Загрузка документа…
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 токтомуна ылайык) |
Виртуалдык активдер эмиссиясы (чыгарылышы), жүгүртүлүшү
жөнүндө жана Виртуалдык активдер эмиссиясынын бирдиктүү
мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тууралуу
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
Виртуалдык активдер эмиссиясы (чыгарылышы), жүгүртүлүшү жөнүндө жана Виртуалдык активдер эмиссиясынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тууралуу жобо (мындан ары - Жобо) "Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18, 23-беренелерине ылайык иштелип чыккан. Жобо эмиссияны уюштуруу жана жүзөгө ашыруу, виртуалдык активдерди алгачкы жайгаштыруу жана жүгүртүү, виртуалдык активдердин чыгарылышын мамлекеттик каттоо тартибин, шарттарын жана талаптарын, ошондой эле Виртуалдык активдер эмиссиясынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү жана Кыргыз Республикасында виртуалдык активдердин чыгарылышын мамлекеттик каттоо номерин берүү тартибин белгилейт.
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
ак кагаз (white paper) - виртуалдык активдин эмитентинин иши жөнүндө, чыгарылган виртуалдык актив, аны жайгаштыруу, жүгүртүү шарттары жана виртуалдык активдердин эмитентинин чечими болгондо виртуалдык активди төлөөнүн шарттары жөнүндө, ошондой эле виртуалдык активдерди жайгаштырууну пландаган эмитент жөнүндө маалыматтарды камтыган документ;
виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын мамлекеттик каттоо – виртуалдык активдердин чыгарылышына виртуалдык активдерди чыгаруу ак кагазын (white paper) мамлекеттик каттоо менен коштолгон мамлекеттик каттоо номерин ыйгаруу, ошондой эле бул жөнүндө, анын ичинде виртуалдык активдер, алардын эмитенти жөнүндө маалыматтарды Виртуалдык активдер эмиссиясынын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү;
виртуалдык активдин номиналдык наркы – виртуалдык актив жайгаштырууга билдирилген виртуалдык активдердин эмитентинин чечими боюнча улуттук же чет өлкөлүк валютада туюндурулган виртуалдык активдин наркы (баасы);
күрөө наркы – күрөө катары пайдаланылуучу активдин наркы;
виртуалдык активдерди жүгүртүү - экинчи рынокто виртуалдык активдер менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасоо;
виртуалдык активди алгачкы жайгаштыруу - эмитент тарабынан виртуалдык активдерди жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасоо жолу менен биринчи ээлерине ажыратуу;
виртуалдык активди ачык жайгаштыруу - эмитент тарабынан виртуалдык активдерди жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасоо жолу менен чөйрөсү алдын ала аныкталбаган биринчи ээлерине ажыратуу;
(Тогузунчу абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
виртуалдык активдин эмиссиясы (чыгарылышы) - баалуулукту жана (же) мүлктүк укуктарды күбөлөндүрүү каражатын билдирүү катары виртуалдык активдин пайда болушуна багытталган уюштуруу-техникалык иш-чаралар (белгилүү бир санда жаңы виртуалдык активдерди жүгүртүүгө чыгаруу).
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын мамлекеттик каттоо, ошондой эле Виртуалдык активдер эмиссиясынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Виртуалдык активдердин чыгарылышы каттоодон өткөн жана виртуалдык активдердин чыгарылышына мамлекеттик каттоо номери ыйгарылган учурдан тартып Виртуалдык активдер эмиссиясынын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген деп эсептелет.
31. Кыргыз Республикасынын аймагында камсыз кылынбаган виртуалдык активдерди чыгарууга тыюу салынат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Виртуалдык активдерди чыгарууда алардын эмитенти виртуалдык активдердин ээлери катары реестрде катталган адамдардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн күрөөнү башкаруучуну дайындоого укуктуу. Күрөөнү башкаруучу виртуалдык активдердин эмитентине жана эмитенттин милдеттеринин өлчөмү анын активдеринин баланстык наркынын 10 пайызынан ашкан эминтенттин кандай болбосун кредиторуна карата аффилирленген жак болушу мүмкүн эмес.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Эгерде виртуалдык активдер боюнча камсыз кылуу жана/же күрөө үчүнчү жак тарабынан берилсе, виртуалдык активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечимге жана ак кагазга (white paper) ушундай күрөө жана/же күрөө берген адам да кол коюшу керек.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Виртуалдык активдердин күрөө предмети ушул Жобонун 35-пунктунда көрсөтүлгөн виртуалдык активдердин эмитентинин активдери болушу мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
35. Виртуалдык активдер боюнча күрөө предметинин түзүмү жана курамы:
1) виртуалдык активдер мамлекеттик баалуу кагаздардын күрөөсү менен камсыздалышы мүмкүн – виртуалдык активдердин эмиссиясынын көлөмүнүн 100 пайызынан кем эмес, мында виртуалдык активдердин эмиссиясын күрөө менен камсыздоо максатында мындай баалуу кагаздардын күрөө наркы бул баалуу кагаздардын бааланган наркынын 100 пайызынан кем эмес кабыл алынат;
2) виртуалдык активдер ачык акционердик коомдор формасында түзүлгөн, лицензияланган тооруктарды уюштуруучуда эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориялар боюнча – виртуалдык активдердин эмиссиясынын көлөмүнүн 100 пайызынан кем эмес листингден өткөн Кыргыз Республикасынын эмитенттеринин баалуу кагаздарынын күрөөсү менен камсыздалышы мүмкүн, мында виртуалдык активдердин эмиссиясын күрөө менен камсыздоо максатында мындай баалуу кагаздардын күрөө наркы баалуу кагаздардын баалоо наркынын 80 пайызынан ашпаган өлчөмдө кабыл алынат;
3) виртуалдык активдер юридикалык жакка таандык пайдалуу кендерди иштетүү укугунун күрөөсү менен камсыздалышы мүмкүн – виртуалдык активдердин эмиссиясынын көлөмүнүн 100 пайызынан кем эмес, мында мындай укуктун күрөө наркы көз карандысыз баалоо наркына ылайык пайдалуу кендерди иштетүүгө укуктун баалоо наркынын 50 пайызынан ашпаган өлчөмдө кабыл алынат;
4) виртуалдык активдер улуттук жана чет өлкөлүк валюталардагы акча каражаттарынын күрөөсү менен камсыздалышы мүмкүн – 100 пайыздан кем эмес, мында улуттук жана чет өлкөлүк валюталардагы акча каражаттарынын күрөө наркы алардын номиналдык наркынын 100 пайызы өлчөмүндө кабыл алынат;
5) виртуалдык активдер алтындын күрөөсү менен камсыздалышы мүмкүн – 30 пайыздан кем эмес, мында алтындын күрөө наркы көз карандысыз баалоо наркына ылайык алтындын баалоо наркынын 100 пайызы өлчөмүндө кабыл алынат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Виртуалдык активдер боюнча камсыздоонун жана/же күрөөнүн предмети болуп саналган мүлк виртуалдык активдер эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын каттоо үчүн документтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилгенге чейин бир айдан кечиктирилбестен көз карандысыз баалоочу тарабынан бааланууга тийиш. Күрөө наркын баалоо алты ай бою актуалдуу деп эсептелет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
37. Эгерде күрөөнүн предмети кыймылсыз мүлк болсо, виртуалдык активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечим виртуалдык активдер эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын каттоо үчүн документтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилгенге чейин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Эгерде күрөөнүн предмети баалуу кагаздар болсо, виртуалдык активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечим тиешелүү көз карандысыз реестр кармоочу же депозитарий тарабынан катталууга тийиш, мында күрөөнүн предмети болуп саналган баалуу кагаздар виртуалдык активдер эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын каттоо үчүн документтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилгенге чейин депонирленет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Эгерде күрөөнүн предмети алтын, акча каражаттары жана кенди иштетүү укугу болсо, виртуалдык активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечим виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) же күрөөнүн предмети болуп саналган бул мүлк виртуалдык активдер эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын каттоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга документтер берилгенге чейин депонирленген банк тарабынан катталууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
310. Күрөөлүк камсыздоо катталганга чейин виртуалдык активдер эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын мамлекеттик каттоого тыюу салынат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
311. Виртуалдык активдердин эмитенти алардын ээлеринин алдындагы милдеттенмелерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда акыркысы күрөөнү башкаруучуга (эгер мындай башкаруучу дайындалган болсо) жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу, ал 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен төмөнкү аракеттерди жасоого милдеттүү:
– виртуалдык активдердин эмитентине эмитент тарабынан милдеттенмелердин аткарылышы боюнча учурдагы кырдаалды түшүндүрүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү талап менен кайрылууга жана эгерде мындай милдеттенмелердин аткарылышынын мөөнөтү өтүп кеткен болсо, анда эмитентке 10 жумуш күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө мындай мөөнөттү өткөрүп жиберүүнү четтетүү боюнча талапты жазуу жүзүндө билдирүүгө;
– эгерде күрөөнү башкаруучу 3 жумуш күндүн ичинде эмитенттен учурдагы кырдаалды түшүндүрүү жөнүндө билдирилген талапка жооп албаса же виртуалдык активдер боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздарды төлөө жөнүндө талап коюлган эмитент аларды 10 күндүк мөөнөттө аткарбаса, күрөөнү өндүрүү кайрылуусу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган аракеттерди баштоого.
Күрөөнү башкаруучу (эгер мындай башкаруучу дайындалган болсо) виртуалдык активдердин эмитенти тарабынан алардын ээлеринин алдындагы милдеттенмелердин аткарылышы боюнча кырдаалга көз салып турууга жана виртуалдык активдердин ээлери эмитент тарабынан алардын ээлеринин алдында өз милдеттенмелерин толук же жарым-жартылай аткарбаган датадан тартып 30 (отуз) календардык күндөн ашык эмес убакыт өткөндөн кийин виртуалдык активдердин ээлери жок болгон учурда ушул пунктта көрсөтүлгөн аракеттерди көрүүгө милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Виртуалдык активдер эмиссиясы
4. Виртуалдык активдер эмиссиясы жана ачык жайгаштыруу жол-жобосуна төмөнкү этаптар кирет:
1) эмитенттин виртуалдык активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алуусу;
2) эмитенттин ак кагазды (white paper) бекитүүсү;
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда виртуалдык активдер эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын мамлекеттик каттоо;
4) виртуалдык активдерди ачык сунуштоо жөнүндө маалыматты ачуу;
5) виртуалдык активдерди жайгаштыруу;
6) виртуалдык активдерди чыгаруунун жыйынтыгын ишке ашты же ишке ашкан жок деп таануу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Виртуалдык активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечим менен төмөнкүлөр аныкталууга тийиш:
1) виртуалдык активдердин саны;
2) бир виртуалдык активдин номиналдык наркы;
3) виртуалдык активдерди жайгаштыруу мөөнөтү жана шарттары, анын ичинде виртуалдык активдин номиналдык наркынан дисконт менен алдын ала сатуу мезгили;
4) виртуалдук активди жүгүртүү шарты (жүгүртүү мөөнөтү, алмаштыруу жана кайтаруу шарттары, төлөө мүмкүнчүлүгү жана шарттары, виртуалдык активдерди үчүнчү жактарга өткөрүп берүү);
5) блокчейндин аталышы, виртуалдык активдердин эмитентинин капчыгынын жана смарт-контракттын дареги;
6) камсыздоого коюлган мүлктүн наркы жөнүндө маалыматтар жана виртуалдык активдерди чыгаруу күрөөсү;
7) күрөөнү башкаруучу (эгер мындай башкаруучу дайындалган болсо) жөнүндө маалыматтар;
8) күрөө берүүчүнүн күрөөгө коюлган мүлктөн виртуалдык активдердин ээлеринин пайдасына баш тартуу жөнүндө шарттары.
Виртуалдык активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечим ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ак кагаз (white paper) ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча камтылууга жана таризделүүгө тийиш.
7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашкандан кийин виртуалдык активдердин эмитенти ак кагазга (white paper) өзгөртүүлөрдү киргизе алат. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган виртуалдык активдердин эмитенти тарабынан ак кагазга (white paper) берилген өзгөртүүлөрдү 10 жумуш күндүн ичинде карайт, анын натыйжасында макулдук же жүйөлүү баш тартуу берилет..
3. Виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын мамлекеттик
каттоо
(Главанын аталышы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
8. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. Виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын мамлекеттик каттоо үчүн эмитент ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди берет:
1) ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча арыз;
2) виртуалдык активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечим;
3) 3 нускада ак кагаз (white paper);
4) блокчейндин аталышы, эмитенттин виртуалдык активдеринин капчыгынын жана смарт-контракттын электрондук формадагы дареги;
5) эмитенттин юридикалык жак катары катталгандыгын ырастаган документтин көчүрмөсү (эмитент – юридикалык жак үчүн);
6) уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү (эмитент – юридикалык жак үчүн);
7) паспорттун көчүрмөсү (эмитент – жеке жак үчүн);
8) каттоо жыйымынын төлөнгөндүгүн ырастаган документ;
9) эмитенттин милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуунун бар экендигин ырастаган документтер;
10) виртуалдык активдер боюнча камсыздоо жана/же күрөө предмети болуп саналган мүлктү көз карандысыз баалоочунун баалоосунун көчүрмөсү;
11) күрөөлүк камсыздоонун катталгандыгын ырастаган документ;
12) эмитент же эмитенттин уюштуруучулары/акционерлери тарабынан ушул Жобонун 4, 5-тиркемелерине ылайык толтурулган жана кол коюлган анкеталар же болбосо толтурулган анкеталардын сканерден өткөрүлгөн көчүрмөлөрү, кийин түп нускасын берүү менен.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын мамлекеттик каттоо үчүн документтерди алган күндөн тартып 20 (жыйырма) жумуш күндөн кечиктирбестен виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын каттайт же виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышынан мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын мамлекеттик каттоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда эмитентке ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын мамлекеттик каттоо жөнүндө чечими жана катталган ак кагаздын (white paper) эки нускасы берилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Виртуалдык активдердин тооруктарынын чет элдик операторлорунда (криптобиржаларда) чыгарылган жана жүгүртүлгөн виртуалдык активдердин тооруктарынын чет элдик операторунун (криптобиржанын) листингине киргизилген чет элдик виртуалдык активдерден тышкары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон өтпөгөн виртуалдык активдер менен Кыргыз Республикасынын аймагында бүтүмдөрдү жасоого тыюу салынат.
13. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын мамлекеттик каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын аныктыгы үчүн эмес, толуктугу үчүн гана жоопкерчилик тартат.
Виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын мамлекеттик каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын аныктыгы үчүн эмитент жоопкерчилик тартат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Виртуалдык активдерди мамлекеттик каттоо виртуалдык активдерге салынган каражаттарды кайтарууга кепилдик болуп саналбайт.
Обьектти жана инвестициялардын формасын жана өлчөмдөрүн тандоо инвестордун өзүнүн жоопкерчилиги (тобокелдиги) болуп саналат, виртуалдык активдерге салынган өздүк инвестицияларды коргоо үчүн акыркы жоопкерчиликти (тобокелдикти) инвесторлор өздөрү тартат.
15. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүүгө жана зарыл болгон учурда берилген документтерде камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү үчүн зарыл болгон документтерди суроого укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган көрсөтүлгөн документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү үчүн виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын мамлекеттик каттоо үчүн берилген документтерге өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүнү эмитенттен талап кылууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын мамлекеттик
каттоодон баш тартуу
(Главанын аталышы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкүдөй негиздер боюнча кабыл алынат:
- виртуалдык активдер эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын мамлекеттик каттоо үчүн берилген документтердин жана аларда камтылган маалыматтардын виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбесе;
- виртуалдык активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алуу тартибин эмитент сактабаса;
- виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жыйымдар төлөнбөсө.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын мамлекеттик каттоодон баш тарткан учурда каттоо үчүн берилген документтер кайтарылып берилбейт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Виртуалдык активдерди ачык сунуштоодо аларды
жайгаштыруу
20. Виртуалдык активдер ак кагазда (white paper) белгиленген мөөнөттүн ичинде ачык сунушталышы мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Ачык сунушталган виртуалдык активдерди жайгаштыруу ачык сунуш жарыяланган күндөн баштап 5 жумуш күндөн эрте эмес башталышы мүмкүн.
Виртуалдык активдерди ачык сунуштоо жөнүндө маалыматты ачыкка чыгаруу эмитенттин интернет-сайтында каалаган адам виртуалдык активдерди ачык сунуштоонун шарттары менен тааныша турган жерлерди көрсөтүү менен ачык сунуш жөнүндө билдирүүнү жарыялоо жолу менен жүзөгө ашырылат.
22. Ачык сунушталган виртуалдык активдерди жайгаштыруу виртуалдык активдердин тоорук операторунун (криптобиржалардын) аянтчасында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана виртуалдык активдердин тоорук операторунун (криптобиржалардын) виртуалдык активдерди сатуу эрежелерине ылайык ишке ашырылат.
23. Виртуалдык активдерди жайгаштыруунун баасы ак кагазда (white paper) цифралар менен көрсөтүлөт же болбосо жайгаштыруу баасын аныктоочу тартип белгиленет.
Виртуалдык активдерди жайгаштыруу баасын аныктоо тартиби, мындай тартипте көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрдүн (факторлордун) өзгөрүүсүнө жараша жайгаштыруунун бардык мөөнөтүнүн ичинде каалаган белгиленген датага виртуалдык активдерди жайгаштыруу баасын аныктоого тийиш. Көрсөтүлгөн көрсөткүчтөр (факторлор) эмитенттин, ортомчунун жана башка кызыкдар жактардын каалоосуна жараша өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.
24. Виртуалдык активдердин эмиссиясында аларды ачык сунуштаган эмитентке виртуалдык активдерди ачык сунуштоонун жыйынтыктары катталганга чейин ачык сунушталган виртуалдык активдерди сатуунун жүрүшүндө келип түшкөн акча каражаттарын пайдаланууга тыюу салынбайт.
6. Виртуалдык активдер эмиссиясын токтото туруу, виртуалдык
активдер эмиссиясын ишке ашкан жок же жараксыз деп таануу
25. Виртуалдык активдер эмиссиясы жана (же) аларды жайгаштыруу:
1) виртуалдык активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечим виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары бузулганда, ак кагаздын (white paper) шарттары бузулганда, ошондой эле виртуалдык активдер эмиссиясы жана (же) эл алдында жайгаштыруу жөнүндө жарыяланган маалыматта анык эмес маалыматтар табылган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан алар четтетилген учурга чейин токтотулуп турат;
2) эмиссияны токтотуп турууга алып келген бузуулар эмитент тарабынан четтетилбеген учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашкан жок деп таанылат;
3) соттун тиешелүү чечими болсо жараксыз деп таанылат.
Виртуалдык активдер эмиссиясы ишке ашкан жок же жараксыз деп таанылган учурда, ушул чыгарылыштагы бардык виртуалдык активдер жүгүртүүдөн алынууга тийиш, ал эми эмитент тарабынан ишке ашпаган же жараксыз деп таанылган виртуалдык активдерди жайгаштыруудан алынган каражаттар ак кагазда (white paper) белгиленген тартипте алардын ээлерине кайтарылып берилүүгө тийиш
Ишке ашкан жок же жараксыз деп таанылган жана алардын ээлерине кайтарылып берилүүгө тийиш болгон виртуалдык активдер менен байланышкан чыгымдар эмитенттин эсебине киргизилет.
7. Виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын мамлекеттик каттоо
үчүн жыйымдар
(Главанын аталышы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын мамлекеттик каттоо үчүн жыйым (каттоо жыйымы) ошол чыгарылыштагы бардык виртуалдык активдердин жалпы номиналдык наркынын 0,01 пайыз өлчөмүндө ошол виртуалдык активдер боюнча тооруктар жана котировкалар болгон шартта төлөөнүн учурунда криптобиржалардагы курс боюнча алынат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Бул виртуалдык актив боюнча тооруктар жана котировкалар жок болгон учурда криптобиржаларда виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырууну мамлекеттик каттоо үчүн виртуалдык активдердин эмитенти тарабынан билдирилген ушул чыгарылыштагы бардык виртуалдык активдердин жалпы номиналдык наркынан 0,01 пайыз өлчөмүндө жыйым алынат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын мамлекеттик каттоо үчүн жыйым бөлүнүп алынышы мүмкүн. Виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын мамлекеттик каттоо үчүн документтерди берүүдө виртуалдык активдердин эмитенти каттоо жыйымынын көлөмүнүн 20%нан кем эмесин төлөөгө тийиш. Каттоо жыйымынын калган бөлүгү виртуалдык активдердин эмитенти тарабынан квартал аяктагандан кийин 5 жумуш күндүн ичинде квартал сайын, жайгаштыруунун бардык мөөнөтүндө иш жүзүндө жайгаштырылган виртуалдык активдердин суммасына жараша төлөнөт. Виртуалдык активдердин иш жүзүндө жайгаштырылган суммасы жана каттоо жыйымынын төлөнгөндүгү жөнүндө виртуалдык активдердин эмитентине кабарлоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга квартал аяктагандан кийин 10 жумуш күндүн ичинде берилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Виртуалдык активдер эмиссиясын жана аны ачык сунуштоону
ишке ашты деп таануунун шарттары
29. Төмөнкү шарттардын бири аткарылган учурда виртуалдык активдер эмиссиясы жана/же аны ачык сунуштоо ишке ашты деп таанылат:
- виртуалдык активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечимде, ак кагазда (white paper) белгиленген мөөнөттүн ичинде бардык виртуалдык активдер сатылса;
- виртуалдык активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечимде, ак кагазда (white paper) виртуалдык активдер эмиссиясын жана/же ачык жайгаштырылышын таануу үчүн сатуу зарыл болгон виртуалдык активдердин минималдуу саны белгиленсе жана виртуалдык активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечимде, ак кагазда (white paper) белгиленген мөөнөттө виртуалдык активдердин ушул минималдуу санынан кем эмес сатылса;
- эмитенттин виртуалдык активдерин жайгаштыруу менен байланышкан финансылык кызмат көрсөтүү келишимине ылайык ошол жайгаштыруунун бардык виртуалдык активдери же виртуалдык активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечимде жана/же ак (white paper) белгиленген виртуалдык активдердин минималдуу саны сатылса.
30. Эмитент ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга виртуалдык активдерди жайгаштыруунун (i) же болбосо виртуалдык активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечимде, виртуалдык активдердин ушул чыгарылышын каттоо үчүн берилген ак кагазда (white paper) көрсөтүлгөн бардык виртуалдык активдерди жайгаштыруу мөөнөтү аяктаганга чейин аларды сатуунун (жайылтуунун) белгиленген мөөнөтү аяктагандан (ii) кийин 30 календардык күндүн ичинде виртуалдык активдер эмиссиясы жана/же аларды ачык жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө билдирүү берет.
31. Виртуалдык активдер эмиссиясынын жана/же аларды ачык жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө билдирүүнүн формасы жана мазмуну ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык келүүгө тийиш.
Виртуалдык активдер эмиссиясынын жана/же аларды ачык жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө билдирүүнүн барактары номерленет, көктөлөт, мөөр менен бекитилет жана ага аткаруу органынын жетекчиси жана эмитенттин башкы бухгалтери (юридикалык жактар үчүн), эмитент (жеке жактар үчүн) кол коет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Виртуалдык активдер эмиссиясын жана/же аларды ачык жайгаштырууну ишке ашты деп таануу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөр берилет:
- арыз;
- ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык виртуалдык активдердин эмиссиясынын жана/же ачык жайгаштырылышынын жыйынтыктары жөнүндө билдирүү;
- виртуалдык активдерге акы төлөнгөндүгүн ырастаган документтер;
- каттоо жыйымына акы төлөнгөндүгүн ырастоочу документ(тер).
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Виртуалдык активдер эмиссиясынын жана/же адарды ачык жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө билдирүүгө кол койгон адамдардын күнөөсү болгон учурда алар виртуалдык активдер эмиссиясынын жана/же адарды ачык жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө билдирүүдө камтылган өзү ырастаган туура эмес, толук эмес жана/же инвесторду адаштырган маалыматтын натыйжасында эмитент тарабынан виртуалдык активдердин ээсине келтирилген зыян үчүн биргелешкен субсидиардык жоопкерчилик тартат.
34. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган виртуалдык активдер эмиссиясынын жана/же аларды ачык жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө билдирүү берилген учурдан тартып 10 жумуш күн ичинде виртуалдык активдер эмиссиясы жана/же аны ачык жайгаштыруу ишке ашты деп таануу же болбосо виртуалдык активдердин ошол жайгаштырылуусу ишке ашкан жок деп таануу жөнүндө чечим кабыл алат жана виртуалдык активдердин чыгарылышын мамлекеттик каттоону жокко чыгарат.
Виртуалдык активдер эмиссиясынын жана/же аларды ачык жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө билдирүү берилген учурдан тартып 10 жумуш күн өткөндөн кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бул виртуалдык активдер эмиссиясы жана/же аларды ачык жайгаштыруу ишке ашкан жок деп таануу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу эмес.
35. Виртуалдык активдер эмиссиясынын жана/же аларды ачык жайгаштыруунун мамлекеттик каттоо номерин жокко чыгарууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Виртуалдык активдердин эмиссиясынын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазууну киргизүү жолу менен жүзөгө ашырат.
36. Виртуалдык активдер эмиссиясынын жана/же аларды ачык жайгаштыруунун мамлекеттик каттоо номерин жокко чыгаруу виртуалдык активдердин чыгарылышын мамлекеттик каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки жумуш күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлүүгө тийиш.
37. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Жободо каралган бардык документтер берилбеген учурда, ошондой эле башка бузуулар аныкталган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эмитентке кетирилген бузууларды 10 жумуш күндүн ичинде оңдоого мүмкүнчүлүк берүүгө укуктуу. Мындай учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эмитентке кетирилген бузууларды жана аларды жоюу мөөнөтүн көрсөтүү менен бузууларды жоюу зарылдыгы жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү жиберет.
Эмитент оңдолгон жана/же толукталган документтерди ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүдө өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген документтерди гана берет.
38. Виртуалдык активдер эмиссиясын жана/же аларды ачык жайгаштырууну таануу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү чечимин эмитентке берүүгө (жиберүүгө) милдеттүү.
39. Виртуалдык активдер эмиссиясын жана/же аларды ачык жайгаштырууну ишке ашты деп таануудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде эмитентке виртуалдык активдердин эмиссиясын жана/же аларды ачык жайгаштырууну ишке ашты деп таануудан баш тартуунун негиздерин камтыган баш тартуу жөнүндө билдирүүнү эмитентке берүүгө (жиберүүгө) милдеттүү.
40. Виртуалдык активдер эмиссиясы жана/же аларды ачык жайгаштыруу ишке ашты деп таануу жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алган күндөн тартып 5 жумуш күн ичинде эмитент виртуалдык активдер эмиссиясынын жана/же аларды ачык жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө маалыматты виртуалдык активдердин тооругунун операторуна билдирүү аркылуу ачып берүүгө милдеттүү.
41. Виртуалдык активдер эмиссиясын жана/же аларды ачык жайгаштырууну ишке ашты деп таануудан баш тартуу жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү негиздер боюнча кабыл алышы мүмкүн:
- виртуалдык активдер эмиссиясынын жүрүшүндө эмитент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузса, анын ичинде виртуалдык активдердин чыгарылышын мамлекеттик каттоо учурунда берилген документтерде каралган жайгаштыруу шарттарын бузса;
- документтерде туура эмес маалыматтар табылса.
42. Виртуалдык активдер эмиссиясын жана/же аларды ачык жайгаштырууну ишке ашты деп таануудан баш тартылган учурда берилген документтер кайра кайтарылбайт.
43. Виртуалдык активдер эмиссиясын жана/же аларды ачык жайгаштырууну ишке ашты деп таануудан баш тартуу жөнүндө чечим "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.
44. Виртуалдык активдер эмиссиясын жана/же аларды ачык жайгаштырууну ишке ашты деп таануудан баш тартылган учурда чыгарылыш ишке ашкан жок деп таанылат жана ыйгарылган мамлекеттик каттоо номери жокко чыгарылат.
9. Виртуалдык активдерди жокко чыгаруу тартиби
45. Чыгарылышы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган виртуалдык активдер (анын ичинде алардын бөлүгү) төмөнкүдөй учурларда жокко чыгарылышы мүмкүн:
- ак кагазга (white paper) ылайык жүгүртүлүп жаткан виртуалдык активдердин санын азайтуу (виртуалдык активдердин бөлүгүн өрттөө) жөнүндө эмитенттин чечими;
- эмитенттин иши токтотулса (жоюлса);
- виртуалдык активдердин чыгарылышы ишке ашкан жок же жараксыз деп таанылса.
Белгиленген мөөнөттүн ичинде жайгаштырылбаган виртуалдык активдер жокко чыгарылат (эмитент тарабынан өрттөлөт) жана бул жөнүндө Виртуалдык активдер эмиссиясынын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазуулар киргизилет.
46. Виртуалдык активдерди жокко чыгаруу төмөнкүдөй документтердин негизинде жүзөгө ашырылат:
- ак кагазга (white paper) ылайык виртуалдык активдерди жокко чыгаруу (өрттөө) жөнүндө эмитенттин чечиминин (эмитенттин демилгеси боюнча виртуалдык активдер жокко чыгарылганда);
- аны жоюу жөнүндө эмитенттин - юридикалык жактын чечиминин, эмитенттин ишин токтотууну ырастаган документтин;
- виртуалдык активдердин чыгарылышы ишке ашкан жок деп таануу жөнүндө (виртуалдык активдердин чыгарылышы ишке ашкан жок деп таануу учурунда) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин;
- виртуалдык активдердин чыгарылышын жараксыз деп таануу жөнүндө (виртуалдык активдердин чыгарылышын жараксыз деп таануу учурунда) соттун чечиминин.
47. Виртуалдык активдердин бир бөлүгүн өрттөөдөн башка, виртуалдык активдерди жокко чыгаруу өзү менен кошо виртуалдык активдердин ошол чыгарылышынын мамлекеттик каттоо номеринин жокко чыгарылышына алып келет.
10. Виртуалдык активдерди чыгарууну ишке ашпаган же
жараксыз деп таануунун тартиби
48. Виртуалдык активдер эмиссиясы жана/же ачык жайгаштыруу виртуалдык активдер эмиссиясынын жана/же ачык жайгаштыруунун жыйынтыктары ишке ашты деп таанылганга чейин ишке ашпаган деп таанылышы мүмкүн.
49. Виртуалдык активдер эмиссиясын жана/же ачык жайгаштырууну ишке ашпаган деп таануу жөнүндө материалдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан эмитенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн/кызмат адамдарынын жана/же өзүнүн катышуусунда каралат. Бул жактар жок учурда материалдар ишти кароонун орду жана убактысы жөнүндө кабарлоо жазуу жүзүндө эмитенттин Кыргыз Республикасында акыркы катталган дарегине жеткирилген учурларда гана каралат.
50. Виртуалдык активдер эмиссиясын жана/же ачык жайгаштырууну ишке ашпаган деп таануу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эмитентке текшерүү жүргүзүү же виртуалдык активдердин ээлеринин укуктарын коргоо максатында виртуалдык активдер эмиссиясын токтотууга укуктуу.
51. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын виртуалдык активдер эмиссиясын жана/же ачык жайгаштырууну ишке ашпаган деп таануу жөнүндө чечими "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.
52. Виртуалдык активдер эмиссиясы жана/же ачык жайгаштыруу ишке ашты деп таанылгандан кийин виртуалдык активдер эмиссиясы жана/же ачык жайгаштыруу "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте анык эмес деп таанылышы мүмкүн.
53. Виртуалдык активдерди чыгарууну ишке ашпаган же анык эмес деп таануу бул виртуалдык активдердин жокко чыгарууга, виртуалдык активдерди жүгүртүүдөн алып салууга жана виртуалдык активдердин төлөө эсебине алынган акча каражаттары виртуалдык активдердин ээлерине кайтарып берүүгө алып келет.
54. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү жактарга виртуалдык активдерди жокко чыгаруу жөнүндө кабарлайт:
- виртуалдык активдер эмиссиясы жана/же ачык жайгаштыруусу ишке ашпаган же анык эмес деп таанылган эмитентке;
- виртуалдык активдердин тооругунун операторуна.
55. Виртуалдык активдерди жокко чыгаруу жөнүндө кабарлоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мындай чечимди кабыл алынган күндөн кийинки күнү телефон, телефакс аркылуу электрондук байланыштын башка каражаттарын (алдын ала кабарлоо) пайдалануу менен мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө жазуу жүзүндөгү ырастоону (кийин кабарлоо) милдеттүү түрдө жөнөтүү менен жүзөгө ашырылат.
56. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган виртуалдык активдер жокко чыгарылган учурдан тартып 5 жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө бул жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу жолу менен ачып берет.
11. Виртуалдык активдер эмиссияларынын бирдиктүү
мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби
57. Виртуалдык активдерди чыгарууга мамлекеттик каттоо номери ыйгарылган учурдан тартып виртуалдык активдерди чыгаруу катталды жана Виртуалдык активдер эмиссияларынын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилди деп эсептелет.
58. Виртуалдык активдердин (криптобиржанын) тооругунун операторунда листингге киргизилген, виртуалдык активдердин тооругунун чет өлкөлүк операторлорунда (криптобиржалар) чыгарылган жана жүгүртүлгөн чет өлкөлүк виртуалдык активдерди кошпогондо, виртуалдык активдер эмиссияларынын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизбестен виртуалдык активдерди чыгарууга жол берилбейт.
59. Эмитенттер виртуалдык активдер эмиссияларынын бирдиктүү мамлекеттик реестрине өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин гана виртуалдык активдердин номиналдык наркын, виртуалдык активдердин санын өзгөртүүгө укуктуу.
60. Виртуалдык активдердин ар бир чыгарылышына өзүнчө мамлекеттик каттоо номери ыйгарылат.
61. Виртуалдык активдер эмиссияларынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү электрондук маалыматтар базасын пайдалануу менен жүзөгө ашырылат. Мында документтерди кагаз жүзүндө түзүү мүмкүндүгү камсыз кылынууга тийиш.
62. Виртуалдык активдер эмиссияларынын бирдиктүү мамлекеттик реестри төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- эмитенттин толук аталышын/эмитенттин аты-жөнүн;
- эмитентти мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматтарды (юридикалык жактар үчүн);
- эмитенттин уюштуруучулук-укуктук формасын (юридикалык жактар үчүн);
- эмитенттин юридикалык дарегин;
- виртуалдык активдерди чыгаруунун мамлекеттик каттоо номерин;
- эмитент тарабынан чыгарылган виртуалдык активдердин түрүн;
- виртуалдык активдердин ар бир түрү боюнча - чыгарылган виртуалдык активдер эмиссиялары боюнча саны, номиналдык наркы жана/же жайгаштыруунун баасы жөнүндө маалыматтарды;
- виртуалдык активдерди жайгаштыруу башталган жана аяктаган күндү;
- виртуалдык активдердин эмитентин жоюу жана/же кайра уюштуруу жөнүндө маалыматтарды.
63. Виртуалдык активдер эмиссияларынын бирдиктүү мамлекеттик реестрине жаңы чыгарылыштар жөнүндө жазууларды, ошондой эле виртуалдык активдерди чыгарууну жокко чыгаруу жөнүндө жазууларды киргизүү виртуалдык активдерди чыгарууну тиешелүү түрдө мамлекеттик каттоону, виртуалдык активдерди чыгарууну жокко чыгарууну ырастоочу документтердин негизинде жүзөгө ашырылат.
64. Виртуалдык активдер эмиссияларынын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазууну киргизүү үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын виртуалдык активдерди чыгарууну мамлекеттик каттоо жөнүндө чечими;
- виртуалдык активдерди чыгарууну виртуалдык активдердин реестринен чыгаруу жана виртуалдык активдердин чыгарууга мурда ыйгарылган мамлекеттик каттоо номерин жокко чыгаруу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими;
- виртуалдык активдерди чыгарууну мамлекеттик каттоону анык эмес деп табуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте эмитенттин ишинин токтотулушу;
- виртуалдык активдердин эмитентин банкрот деп таануу.
65. Виртуалдык активдердин эмиссияларынын бирдиктүү мамлекеттик реестрине жазуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Жобонун 64-пунктунда каралган жазууларды киргизүү үчүн негиздер пайда болгондон кийин 3 жумуш күндүн ичинде киргизилет.
66. Бардык кызыкдар болгон адам Виртуалдык активдер эмиссияларынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган маалыматтарды алууга укуктуу, буга эмитенттерди уюштуруучулар (юридикалык жакты) жөнүндө маалыматтар кирбейт.
12. Мамлекеттик каттоо номерин ыйгаруунун тартиби
67. Мамлекеттик каттоо номерин түзүү үчүн араб цифралары жана латын алфавити колдонулат.
68. Мамлекеттик каттоо номери эки бөлүктөн: өлкөнүн кодунан жана базалык номерден турат.
Өлкөнүн коду латын алфавитинин эки тамгасынан турат. Кыргыз Республикасы үчүн KG коду пайдаланылат.
Базалык номер цифралык жана тамгалык белгилерден турган тогуз позициядан турат:
а) базалык номердин биринчи позициясында 0 цифрасы турат;
б) базалык номердин экинчи позициясы виртуалдык активдин түрүн аныктайт, андагы цифра же тамга төмөнкүлөрдү билдирет:
- 1-стейблкоинди;
- 2-цифралык токенди;
- 3 жана андан ары Адан тартып Z чейин - виртуалдык активдердин башка түрлөрү үчүн резервделген;
в) базалык номердин үчүнчү жана төртүнчү позициялары - виртуалдык активдерди чыгаруунун катар номерин;
г) базалык номердин бешинчи, алтынчы, жетинчи жана сегизинчи позициялары - төрт тамгадан жана цифрадан турган эмитенттин жеке коддук белгисин билдирет, ал ар бир эмитентке бекитилип берилет;
д) базалык номердин тогузунчу позициясы - эмитент катталган региондун коду. Региондордун коддору ушул Жобонун 7-тиркемесинде берилген.
| Виртуалдык активдер эмиссиясы (чыгарылышы), жүгүртүлүшү жөнүндө жана Виртуалдык активдер эмиссиясынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тууралуу жобого 1-тиркеме |
Форма
Виртуалдык активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечим
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
Эмитенттин толук аталышы/эмитенттин аты-жөнү _________________________ ______________________________________________________________________ Эмитенттин жайгашкан жери/жашаган жери: ______________________ ______________________________________________________________________ Байланыш телефондору: ________________________________________________ Мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматтар: _________________________________ ______________________________________________________________________ (юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн) Бенефициардык ээси жөнүндө маалыматтар: ________________________________ _______________________________________________________________________ (юридикалык жактар үчүн) Виртуалдык активдерди чыгарган эмитенттин интернет сайты жөнүндө маалыматтар: _______________ _______________________________________________________________________ Эмитенттин аты-жөнү: ____________________________________________________ (жеке жак үчүн) колу ___________ 20___-ж. "_____" _____________ Эмитенттин жетекчисинин кызмат ордунун аталышы: __________________________ _______________________________________________________________________ (юридикалык жактар үчүн)
Күрөөнү башкарган жетекчисинин кызмат ордунун аталышы: _________________________________________________________
Виртуалдык активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечимге киргизилүүчү маалыматтар: 1. Виртуалдык активдердин түрү. 2. Ар бир чыгарылган виртуалдык активдин номиналдык наркы. 3. Ушул чыгарылыштагы виртуалдык активдердин саны. 4. Ар бир чыгарылган виртуалдык активдин ээлеринин укуктарынын түрү жана көлөмү. 5. Чыгарылган виртуалдык активдерди жайгаштыруунун шарттары жана тартиби: - виртуалдык активдерди жайгаштыруу мөөнөтү; - виртуалдык активдерди сатып алуу жөнүндө келишимдерди түзүү жолу менен аларды жайгаштыруу башталган дата; - виртуалдык активдерди жайгаштыруу аяктаган дата. 6. Виртуалдык активдерди жайгаштыруу мөөнөтү виртуалдык активдерди чыгаруу тууралуу кандайдыр бир маалыматтарды ачыктоо датасын көрсөтүү менен аныкталат. 7. Виртуалдык активдерди жайгаштыруунун баасы (баалары) же бааларды аныктоо тартиби. 8. Виртуалдык активдерди төлөө шарттары жана тартиби. 9. Ушул сунуштун алкагында жайгаштыруу шартталган жана виртуалдык активдерди чыгаруу болуп өттү деп таануу үчүн эмитентке керек болгон виртуалдык активдердин минималдуу саны, ошондой эле чыгаруу болгон жок деп таанылган учурда виртуалдык активдерди төлөөгө берилген каражаттарды кайтаруу тартиби. 10. Блокчейндин аталышы. 11. Виртуалдык активдердин эмитентинин капчыгынын жана смарт-контракттын дареги. 12. Виртуалдык активдерди чыгарууну камсыздоого жана күрөөгө коюлган мүлктүн наркы жөнүндө маалымат. 13. Күрөөнү башкаруучу жөнүндө маалымат. 14. Эмитенттин виртуалдык активдердин ээлеринин алдындагы милдеттенмелерин төлөө үчүн күрөөлүк камсыздоону өндүрүп алуу шарттары. 15. Виртуалдык активдерди жайгаштыруунун башка шарттары. |
| Виртуалдык активдер эмиссиясы (чыгарылышы), жүгүртүлүшү жөнүндө жана Виртуалдык активдер эмиссиясынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тууралуу жобого 2-тиркеме |
Форма
Ак кагаздын титулдук барагы (white paper)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
Катталган: "____" _______ 20___-ж. Мамлекеттик каттоо номери ___________________________________________ _______________________________________________________________________ (каттоочу орган) ________________________________________________________________________ (ыйгарым укуктуу адамдын колу) М.О. Виртуалдык активдерди чыгаруу ак кагазы (white paper) _________________________________________________________________________ (эмитенттин толук фирмалык аталышы/эмитенттин аты-жөнү) __________________________________________________________________________ (эмитенттин жайгашкан жери, байланыш телефондору) "____" ______________________ 20___-ж.
Ушул ак кагазда (white paper) камтылган маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачылууга жатат. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул ак кагазда (white paper) камтылган маалыматтардын аныктыгы жана аны каттоо үчүн жооп бербейт, жайгаштырылуучу виртуалдык активдерге карата өзүнүн мамилесин билдирбейт. Бардык берилүүчү маалыматтардын аныктыгы үчүн эмитент өзү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартат. Эмитенттин виртуалдык активдерине каражаттарды салуу жөнүндө чечимди кабыл алып жатып, сиз ошол виртуалдык активдерге ээлик кылуу менен байланышкан жагымдуулугу жана тобокелдиги жөнүндө өзүңүздүн пикириңизге таянышыңыз керек. Ак кагаз (white paper) кеминде төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш: 1. Ак кагаз түзүлгөн күн (white paper). 2. Долбоордун кыскача резюмеси, болгон материалдары жана максаттары. 3. Эмитенттин виртуалдык активдери жөнүндө маалыматтар: - азыркы учурга карата чыгарылган эмитенттин бардык виртуалдык активдери; - ачык сунушталган виртуалдык активдердин түрү; - виртуалдык активдердин номиналдык наркы; - ачык сунуштоого болжолдонгон виртуалдык активдердин саны; - блокчейндин аталышы, виртуалдык активдердин эмитентинин капчыгынын жана смарт-контракттын дареги; - сатуу ушул ачык сунуштоонун алкагында болжолдонуп жаткан, виртуалдык активдерди ачык сунуштоону ишке ашты деп таануу үчүн виртуалдык активдердин эмитентке керектүү болгон минималдуу саны; - ачык сунуштоодо виртуалдык активдердин баасы (бааны аныктоо тартиби); - виртуалдык активдерди ачык сунуштоону жүзөгө ашыруунун шарттары жана мөөнөттөрү; - сунушталып жаткан виртуалдык активдер мурда чыгарылгандыгына же болбосо жайгаштырууга сунушталгандыгына көрсөтмө; - виртуалдык активдерди төлөөнүн, виртуалдык активдер боюнча кирешелерди алуунун ыкмалары, кайрылуунун мөөнөтү, ошондой эле виртуалдык активдерди төлөөнүн тартиби (виртуалдык активдердин эмитентинин тиешелүү чечими бар болсо); - ачык жайгаштырылган виртуалдык активдерди сатып алууга артыкчылыктуу укуктун болушу, жайгаштырылган виртуалдык активдерди сатып алууга жана жүгүртүүгө бардык чектөөлөр (артыкчылыктуу укук же чектөөлөр болгон учурда); - виртуалдык активдерди ачык сунуштоону уюштуруу боюнча кызматтарды көрсөткөн адамдар жөнүндө маалыматтар; - каражаттары боюнча виртуалдык активдерди сатуу болжолдонуп жаткан виртуалдык активдердин тооруктарынын оператору жөнүндө маалыматтар; - виртуалдык активдердин тооругунун операторунун листингине эмитентти киргизүү жөнүндө көрсөтмө; - эмитент кошумча экспертти (эксперттик уюмду) тарткан учурда ак кагазда (white paper) камтылууга тийиш болгон жана/же ак кагазга (white paper) шилтеме берилген эксперттин (эксперттик уюмдун) корутундусу; - виртуалдык активдерди ачык сунуштоо ишке ашкан жок деп таанылган учурда виртуалдык активдерди төлөөгө алынган каражаттарды кайтаруу тартиби; - виртуалдык активдерди чыгарууну камсыздоого жана күрөөгө коюлган мүлктүн наркы жөнүндө маалыматтар; - күрөөнү башкаруучу жөнүндө маалыматтар; - эмитенттин виртуалдык активдердин ээлеринин алдындагы милдеттенмелерин жабуу үчүн күрөөлүк камсыздоону өндүрүү шарттары. 4. Рыноктун параметрлери (рыноктун, потенциалдуу аудиториянын эсептери). 5. Маршруттук карта, айда долбоорду өнүктүрүүнүн мөөнөттөрү аныкталат. 6. Бизнес-план (техникалык-экономикалык негиздеме): - виртуалдык активдер менен байланышкан кызматтарды көрсөтүүдө көздөлгөн максаттарды аныктоо; - кеминде 3 жылга бул кызматтарды көрсөтүүдөн күтүлгөн экономикалык натыйжалардын болжолдук эсептери; - чыгымды актоонун потенциалдуу мөөнөтү; - рентабелдүүлүк; - долбоорду ишке ашыруу үчүн акча каражаттарынын булактары. 7. Эмитенттин виртуалдык активдерин сатып алуу менен байланышкан тобокелдиктер (эмитенттин виртуалдык активдеринин ээлери кабылуучу тобокелдик факторлоруна кеңири талдоо келтирилет). 8. Атаандаштык чечимдер жана долбоордун алардын алдындагы артыкчылыгы. 9. Команданы, анын ичинде долбоорду илгерилетүүгө түрткү болгон кесиптик көндүмдөргө ээ адамдарды сыпаттоо. 10. Иштеп чыгуу тарыхы, ЖМКда чагылдыруу. 11. Юридикалык маалыматтар: 11.1. Эмитент жөнүндө жалпы маалыматтар. Эмитенттин толук фирмалык аталышы/эмитенттин аты-жөнү. Эмитенттин кыскартылган аталышы (юридикалык жактар үчүн). Эмитенттин аталышындагы жана уюштуруу-укуктук формасындагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтар (юридикалык жактар үчүн). Эгерде эмитент болгон убакыттын ичинде анын фирмалык аталышы жана уюштуруу-укуктук формасы алмаштырылса, анын мурдагы бардык толук жана кыскартылган фирмалык аталыштары, уюштуруу-укуктук формалары, ошондой эле алар өзгөртүлгөн дата (юридикалык жактар үчүн) көрсөтүлөт. Эмитентти мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө маалыматтар (жеке ишкерлер жана юридикалык жактар үчүн). Каттоо номери жана мамлекеттик каттоо жөнүндө дата (эмитентти мамлекеттик каттоону ырастоочу башка документтин), ошондой эле аны мамлекеттик каттоону жүргүзгөн органдын аталышы (жеке ишкерлер жана юридикалык жактар үчүн). Эмитенттин жайгашкан жери, почта дареги жана байланыш телефондору. Эмитенттин чарбалык ишинин негизги түрү. 11.2. Эмитенттин кызмат адамдары жөнүндө маалыматтар (юридикалык жактар үчүн). Эмитенттин башкаруу органдарынын түзүмү жана компетенциялары жөнүндө маалыматтар. Эмитенттин башкаруу органдарынын курамына кирген адамдардын тизмеси, башкаруучу уюм жөнүндө маалымат, эмитенттин башкаруу органдарына кирген адамдардын, акциялардын/үлүштөрдүн ири пакеттеринин ээлеринин жана акциялардын/үлүштөрдүн уюштуруучуларынын/катышуучуларынын, контролдук пакеттеринин ээлеринин ортосундагы аффилирленген байланыштардын мүнөзү. Эмитенттин жана анын туунду жана көз каранды коомдорунун кызмат адамдарына таандык болгон акцияларынын/үлүштөрүнүн саны. 11.3. Эмитенттин уюштуруучулары же катышуучулары жөнүндө маалыматтар (юридикалык жактар үчүн). Акциялардын/үлүштөрдүн ири пакеттеринин ээлери жана акциялардын/үлүштөрдүн контролдук пакеттерине ээ болгон уюштуруучулар/катышуучулар жөнүндө маалыматтар. Кызмат адамдары, акциялардын/үлүштөрдүн при пакеттеринин ээлери алардын аффилирленген жактары кызыкдар болгон, акыркы аяктаган 3 финансылык жылда же эгерде эмитент оз ишин 3 жылдан аз жүргүзгөн болсо, ар бир аяктаган финансылык жылда, ошондой эле ак кагазды (white paper) түзгөн датага чейинки мезгилде эмитент түзгөн бүтүмдөр тууралуу маалыматтар. 12. Башка маалыматтар. Виртуалдык активдерди чыгаруунун жана (же) жүгүртүүнүн башка өзгөчөлүктөрү жана шарттары. Виртуалдык активдерди сатуучу негизги жерлер (жер).
Эмитент (жеке жактар үчүн): ___________________________________ ____________________________________________________________ ____________________________________________________________
Жетекчи (юридикалык жактар үчүн): ________________________________ _______________________________________________________________
Башкы бухгалтер (юридикалык жактар үчүн): __________________________ ________________________________________________________________
М.О. Жетекчи (күрөөнү башкаруучу үчүн): __________________________________ _________________________________________________________________
М.О. 20-жылдын "____" ___________________. |
|
| Виртуалдык активдер эмиссиясы (чыгарылышы), жүгүртүлүшү жөнүндө жана Виртуалдык активдер эмиссиясынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тууралуу жобого 3-тиркеме |
Форма
Виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырууну мамлекеттик каттоого
АРЫЗ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
_________________________________________________________________________________
(эмитенттин толук аталышы/эмитенттин аты-жөнү)
_________________________________________________________________________________
(виртуалдык активдердин түрү, саны, номиналдык наркы, эмиссиянын көлөмү көрсөтүлөт)
Төмөнкүлөргө ылайык жайгаштырылган ______________________________________________
__________________________________________________________________________________
(виртуалдык активдерди чыгаруу жөнүндө тиешелүү чечим, аны бекиткен эмитенттин
ыйгарым укуктуу органы, күнү жана номери көрсөтүлөт)
__________________________________________________________________________________
виртуалдык активдерди чыгарууну мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырууну сурайт.
Эмитенттин жайгашкан жери, почта дареги жана байланыш телефондору
___________________________________________________________________________________
Эмитенттин аты-жөнү.________________________________________________________________
(жеке жак үчүн)
Колу _____________________ 202___-ж. "___" _______
Жетекчинин кызмат орунун аталышы
___________________________________________________________________________________
(юридикалык жак үчүн)
М.О.
202__-ж. "___" _____________________
|
| Виртуалдык активдер эмиссиясы (чыгарылышы), жүгүртүлүшү жөнүндө жана Виртуалдык активдер эмиссиясынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тууралуу жобого 4-тиркеме |
Форма
Виртуалдык активдердин эмитентинин акционеринин (уюштуруучусунун)/катышуучусунун АНКЕТАСЫ
(жеке жак толтурат)
1 | Аты-жөнү |
|
|
2 | Эгерде фамилиясын алмаштырса (мурдагы фамилиясы): | Качан: | Эмне себептен: |
3 | Туулган жылы: | Туулган жери: | |
4 | Паспорту | Сериясы: | Номери: |
|
| Ким тарабынан берилген: | Берилген күнү: |
5 | Жарандыгы: ___________________________________________________________ | ||
6 | Иш жүзүндө жашаган жери:______________________________________________ уюлд. тел.: ____________________________________________________________ | ||
7 | Негизги иштеген жери:__________________________________________________ _______________________________________________________________________ | Ээлеген кызматы:________________ _______________________________ | |
8. Сизге же маанилүү катышуучу жана/же башка бардык кызмат адамы катары (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер д.у.с. катары) Сиз байланышта болгон компанияга карата качандыр бир кезде, кайсы бир өлкөдө:
- акыркы 3 жылдын ичинде кылмыш жасоо үчүн (финансылык/экономикалык жана кылмыш-жаза) күнөө коюлду беле, анын ичинде иш токтотулган же күнөө алынып салынган учурлар болду беле (ооба/жок) ________________________________________________
9. Сиз кызмат адамы (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер д.у.с. катары) катары байланышкан, мажбурлоо тартибинде кудуретсиз деп таанылган же мажбурлап жоюу процессинде турган же акыркы 3 (үч) жылда маанилүү катышуучу катары байланышта болгон финансылык компанияны көрсөтүңүз:
___________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________
Сиз байланышкан жана мажбурлап кудуретсиз кылуу, жоюу менен байланышкан шарттар коюлган компанияда акыркы үч жылда кызмат адамы же маанилүү катышуучу катары Сиздин ролуңузду жана жоопкерчилик чөйрөңүзгө толук негиздеме бериңиз.
___________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________
10. Үй-бүлөлүк абалыңыз
___________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________
Жакын туугандарыңызды (ата-энеңизди, жубайыңызды, жашы жеткен балдарыңызды) көрсөтүңүз:
Аты-жөнү | Туугандык мамилелер | Туулган күнү жана жери | Кызмат орду жана иштеген жери | Үйүнүн дареги, тел. номери | Жакын туугандарыңыз кылмыш жоопкерчилигине тартылды беле: ооба/жок. Тартылса анын себептери |
|
|
|
|
|
|
11.Финансылык-кредиттик уюмдардын же банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын алдында мөөнөтү өтүп кеткен карыздарыңыз (кредиттер) болсо аларды санап көрсөтүңүз:
___________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________
12. Акыркы 3 жылда кайсы өлкөдө болбосун уюштуруучусу, акционери (ээси) болуп саналгансыз жана/же саналасыз (уставдык капиталындагы үлүшү ээликтен ажыратылган учурда ээликтен ажыратылган күндү көрсөтүү зарыл):
Юридикалык жактын аталышы, жайгашкан жери | Юридикалык жактын ишинин түрү | Ээликте турган акциялардын саны | Капиталдагы ээлик кылган үлүшүңүз (сом менен) | Аталган юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүшүңүз (% менен) |
|
|
|
|
|
13. Виртуалдык активдерди чыгарууну каттоого өтүнмөнү кароо үчүн Сиз маанилүү деп эсептеген башка маалыматтарды бериңиз.
14. Мен, _______________________________________________________________________
(аты, жөнү)
жогоруда анкетада берилген маалыматтар анык жана толук болуп саналарын жана алар менин билимиме жана анкетада көрсөтүлгөн суроолорго ылайык берилгендигин ырастайм.
__________________ колу ________-жылдын " _____" ___________
Эскертүү:
1) анкетанын ар бир барагына кол коюу зарыл;
2) анкетадагы оңдоолор "оңдолгондор анык" деген сөздөр менен жана өз колун коюу менен күбөлөндүрүлөт.
|
| Виртуалдык активдер эмиссиясы (чыгарылышы), жүгүртүлүшү жөнүндө жана Виртуалдык активдер эмиссиясынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тууралуу жобого 5-тиркеме |
Форма
Виртуалдык активдердин акционеринин (уюштуруучусунун)/катышуучусунун АНКЕТАСЫ
(юридикалык жак тарабынан толтурулат)
1. Юридикалык жактын аталышы
_________________________________________________________________________________________________________
(юридикалык жактын толук жана кыскартылган аталышы көрсөтүлөт)
2. Юридикалык дареги
__________________________________________________________________________________________________________
3. Түзүлгөн күнү
__________________________________________________________________________________________________________
4. СИН
__________________________________________________________________________________________________________
5. Юридикалык жактын каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда катталган күн
__________________________________________________________________________________________________________
(мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн №)
6. Кыргыз Республикасынын кайсы банктарында юридикалык жактын аталган иш менен байланышкан эсептери ачылган:
___________________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________________
7. Юридикалык жак тарабынан жүзөгө ашырылуучу иштин башка түрлөрү:
___________________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________________
8. Юридикалык жак финансылык иш боюнча кимдир бирөөлөр менен соттук талаштарга тартылды беле, эгерде
тартылган болсо акыркы 3 (үч) жылдагы соттук талаштын деталдары (доогер, жоопкер, талаштын предмети,
соттук иш кайсыл соттук инстанцияда каралат, ишти кароо кайсы этапта турат) жөнүндө толук көрсөтүңүз:
9. Арыз ээсинин пикири боюнча олуттуу болуп саналган башка маалыматтар:
___________________________________________________________________________________________________________
Юридикалык жактын жетекчисинин колу
М.О.
|
| Виртуалдык активдер эмиссиясы (чыгарылышы), жүгүртүлүшү жөнүндө жана Виртуалдык активдер эмиссиясынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тууралуу жобого 6-тиркеме |
Форма
Виртуалдык активдердин эмиссиясынын жана/же ачык жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө кабарлоо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
_______________________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________
(эмитенттин фирмалык толук аталышы/жеке жактын Ф.А.Ж.)
Чыгарууну мамлекеттик каттоо номери _____________________________________________________
_______________________________________________________________________________________
Чыгарууну мамлекеттик каттоо күнү 202__-ж. "___" _____________________
Эмитенттин жайгашкан жери, почта дареги жана байланыш телефондору
_______________________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________
Эмитенттин аты-жөнү ____________________________________________________________________
(жеке жак үчүн)
Колу _____________________
Жетекчинин кызмат ордунун аталышы
_______________________________________________________________________________________
(юридикалык жак үчүн)
колу, аты-жөнү
Башкы бухгалтер
_______________________________________________________________________________________
(юридикалык жак үчүн)
колу, аты-жөнү
(мөөр)
Күнү ________________
Виртуалдык активдерди жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө кабарлоого киргизилүүчү маалыматтар:
1. Виртуалдык активдердин түрү __________________________________________________________
2. Виртуалдык активдерди жайгаштыруунун иш жүзүндөгү мөөнөтү ___________________________
2. Чыгарылган ар бир виртуалдык активдин номиналдык наркы
________________________________________________________________________________________
3. Чыгарылыштагы жайгаштырылган виртуалдык активдердин саны
________________________________________________________________________________________
5. Чыгарылыштагы жайгашытрылган виртуалдык активдердин баасы (баалары) _________________
________________________________________________________________________________________
6. Жайгаштырылган виртуалдык активдер үчүн түшүүлөрдүн жалпы көлөмү ____________________
________________________________________________________________________________________
7. Жайгаштырылбай калганда чыгарылыш ишке ашпаган деп таанылуучу виртуалдык активдердин үлүшү
_________________________________________________________________________________________
8. Чыгарылыштагы жайгаштырылган жана жайгаштырылбай калган виртуалдык активдердин үлүшү
(чыгарылыштагы виртуалдык активдердин жалпы санынын пайызы менен) ______________________
9. Виртуалдык активдердин жайгаштырылышын ырастоочу, эмитент жана виртуалдык активдердин
тооругунун оператору тарабынан күбөлөндүрүлгөн виртуалдык активдерди кармоочулардын реестринен көчүрмө
|
| Виртуалдык активдер эмиссиясы (чыгарылышы), жүгүртүлүшү жөнүндө жана Виртуалдык активдер эмиссиясынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тууралуу жобого 7-тиркеме |
Региондордун коддору
Региондун аталышы | Региондун коду |
Бишкек | 1 |
Чүй облусу | 2 |
Ош облусу | 3 |
Жалал-Абад облусу | 4 |
Ысык-Көл облусу | 5 |
Талас облусу | 6 |
Нарын облусу | 7 |
Баткен облусу | 8 |
Ош | 9 |