Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 25-апрели № 2026-VII
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.А.Талиева, М.А.Маматалиев, Ш.Мажитова, А.Исатбек кызы, Э.Ж.Сурабалдиева, Д.Э.Толонов, К.Л.Ханджеза, Н.А.Ражабалиев, С.А.Айжигитов, Э.Т.Токтошев, Г.С.Молдобекова, Н.А.Нарматова, В.К.Раимбачаева, А.А.Айдарова, Н.Я.Алимжанова, Д.А.Ашимова, А.Т.Маткеримов, Э.Р.Сатыбалдиев, А.К.Мадумаров, Г.А.Кожокулова тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн бириктирилген мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.А. Азыгалиев |