуп саналган (уставдык капиталда үлүш ажыратылган учурда ажыратуу датасын көрсөтүү керек) жана/же болуп саналуучу каалаган өлкөдөгү компаниянын көрсөтүңүз:
Юридикалык жактын аталышы, турган жери | Юридикалык жактын ишинин түрү | Ээликте турган акциялардын саны | Капиталдагы ээлик кылган үлүшүңүз, сом менен | Ушул юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүшүңүз, % менен |
|
|
|
|
|
13. Виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүнүн лицензияларды алууга заявкасын кароо үчүн Сиз маанилүү деп эсептеген башка бардык маалыматтарды бериңиз.
14. Мен ________________________________________________________________________________________________________________
фамилиясы, аты, атасынын аты
анкетада жогоруда берилген маалыматтардын ишенимдүү жана толук болуп саналарын жана алар менин билимиме ылайык анкетада көрсөтүлгөн суроолор боюнча маалыматтардын берилгендигин ырастайм.
______________________ колу "____" __________-ж.
Эскертүү:
1) анкетанын ар бир барагына кол коюу керек;
2) анкетадагы оңдоолор "оңдоолор анык" деген сөздөр менен жана өз колу менен кол коюп күбөлөндүрүлөт.
|
| Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) иши жана виртуалдык активдердин тооругунун операторлорунун (криптобиржалардын) реестрин жүргүзүү жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Форма
Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын)
акционеринин/ уюштуруучусунун, бенефициардык ээсинин анкетасы
(юридикалык жак тарабынан толтурулат)
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Юридикалык жактын аталышы
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
(юридикалык жактын толук жана кыскартылган аталышы көрсөтүлөт)
2. Юридикалык дареги _______________________________________________________________
3. Түзүлгөн күнү ____________________________________________________________________
4. СИН _____________________________________________________________________________
5. Юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда катталган күн
____________________________________________________________________________________
(мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн №)
6. Юридикалык жактын ушул иш менен байланышкан эсеби Кыргыз Республикасынын
кайсы банктарында ачылган: ___________________________________________________________
____________________________________________________________________________________
7. Юридикалык жак жүзөгө ашырган башка иштердин түрлөрү:
____________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________
8. Юридикалык жак финансылык иш боюнча кимдир бирөөлөр менен болгон соттук талаштарга
кириптер болду беле, эгерде кириптер болсо, акыркы үч жылдагы соттук талаштын жагдайлары
(доочу, жоопкер, талаштын буюму, соттук иш кайсы соттук инстанцияда каралганы, ишти кароо
кайсы этапта тургандыгы) жөнүндө толук көрсөтүңүз:
9. Арыз ээсинин пикири боюнча олуттуу болуп саналган башка маалыматтар:
____________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________
Юридикалык жактын жетекчисинин колу
Мөөрү
|
| Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) иши жана виртуалдык активдердин тооругунун операторлорунун (криптобиржалардын) реестрин жүргүзүү жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Форма
Анын жеке маалыматтарын жыйноого жана иштеп чыгууга жеке маалыматтардын субъектисинин МАКУЛДУГУ
Калктуу конуш, күн: ________________________________________________________________
Мен _____________________________________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
бул даректе жашаймын: ____________________________________________________________
Инсандыкты күбөлөндүрүүчү документ: ______________________________________________
(документтин түрү)
сериясы _______________________________________ № _______________________________
берилди ________________________________________________________________________
(берилген күн) (ким берген)
(ишенимдүү адам үчүн)
Ушул ____________________________________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
атынан аракеттенет.
Жашаган дареги: _________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________
Инсандыкты күбөлөндүрүүчү документи: ____________________________________________
(документтин түрү)
сериясы _______________________________________ № _______________________________
берилди ________________________________________________________________________
(берилген күн) (ким берген)
________________________________________________________________________ негизинде
(ишеним каттын, мыйзамдын, башка ченемдик актынын)
эркин, аңдап, өз эрким менен макулдукту ыйгарым укуктуу органга толук жана сөзсүз беремин:
- иштеп чыгууга (жеке маалыматтарды топтоо, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топтоштуруу, тосмолоо, өчүрүү жана бузуу максаттарын көздөп ыкмаларга карабастан аткарыла турган кандай гана операция же операциялардын топтому, ыйгарым укуктуу орган тарабынан, же болбосо анын тапшырмасы боюнча болбосун, автоматтык каражаттар мененби же ансыз элеби), ошондой эле төмөнкүгө:
- жеке маалыматтарды ыйгарым укуктуу органдын "Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана эл аралык келишимдерге ылайык үчүнчү жакка беришине.
Жогоруда көрсөтүлгөн макулдук төмөнкүдөй жеке маалыматтарга да таркатылат: фамилиясы, аты, атасынын аты (мурдагы фамилиясы, аты, атасынын аты, өзгөртүү күнү, жери жана себептери (өзгөртүлгөн учурда); туулган күнү жана жери, жарандыгы (анын ичинде мурдагы жарандык, башка жарандыктар) жөнүндө маалыматтар; билим (билим берүү уюмунун аталышы жана бүткөн жылы, билим жөнүндө документтин аталышы жана реквизиттери, билим жөнүндө документ боюнча квалификациясы, даярдыктан өтүүгө жөнөтүлүшү же адистиги) жөнүндө маалыматтар; илимий даражанын болушу жөнүндө маалыматтар; сүйлөө деңгээлинде чет тилдерди билиши жөнүндө маалыматтар; жашаган жеринин (келген жеринин) дареги; байланыш телефонунун номери же байланыштын башка ыкмалары жөнүндө маалыматтар; инсандыкты күбөлөндүргөн документтин түрү, сериясы, номери, аны берген органдын аталышы, берген күнү; салык төлөөчүнүн идентификациялоо номери; үй-бүлөлүк абалы, үй-бүлөсүнүн курамы жана жакын туугандары; эмгек иштери (аскердик кызматы, айкалыштыруу боюнча жумуштары, ишкердик иштери, кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө келишимдердин негизиндеги иштери д.у.с.) жөнүндө маалыматтар; мамлекеттик сыйлыктары, башка сыйлыктары жана артыкчылык белгилери (ким сыйлаган жана качан); соттуулугунун бардыгы же жоктугу, анын ичинде ага колдонулган тартиптик, административдик жоопкерчиликтер, жоруктарды жана бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликтер жөнүндө маалыматтар; кирешелери, чыгымдары жөнүндө, мүлктөрү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарга; жеке сүрөтү).
Виртуалдык активдердин торуктарынын операторунун иши жөнүндө жободо каралган лицензиялоо жол-жобосун ыйгарым укуктуу органдын жүзөгө ашыруусу максатында иштеп чыгуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн жеке маалыматтарды беремин.
Менин жеке маалыматтарымдын башка мамлекеттик органга ишенимдүүлүгүн текшерүү жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө маселелер боюнча маалыматтарды табуу үчүн берилери жөнүндө мен кабардар экендигимди ырастайм, анын ичинде ыйгарым укуктуу орган көзөмөлдөө жана лицензиялоо жол-жоболорунун алкагында менин жеке маалыматтарымды жогоруда көрсөтүлгөн жактарга берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кийин мага кабарлоону талап кылбайм, муну түшүнүү менен сөзсүз ырастайм.
Жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берүү мөөнөтсүз болуп саналат (көзөмөлдү жана лицензиялоону жүзөгө ашыруу максатында дайыма колдонулат) жана ушул макулдукка кол коюлган күндөн тартып колдонулат.
"___" __________________ 20____-ж.
Колу___________________________________ ФАА ___________________________________