Загрузка документа…
| 3-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 токтомуна ылайык) |
Виртуалдык активдерди алмаштыруу
операторунун иши жана Виртуалдык
активдерди алмаштыруу операторлорунун
реестрин жүргүзүү жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25, 27, 30-беренелерине ылайык иштелип чыккан.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун иши лицензиялануучу болуп саналат жана Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун реестринде мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорун мамлекеттик каттоонун тартиби ушул Жобо менен аныкталат.
2. Ушул Жобого карата колдонулуучу төмөндө келтирилген терминдер төмөнкүдөй маанилерде пайдаланылат:
бенефициардык менчик ээси - түпкүлүгүндө (менчиктин жана контролдоо чынжырчасы аркылуу) тике же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) менчик укугуна ээ болгон же виртуалдык активдерди алмаштыруу операторун көзөмөлдөгөн жеке жак же болбосо анын атынан же кызыкчылыгында операция (бүтүм) жүргүзүлүп жаткан жеке жак (жеке жактар);
кардар - виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору тейлөөгө кабыл алынган же тейленип жаткан же виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору менен ишкердик мамилелерди түзгөн же түзүп жаткан жеке же юридикалык жак (уюм), чет өлкөлүк траст же юридикалык уюм;
верификация - кардардын жана (же) бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтарын текшерүү жол-жобосу;
идентификация - кардар жана (же) бенефициардык ээси жөнүндө идентификациялык маалыматтарды белгилөө жол-жобосу;
пайыздык скоринг - бул виртуалдык активдин же виртуалдык капчыктын тобокелдик деңгээлин сандык баалоо, ал анын жүрүм-турумун, операцияларын жана акчаны адалдоо же терроризмди каржылоо сыяктуу мыйзамсыз иш-аракеттерде колдонуу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу башка факторлорду талдоого негизделет;
ыйгарым укуктуу орган - виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
3. Башка терминдер "Виртуалдык актив дер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган маанилеринде пайдаланылат.
4. Ушул Жобонун максаттары үчүн юридикалык жактар үчүн каралган талаптар чет өлкөлүк укукка ылайык түзүлгөн жана юридикалык жактардын статусуна ээ болбогон уюмдарга да жайылтылат (юридикалык жактардын обочолонгон бөлүмдөрүнөн тышкары).
2. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун
акционерлерине/уюштуруучуларына/катышуучуларына,
бенефициардык ээлерине жана кызмат адамдарына карата
талаптар
5. Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары, резиденттери/резидейт эместери виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун акционерлери/уюштуруучулары/катышуучулары, бенефициардык ээлери жана кызмат адамдары боло алат.
Юридикалык жактын акционерлери/уюштуруучулары/катышуучулары, бенефициардык ээлери жана кызмат адамдары жөнүндө маалыматтар ушул Жобонун 1, 2-тиркемелерине ылайык анкетада берилүүгө тийиш.
6. Төмөнкүлөр виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун акционерлери/уюштуруучулары/катышуучулары, бенефициардык ээлери жана кызмат адамдары боло албайт:
- оффшордук зонада туруктуу жашаган жеке жактар жана (же) айда катталган юридикалык жактар - резидент эместер;
- оффшордук зонада жайгашкан банктарда эсептери бар юридикалык жана жеке жактар;
- юридикалык жактар, эгерде алардын акционеры (катышуучусу) оффшордук зонада туруктуу жашаган жеке жак болсо;
- саясий партиялар, профсоюздар жана диний уюмдар;
- кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталган санкциялык тизмеге киргизилген юридикалык жана жеке жактар;
- терроризмге жана экстремизмге, баңги жана психотроптук каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга каршы күрөштү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар жана Кыргыз Республикасынын башка компетенттүү органдары тарабынан берилүүчү маалыматтардын, ошондой эле чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынан жана эл аралык уюмдардан расмий каналдар боюнча алынган маалыматтардын негизинде аларга карата терс маалыматтар болгон юридикалык жана жеке жактар;
- соттуулугу жоюлбаган адамдар, анын ичинде башка мамлекеттерде;
- өздөрүнүн финансылык милдеттенмелерин төлөө боюнча соттун аткарылбаган чечими бар адамдар.
61. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун кызмат адамдары ыйгарым укуктуу орган менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш.
Талапкерлиги макулдашууга тийиштүү болгон виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун кызмат адамдары болуп төмөнкүлөр саналат:
- директорлор кеңешинин жетекчиси жана мүчөлөрү (бар болсо);
- аткаруу органынын жетекчиси (аткаруу органынын функцияларын жеке өзү жүзөгө ашыруучу адам) жана мүчөлөрү;
- башкы бухгалтер же жалгыз бухгалтер;
- ыйгарым укуктуу кызматкер же тобокелдиктер жана комплаенс боюнча директор.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун кызмат адамы дайындалган (шайланган) күндөн тартып 45 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө өзүнүн кызмат ордун макулдашуусуз ээлөөгө укуктуу.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин жана макулдашууга документтердин толук пакети берилбеген же макулдашуудан баш тартылган учурларда виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору бул адам менен эмгек келишимин бузууга, же эмгек келишими жок болгон учурда бул кызмат адамынын ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун кызмат адамынын милдеттерин ушул пунктта белгиленген мөөнөттөн ашык макулдашуусуз аткарууга (убактылуу жок болгонду алмаштырууга) тыюу салынат.
Кызмат адамын макулдашуу үчүн виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору ыйгарым укуктуу органга ар бир талапкерди макулдашуу жөнүндө катты (өзүнчө) төмөнкү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркөө менен берүүгө тийиш:
- талапкерди шайлоо/дайындоо жөнүндө чечим;
- талапкердин өздүк күбөлүгү;
- соттолбогондугу жөнүндө маалымкаттын түп нускасы;
- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык белгиленген форма боюнча талапкердин анкетасынын түп нускасы.
Эгерде кызмат адамынын талапкерлигин макулдашуу үчүн документтер "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасында бар болсо, анда аларды ыйгарым укуктуу органга берүү талап кылынбайт.
Макулдашуу жол-жобосунан өткөн кызмат адамдарынын курамы өзгөргөндө виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору жаңы кызмат адамы шайланган (дайындалган) күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга өзгөрүүлөр жөнүндө билдирүү берүүгө милдеттүү. Жаңы талапкерди макулдашуу жөнүндө кат шайланган (дайындалган) күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде жогоруда саналып өткөн документтерди тиркөө менен ыйгарым укуктуу органга берилет.
Анкетанын пункттарында камтылган маалыматтар өзгөргөндө макулдашуудан өткөн кызмат адамдары бул тууралуу өзгөртүүлөрдөн кийин 10 (он) жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга (жазуу жүзүндө) кабарлоого милдеттүү.
Кызмат адамын макулдашууга документтер мамлекеттик же расмий тилдерде берилет.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун кызмат адамдарын дайындоого (шайлоого) макулдук берүү үчүн берилген документтер ушул Жобонун талаптарына ылайык документтердин толук пакети тапшырылган датадан тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун кызмат адамдарын дайындоого (шайлоого) макулдук берүүдөн төмөнкүдөй негиздер боюнча баш тартылат:
- кызмат адамдарынын "Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптарга ылайык келбеши;
- виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору эскертүүлөрдү четтетпесе же сын пикирлерди эске алуу менен жеткире иштелип чыккан документтерди виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору документтерди кароонун ушул пунктунда белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин берсе;
- ушул пунктта белгиленген мөөнөттүн ичинде өз кызмат ордун макулдашуусуз ээлей ала турган кызмат адамы ошол мөөнөт өткөндөн кийин документтерди берсе.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун кызмат адамын дайындоого (шайлоого) берилген макулдук төмөнкүдөй негиздер боюнча чакырып алынат:
- макулдук берүүгө негиз болгон маалыматтардын анык эмес экендиги аныкталса;
- тиешелүү кызмат ордун ээлеген (акыркы 12 календардык айдын ичинде) кызмат адамына жана/же виртуалдык активдерди алмаштыруу операторуна ыйгарым укуктуу орган таасир этүү чараларын системалуу түрдө (акыркы 12 календардык айдын ичинде 3 (үч) жана андан көп жолу) колдонсо;
- соттуулугу жоюлбаса.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун кызмат адамын дайындоого (шайлоого) макулдук чакыртып алынган учурда, виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору чакыртып алуу алынган күндөн тартып 14 (он төрт) календардык күндөн кечиктирбестен ошол адам менен эмгек келишимин бузууга милдеттүү. Эгерде эмгек келишими жок болсо, виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору бул кызмат адамынын ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча чараларды көрүүгө тийиш.
3. Кардарлар менен мамиле түзүү тартиби
7. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, Кыргыз Республикасынын резиденттери да, резидент эместери да боло турган кардарлар менен мамилелерди түзүүгө укуктуу.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун кардарлар менен болгон мамилелери келишимдик негизде жана/же ачык оферта аркылуу түзүлөт.
Кардарлар менен болгон мамилелер ал аркылуу түзүлгөн келишимдерде жана/же ачык офертада виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору ушул Жободо, "Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, ошондой эле кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган шарттарды эске алууга милдеттүү.
Кардардын ачык офертаны кабыл алуусу толук жана шартсыз болууга тийиш. Эгерде жарандык укук жаатындагы мыйзамдарда башка каралбаса же ачык офертада көрсөтүлбөсө, ачык офертаны алган кардардын анын акцепти үчүн белгиленген мөөнөттө айда көрсөтүлгөн келишимдин шарттарын аткаруу боюнча иш-аракеттерди жасоосу акцепт деп эсептелет.
71. Кардар менен мамиле түзүү үчүн виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору кылмыштуу ишти каржылоого каршы күрөшүү жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык кардардын идентификациялык маалыматтарын идентификациялоону же аралыктан идентификациялоону жана верификациялоону же аралыктан верификациялоону жүргүзүүгө милдеттүү.
Кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) (AML жана КҮТ) боюнча талаптарды сактоо максатында кардарлардын виртуалдык активдер менен транзакцияларын бардык текшерүүлөр милдеттүү тартипте ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган AML/KYT-кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн маалыматтык системасын (программалык камсыздоону) пайдалануу менен жүргүзүлүүгө тийиш.
Пайыздык скоринг ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
8. Эгерде виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору өзүнүн платформасында электрондук жеке кабинетти түзүү мүмкүндүгүн кардарларга берсе, виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору бир эле ошол кардардын эки жана андан ашык электрондук жеке кабинеттерди түзүүсүнө жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
9. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору төмөнкүлөр менен мамиле түзүүгө укуктуу эмес:
- 18 жашка чыга элек жеке жактар менен;
- Кыргыз Республикасынын резидент эместери менен, эгерде бул жарандары (букаралары) Кыргыз Республикасынын резидент эместери болуп саналган жана (же) алардын жашап туруу укугуна (же ушуга окшош документке) же турган жерине (уюштурулган, катталган) ылайык туруктуу жашаган жери болгон мамлекеттин мыйзамдарына каршы келсе;
- жеке жактар, жеке ишкерлер, юридикалык жактар, ошондой эле бенефициардык ээлери террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү, ошондой эле экстремисттик ишти каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталган санкциялык тизмекке киргизилген юридикалык жактар;
- эгерде бул виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун келишимдик милдеттенмелеринде же виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун локалдык актыларында каралган болсо, башка жактар тарабынан.
10. Кыргыз Республикасынын жарандары менен аларга виртуалдык активдерди акча каражаттарына же электрондук акчага сатуу же болбосо бир түрдөгү виртуалдык активдерди башка түрдөгү виртуалдык активдерге алмаштыруу боюнча бүтүмдөрдү түзгөнгө чейин виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору алардын мындай бүтүмдөрдү жасоо үчүн жетиштүү билим деңгээлине (компетенттүүлүк) ээ экендигине ынанууга милдеттүү. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору мындай билим деңгээлине (компетенттүүлүгүнө) ээ эмес деп аныктаган Кыргыз Республикасынын жарандарына карата аталган бүтүмдөрдү жасоого укуксуз.
Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн бүтүмдөрдү жасоо үчүн билимдин (компетенттүүлүктүн) деңгээлин аныктоо виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына толтуруу (чечүү) үчүн сурамжылоону (тестти) берүү аркылуу жүргүзүлөт.
Сурамжылоо (тест) жана ага өзгөртүүлөр/толуктоолор ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылууга тийиш.
Ыйгарым укуктуу орган тиешелүү кабарлоону алгандан кийин алынган сурамжылоону (тестти) талдайт жана эскертүүлөр/сунуштар болгон учурда кабарлоо катталган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде виртуалдык активдерди алмаштыруу операторуна сурамжылоону (тестти) иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндө маалымдайт.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору кардарга виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жүргүзүүдөгү тобокелдиктер жөнүндө маалымдоого тийиш.
11. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору кардарды идентификациялоо жана верификациялоо боюнча документтердин, анын ичинде кардарды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо боюнча документтердин, кардардын тиешелүү анкеталарынын, келишимдин, ал эми кардар юридикалык жак болсо - уюштуруу документтеринин, каттоо жөнүндө күбөлүктүн, ошондой эле ушул Жобонун 10-пунктунда каралган билим деңгээлин (компетенттүүлүгүн) аныктоонун жүрүшүндө алынган документтердин мындай документтерди алган күндөн тартып кеминде 5 (беш) жыл сактоону камсыз кылууга милдеттүү.
12. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору Кыргыз Республикасынын резидент эместери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары алар менен мамиле түзүү үчүн (анын ичинде финансылык абалга жана абройго талаптар) ылайык келүүгө тийиш болгон критерийлерди аныктоого укуктуу.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору тарабынан белгиленген критерийлер кылмыштуу ишти каржылоого каршы аракеттенүү жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
13. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кардарлар менен сүйлөшүүлөрдүн байланыш каражаттарын пайдалануу менен жүзөгө ашырылуучу үн жазууну (видео жазууну) жүргүзүүгө (бул тууралуу кардарга милдеттүү түрдө алдын ала билдирүү менен);
- үн жазуунун (видеожазуунун) маалыматтарын жана кардарлар менен болгон бардык кат алышууларды мындай үн жазуулар (видеожазуулар) жана кат алышуулар жүзөгө ашырылган (пайда болгон) күндөн тартып кеминде 5 календардык жылдын ичинде сактоого;
- ар бир жумуш күн аяктагандан кийин кардарлар тарабынан жасалган бүтүмдөр (операциялар) жөнүндө бардык маалыматтардын резервдик көчүрмөсүн жасоого;
- ушул Жобого ылайык виртуалдык активдерди акча каражаттарына же электрондук акчага сатып алууга жана (же) сатууга, же болбосо бир түрдөгү виртуалдык активдерди башка түрдөгү виртуалдык активдерге алмаштырууга кардарлардын өтүнмөлөрүнүн өз убагында аткарылышын камсыз кылууга (мындай өтүнмөлөрдү аткаруу мүмкүнчүлүгү болгон учурда);
- виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун кызматкерлеринин жана жарандык-укуктук келишимдер боюнча алар тарабынан виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун ишин жүзөгө ашырууга түздөн-түз тартылган адамдардын виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды, анын локалдык ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону билүүсүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;
- "Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, ошондой эле ушул Жободо каралган башка талаптарды аткарууга.
4. Жарнамага жана кардарларды маалымдоого
коюлган талаптар
14. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору "Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо каралган виртуалдык активдердин жана өзүнүн ишинин жарнамасына коюлган (анын ичинде ал аркылуу виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү (операцияларды) жасоого түрткү берген) талаптарды сактоого жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылууга милдеттүү.
15. Ушул Жобо менен Кыргыз Республикасынын аймагында жайгаштырылуучу (жайылтылуучу) (анын ичинде үчүнчү жактарды тартуу менен) виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун виртуалдык активдеринин жана ишинин жарнамасына коюлган төмөнкүдөй талаптар аныкталат:
- жарнама айкын, ак ниеттүү жана жаңылышууга алып келбегендей болууга тийиш;
- виртуалдык активдерди сатып алган адам туш болуучу тобокелдиктер жөнүндө эскертүүлөр жарнамага жайгаштырылууга тийиш, айда виртуалдык активдердин толом каражаты болуп саналбай тургандыгы, мамлекет тарабынан камсыз кылынбагандыгы жана виртуалдык активдерди сатып алуу акча каражаттарынын жана виртуалдык активдерге алмаштырууга берилген жарандык укуктардын башка объекттеринин толук жоголушуна алып келиши мүмкүн экендиги (анын ичинде виртуалдык активдердин наркынын абдан өзгөрүлмөлүүлүгүнүн, техникалык үзгүлтүктөрдүн (каталардын); укукка каршы иш-аракеттерди жасоонун, анын ичинде уурдап алуунун натыйжасында) көрсөтүлөт;
- жарнамада жарнаманы жайылтуучуга, ошондой эле мындай жарнаманын керектөөчүлөрүнө чейин жарнаманы түздөн-түз жеткирген жакка жана ошол жарнамада сүрөттөлгөн жакка төлөнүүчү сый акынын булагы жана түрү (же болбосо тиешелүү мамилелер акысыз мүнөздө болгон учурда сый акынын жоктугу белгиленүүгө тийиш);
- эгерде жарнамада мурдагы натыйжалар, болжолдонгон натыйжалар же болжолдонгон күтүлгөн натыйжалар жөнүндө маалымат камтылса, ал так болууга жана мындай маалыматтардын мааниси, бул окуялар болгон убакыт жана аларга негизделген тыянактардын ыктымалдуулук даражасы жарнама жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоо менен эки жактуу эмес мааниде ачылууга тийиш;
- офертаны камтыган жарнаманын мазмуну келишимди түзүүгө карата сунушталган бардык шарттарды, ошондой эле ушул офертанын акцептине алып келе турган иш-аракеттердин сыпаттамасын кароого тийиш;
- салык жеңилдиктери жарнамада эскертилген учурда (мындай учурда) ошол жеңилдиктер деталдуу түрдө сыпатталууга тийиш.
16. Виртуалдык активдерди же виртуалдык активдердин өзүн пайдалануу менен байланышкан иштин келечектеги натыйжалуулугуна (кирешелүүлүгүнө) берилген убада же кепилдик жарнамада камтылбоого тийиш (жарнамада пайдаланылбоого тийиш).
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунда ишенимдүүлүгү аудитордук уюм тарабынан ырасталган акыркы аяктаган финансылык жыл үчүн финансылык отчеттуулуктун тиешелүү маалыматтары болсо виртуалдык активдерди пайдаланууга же виртуалдык активдердин өзүнө байланышкан иштин натыйжалуулугу (кирешелүүлүгү) жөнүндө маалыматтарды жарнамада пайдаланууга жол берилет.
Жарнамада төмөнкүлөрдү пайдаланууга тыюу салынат:
- кооз предметтер, бонустар жана арзандатуулар жөнүндө маалыматтарды;
- баюунун жеңил ыкмасы катары виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жасоо тууралуу маалыматтарды;
- виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жасоо коомдук таанууга, кесиптик же жеке ийгиликтерге жетүү үчүн маанилүү мааниге ээ экендигин ырастоону;
- жашы жете элек адамдардын образдарын;
- виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жасоонун натыйжасында киреше алуу ыктымалдуулугун күчөтүп же виртуалдык активдерди төлөөгө же виртуалдык активдерге алмашууга берилген акчаларды жана жарандык укуктардын башка объекттерин толук жоготуу тобокелдигинин даражасын азайтып айтуулар;
- виртуалдык активдерди пайдалануу менен байланышкан коомдук мамилелерге катышпай коюуларды айыптап айтуулар.
17. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору виртуалдык активдерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинен виртуалдык активдердин жарнамасынын текстине жазуу жүзүндөгү макулдугун алдын ала алууну камсыз кылууга милдеттүү.
18. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору кардарларга маалымат билдирүүнү камсыз кылууга милдеттүү, мында кардардын көңүлү акча же электрондук акча үчүн виртуалдык активдерди сатып алууга жана (же) сатууга же болбосо бир түрдөгү виртуалдык активдерди башка түрдөгү виртуалдык активдерге алмаштырууга кардарлардын өтүнмөлөрдү аткаруу мөөнөтүнө, ошондой эле виртуалдык активдерди алмашуу оператору тарабынан келишимди бир тараптуу тартипте өзгөртүү жана токтотуу тартибине бурулууга тийиш (эгерде мындай тартип келишимде каралган болсо).
Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору алар менен тиешелүү бүтүмдөр жасалганга чейин кардарга төмөнкү маалыматтарды жеткирүүгө милдеттүү:
- виртуалдык активдерди сатып алган адамдар туш болуучу тобокелдиктер жөнүндө, айда виртуалдык активдердин төлөм каражаты болуп саналбай тургандыгын, мамлекет тарабынан камсыз кылынбагандыгы жана виртуалдык активдерди сатып алуу акча каражаттарынын жана виртуалдык активдерге алмаштырууга берилген жарандык укуктардын (инвестициялардын) башка объекттеринин толук жоголушуна алый келиши мүмкүн экендигин (анын ичинде виртуалдык активдердин наркынын өзгөрүлмөлүүлүгүнүн, техникалык үзгүлтүктөрдүн (каталардын), укукка каршы иш-аракеттерди жасоонун, анын ичинде уурдоонун натыйжасында) көрсөтүү менен;
- виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору жасоого пландаган бүтүмдүн объекти болуп анын платформасына (эмиссия бөлүгүндө эмес) жайгаштырылган камсыз кылынган же камсыз кылынбаган виртуалдык активдер чыга тургандыгы жөнүндө.
19. Ар бир кардарга өзүнчө (аны менен кардардын таанышуу фактысын ырастоону виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун алуусу менен) жеткирилүүгө тийиш болгон маалыматтар кардар үчүн жеткиликтүү түрдө болууга тийиш (текст так жана жеңил кабыл алынууга, анын ичинде логикалык жактан түзүмдөлгөн түрдө жана анда кабыл алуу үчүн татаал сөз курамдарын пайдаланбастан, жеңил окула тургандай шрифттин өлчөмү менен берилүүгө тийиш).
Кардар менен мамилелерди түзгөнгө чейин виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун иши жөнүндө жарнамалоодо мындай маалымат билдирилгендигине карабастан, ар түрдүү чечмеленишин жокко чыгаруучу текст аркылуу (түшүнүктүү аныктама берилүүгө тийиш) баяндоо керек.
Маалыматтар виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун тиешелүү сайтынын башкы баракчасына же ошол сайттын өзүнчө баракчасына, ошол сайтка кирүүчүлөрдүн көңүлүн бура тургандай чараларды көрүү менен жайгаштырылууга тийиш.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун виртуалдык активдердин конкреттүү түрлөрүн сатып алууга же ишке ашырууга кардарларга түрткү берүүчү консультацияларды кардарларга берүүгө укугу жок.
5. Виртуалдык активдерди алмаштыруу
операторунун виртуалдык активдер менен
бүтүмдөрдү жасоо тартиби
20. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору виртуалдык активдер менен төмөнкүдөй бүтүмдөрдү жасайт:
- виртуалдык активдерди улуттук валютага, чет элдик валютага, электрондук акчага, анын ичинде эл аралык электрондук акчага сатып алуу;
- виртуалдык активдерди улуттук валютага, чет элдик валютага, электрондук акчага, анын ичинде эл аралык электрондук акчага сатуу;
- виртуалдык активдердин бир түрүн виртуалдык активдердин башка түрлөрүнө алмаштыруу.
21. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору өзүнүн атынан жана өз кызыкчылыгында адистештирилген платформаны (өзүн-өзү тейлөө режиминде иштеген маалыматтык системаларды жана (же) программалык-техникалык комплекстерди) пайдалануу менен виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жасайт. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун адистештирилген платформасына карата операциялык талаптар ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жасоо үчүн оферталар болуп саналган виртуалдык активдерди акча каражаттарына же электрондук акчага сатып алуу жана/же сатуу же болбосо виртуалдык активдердин бир түрүн виртуалдык активдердин башка түрлөрүнө алмаштыруу үчүн өтүнмөлөрдү кардарлардан алат.
Өтүнмөлөрдүн мазмунуна коюлуучу талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш жана аларды кабыл алуунун, аткаруунун жана эсептердин шарттары так аныкталган виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун ички документтери менен аныкталат. Аталган талаптарга жооп берген өтүнмөнү аткаруу мүмкүнчүлүгү болсо, виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору аны кабыл алууга жана аткарууга милдеттүү.
Өтүнмөнү аткаруу виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору тарабынан ал алынгандан кийин жана кардар тиешелүү өтүнмөнү жиберген күнү кардарга билдирилген баа боюнча жүргүзүлүүгө тийиш. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору ошол учур келген убакытты мүнөтүнө чейинки тактык менен белгилөөнү жана виртуалдык активди сатып алуу, сатуу жана/же алмаштыруу датасын, убактысын, курсун, бүтүмдүн суммасын жана көлөмүн белгилөөнү караган электрондук кабарлоону жана/же документти кардарга жөнөтүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
22. Өз ишинде өзүн-өзү тейлөө режиминде иштеген программалык-техникалык комплекстердин адистештирилген платформасын пайдаланган учурда виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору алардын сакталышын, анын ичинде алар турган жерлерде видеобайкоонун болушун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө, ошондой эле ошол комплекстерди күнү-түнү кайтарууга багытталган Күзөт жөнүндө келишимди коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган же болбосо кайтаруу каражаттарын жана системаларын пайдалануу менен юридикалык жактардын же жеке ишкерлердин объекттерин (мүлктөрүн) кайтаруу боюнча күзөт кызматтарынын лицензияланган күзөт агенттиги менен түзүүгө милдеттүү.
23. Кардар менен виртуалдык активдердин бүтүмдөрүн жасагандан кийин виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору дароо кардарга электрондук билдирүүнү же башка ырастоочу документти жөнөтүүгө, ал эми өзүн-өзү тейлөө режиминде иштеген программалык-техникалык комплекс аркылуу виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жасаган учурда, жасалган бүтүмдүн бардык шарттарын камтыган чекти берүүгө милдеттүү.
24. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен түзүлгөн жана (же) жайгаштырылган виртуалдык активдер менен жашыруун бүтүмдөрдүн жасалышын болтурбай турган чараларды көрүүгө милдеттүү.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлоруна төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- эгерде мындай капчыктардын ээлери/кармоочулары идентификацияланбаса, купуялуулугу жогорулатылган (Private Wallets) виртуалдык активдердин капчыктарын иште колдонууга;
- иште уникалдуу мүнөздөмөлөргө ээ (NFT) токендерди колдонууга;
- чет өлкөлүк финансылык мекемелер тарабынан чыгарылган алдын ала төлөнгөн карталарды иште колдонууга;
- виртуалдык активдерди которууга жана онлайн казинонун жана виртуалдык казинонун ишине байланышкан виртуалдык активдер менен операцияларды жүргүзүүгө;
- пайыздык скорингдин натыйжасында аныкталган тобокелдиктердин жогорку деңгээли бар виртуалдык активдер, виртуалдык активдердин капчыктары менен операцияларды жүргүзүүгө.
Пайдаланууга тыюу салынган виртуалдык активдердин тизмеси ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат жана ыйгарым укуктуу органдын интернет-сайтына жарыяланат. Өзгөчө учурлар виртуалдык активдерди алмаштыруучу өзүнчө оператор тарабынан экинчисинин суроо-талабы боюнча жана мындай виртуалдык активдердин кармоочуларын идентификациялоонун деталдуу процессин жана мындай виртуалдык активдерге байланышкан операцияларды контролдоо/мониторинг жүргүзүү системасы сунушталган шартта жактырылышы мүмкүн.
25. Виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү аткаруу үчүн виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору кардардан өзүнүн учурдагы (алыш-бериш) банктык эсебине, өзүнүн электрондук капчыгына, өзүнүн виртуалдык капчыгынын дарегине (идентификаторго) акчаны, электрондук акчаны, виртуалдык активдерди алат жана кардарга виртуалдык активдер менен жасалган бүтүмдөрдүн түрүнө жараша тосмо берүү катарында акчаны, электрондук акчаны же виртуалдык активдерди берет.
Виртуалдык активдерди сатып алуу жана сатуу боюнча кызматтарды көрсөтүүдө виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлору накталай эмес төлөмдөрдү гана колдоно алат.
26. Виртуалдык активдер менен жасалган бүтүмдөр боюнча аталган милдеттерди тараптардын аткаруу ырааттуулугу виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору менен кардардын ортосундагы тиешелүү келишимде (тиешелүү келишимдерде) аныкталат.
Акча каражаттарын, электрондук акчаны же виртуалдык активдерди (виртуалдык активдер менен жасалган бүтүмдөрдүн түрүнө жараша) виртуалдык активдерди алмаштыруу операторуна берүү милдетин кардар аткаргандан кийин гана виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун кардарга акча каражаттарын, электрондук акчаны же виртуалдык активдерди берүү милдетин аткаруусун тараптар макулдашкан учурда, виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору кардардан алынган акча каражаттарынын, электрондук акчанын же виртуалдык активдердин дайындалышын идентификациялоо мүмкүнчүлүгүн (башкача айтканда виртуалдык активдерди алмаштыруу операторуна кардар берген ошол акча каражаттарынын, электрондук акчанын же виртуалдык активдердин алкагында өтүнмөнү бир маанилүү аныктоо мүмкүнчүлүгүн) камсыз кылууга милдеттүү.
27. Кыргыз Республикасынын аймагында виртуалдык активдердин тооруктарынын операторунун (криптобиржанын) листингине киргизилген, виртуалдык активдердин тооруктарынын чет элдик операторлорунда (криптобиржаларында) чыгарылган жана жүгүртүлүп жаткан чет элдик виртуалдык активдерди кошпогондо, виртуалдык активдердин чыгарылышы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон өтпөгөн виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жасоого тыюу салынат.
Кыргыз Республикасынын резиденттерине - жеке жана юридикалык жактарга виртуалдык активдерди алмаштыруунун лицензиясы жок операторлору аркылуу виртуалдык активдер менен операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат.
6. Өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн ченемдик
көрсөткүчтөрү
28. Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген, арыз берген датадагы акча каражаттары түрүндө 400000 эсептик көрсөткүчтөн аз болбоого тийиш.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун уставдык капиталын түзүү үчүн кредитке, күрөөгө алынган каражаттарды жана башка тартылган каражаттарды пайдаланууга жол берилбейт.
29. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун жеке каражаттары ушул Жобонун жогоруда аталган пунктунда белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнөн кем болбоого тийиш.
30. Виртуалдык активдердин кызматтарын берүүчүлөрдүн бир нече түрүн айкалыштырган шарттарда жүзөгө ашырууда уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү ага карата уставдык капиталдын эн, чоң минималдуу өлчөмү белгиленген иштин түрлөрүнө коюлган талаптарга ылайык аныкталат.
7. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун
ишин жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн берилүүчү
документтер
31. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору тарабынан жүзөгө ашырылуучу виртуалдык активдердин кызматтарын берүүчү катары иш жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн юридикалык жак ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик же расмий тилдерде бир нускада төмөнкү документтерди/маалыматтарды берет:
1) юридикалык жактын аталышын жана уюштуруу-укуктук формасын, анын турган жерин (почта дарегин), электрондук почтасынын дарегин, банк мекемесинин аталышын жана банк мекемесиндеги депозиттик жана/же алыш-бериш эсебинин номерин көрсөтүү менен лицензия берүү жөнүндө арыз;
2) юридикалык жактын уюштуруу документтеринин (устав жана уюштуруу келишими (эгерде бирден ашык уюштуруучу болсо); юридикалык жакты түзүү жөнүндө, уставдык капиталдын өлчөмү жөнүндө, директорлор кеңешин (болсо) жана башкаруунун аткаруучу органдарын шайлоо жөнүндө чечимдердин) нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
3) юридикалык жактын катышуучулары/акционерлери/уюштуруучулары - жеке жактар жана бенефициардык ээлери боюнча документтер/маалыматтар (юридикалык жактын акыркы бенефициардык ээлерин аныктоого мүмкүндүк берүүчү юридикалык жактын менчигинин түзүмүнүн схемалык чагылдырылышы; юридикалык жактын капиталындагы акциялардын/үлүштөрдүн беш жана андан ашык пайызынын ээлери жөнүндө, мындай адамдардын идентификациялык маалыматтарын, ар бир мындай катышуучу/акционер/уюштуруучу ээ болгон акциялардын/үлүштөрдүн санын жана пайызын камтыган маалыматтар; паспорттун көчүрмөсү (резидент үчүн - ID-паспорттун көчүрмөсү, резидент эмес үчүн - чет мамлекеттин жаранынын паспортунун көчүрмөсү); Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган формада документтерди берүү датасына карата салыктарды төлөө боюнча карызы жок экендиги жөнүндө маалымкат жана/же кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсү (резидент эмес - жеке жак келип чыккан өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ушуга окшош документтерди берүүсү зарыл); соттолбогондугу жөнүндө маалымкат);
4) юридикалык жактын кызмат адамдарынын документтери (паспорттун көчүрмөсү (резидент үчүн ID-паспорттун көчүрмөсү, резидент эмес үчүн - чет мамлекеттин жаранынын паспортунун көчүрмөсү); Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган формада документтерди берүү датасына карата салыктарды төлөө боюнча карызы жок экендиги жөнүндө маалымкат жана/же кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсү (резидент эмес - жеке жак келип чыккан өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ушуга окшош документтерди берүүсү зарыл); соттолбогондугу жөнүндө маалымкат; билимин, алган дипломдорун, ал өткөн кесиптик даярдыктын тиешелүү курстарын, кесиптик тажрыйбасын көрсөтүү менен учурдагы өмүр баяны, анын ичинде атап айтканда, ал иштеген бардык уюмдардын аталыштары, ээлеген кызмат орундарынын мүнөзү жана узактыгы, ишкердик бедели);
5) ушул Жобонун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык форма боюнча юридикалык жактын катышуучулары/акционерлери/уюштуруучулары, кызмат адамдары жана бенефициардык ээлери тарабынан толтурулган жана кол коюлган анкеталар же кийин түп нускасын берүү менен толтурулган анкеталардын сканерленген көчүрмөлөрү;
6) корпоративдик башкарууга жана менеджментке байланышкан, ички башкаруу саясатын; ички контролдоо саясатын; уюштуруу/функционалдык схемасын; тобокелдиктерди башкаруу саясатын; тобокелдиктердин жалпы матрицасын; ички саясаттын/жол-жоболордун реестрин; өзгөчө кырдаалдар келип чыкканда иш-аракеттердин тартибин; окутуу боюнча колдонмону жана материалдарды; агенттер аркылуу өткөн акча каражаттарынын кыймылынын тартибин; террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды жайылтууга катышкан адамдардын эл аралык жана улуттук тизмектери боюнча кардарларды текшерүү боюнча жөнөтүүчүлөрдүн жана алуучулардын маалымдамаларын башкаруу механизмдеринин деталдуу сыпаттамасын; виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун эрежелерин баяндаган юридикалык жактын ички документтеринин/саясатынын/жол-жоболорунун көчүрмөлөрү (документтер көктөлүүгө, номер коюлууга, юридикалык жактын жетекчисинин мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш);
7) оперативдүү иш-чаралардын программасын/планын;
8) виртуалдык активдер менен байланышкан кызматтарды көрсөтүүдө кеминде максаттарды аныктоону, кеминде 3 (үч) жылга бул кызматтарды көрсөтүүдөн күтүлгөн экономикалык натыйжалардын болжолдуу эсептөөлөрүн камтыган бизнес-планды (техникалык-экономикалык негиздеме);
9) юридикалык жак тарабынан көрсөтүлүүчү ар бир кызмат үчүн блок-схеманы (кардарларга/пайдалануучуларга конкреттүү кызмат көрсөтүүдө ишке ашырылуучу кадамдардын/процесстердин ырааттуулугун визуаллаштыруучу схема);
10) иштин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуучу саясатты жана планды;
11) виртуалдык активдер менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөр үчүн кардарлардан жана өзүлөрүнүн агенттеринен алынган акча каражаттарын сактоо жана пайдалануу үчүн банкта эсеп ачууга, ошондой эле юридикалык жактын чарба иши үчүн өзүнчө эсеп ачууга келишимдин көчүрмөсүн;
12) ушул Жобого ылайык уставдык капитал катары акча каражаттарынын салынгандыгын ырастоочу документти;
13) акыркы отчеттук датага карата салык органдарына берилген, юридикалык жактын жетекчисинин мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлгөн финансылык отчетту;
14) юридикалык жактын ресурстары жөнүндө маалыматтарды/документтерди (пландалган ишке бөлүнгөн кадрдык жана техникалык ресурстардын сыпаттамасы; иштин ар бир түрү боюнча кадрдык жана техникалык болжол; серверлерде жайгаштырылган платформаны орнотуу жана өнөр жайлык эксплуатациялоого киргизүү актысы, алардын бири (негизги сервер) Кыргыз Республикасынын аймагында, экинчиси (резервдик сервер) мамлекеттик программалык камсыздоону коргоо жана кибер чабуулдан коргоо максатында - чет мамлекеттин аймагында;
15) юридикалык жактын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү тутуму боюнча документтерин/маалыматтарын (кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча колдонмо; кардарларды талаптагыдай текшерүү, идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболору; кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүнүн алкагында кардарларды кабыл алуу саясаты; кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүнүн алкагында кардарларга жана транзакцияларга мониторинг жүргүзүү жол-жоболору; кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатында окутуу боюнча колдонмо; кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатында кызмат көрсөтүүчүлөр менен макулдашуу; кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу тобокелдиктеринин матрицасы; кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен байланышкан тобокелдиктерди баалоо үчүн аспаптардын функционалдык мүмкүнчүлүктөрү; аспаптарда ишке ашырылган кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү сценарийлери; кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө эскертүүлөрдүн көлөмү жана тобокелдиктердин деңгээли боюнча классификацияланган кардарлардын саны;
16) юридикалык жактын киберкоопсуздук жана маалыматтык технологиялар саясаты боюнча документтерин (маалыматтык коопсуздукту (киберкоопсуздукту) камсыз кылуунун тартибин жөнгө салуучу жол-жоболор, - коопсуздук уюмунун сыпаттамасы; маалыматтарды (ички жана тышкы) иштеп чыгуу саясаты; киберкоопсуздук саясаты; кибер тобокелдиктерди баалоо жана каттоо жол-жоболору; криптокапчыктардын ачкычтарын башкаруу жол-жоболору; кардарлардын жеке маалыматтарын иштеп чыгуу тартиби);
17) юридикалык жактын кардарларынын документтери боюнча маалыматтарды/документтерди (жалпы жоболор жана шарттар; доо иштерин жүргүзүүнүн тартиби; кардарлардын/инвесторлордун укуктарын коргоо саясаты; кардарлар үчүн баа саясаты; кардарларга акча каражаттарын кайтаруунун тартиби);
18) юридикалык жактын атынан ишеним кат боюнча өкүл иш алып барган учурда уюштуруу документтерине ылайык жетекчи же башка ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлган, мөөрү басылган, лицензия алуу үчүн өкүлгө берилген ишеним кат;
19) юридикалык жактын ишкердик аброю жөнүндө маалыматтар;
20) лицензия үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ;
21) ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган AML/KYT-кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү.
Бардык документтерге жетекчинин колу коюлууга тийиш, ал эми электрондук документ түрүндө берилсе, санариптик кол тамга менен ырасталат.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлору лицензия алуу үчүн ыйгарым укуктуу органга берилген маалыматтардын аныктыгы, ошондой эле маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө ыйгарым укуктуу органга өз убагында кабарлоо үчүн Кыргыз Республикасынын административдик укук жаатындагы мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат.
8. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун
реестри
32. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун реестри ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт жана электрондук маалыматтар базасы болуп саналат, ага ыйгарым укуктуу орган виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун ишин жонго салуу жана көзөмөлдөө функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтар киргизилет.
33. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун реестри ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш, "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтар ды кошпогондо, айда камтылган маалыматтар менен кызыкдар болгон жактардын таанышуусу үчүн ачык жана жеткиликтүү болуп саналат.
34. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун реестри төмөнкүдөй негизги маалыматтарды камтууга тийиш:
юридикалык жактын - лицензиаттын аталышын, анын уюштуруу-укуктук формасын, турган жерин (почта дарегин), электрондук почтасынын дарегин, телефонун, салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин, анын башкаруу органдары жөнүндө маалыматтарды, байланыш маалыматтарын, веб-сайтынын маалыматтарын;
уюштуруучулардын уставдык капиталдагы үлүштөрү жөнүндө маалыматтарды;
лицензия берилген датаны жана номерин;
лицензиянын бланкынын сериясын жана номерин;
лицензияларды колдонууну кайра тариздөөнүн, убактылуу токтотуунун жана кайра жандандыруунун негиздерин жана датасын;
лицензияларды колдонууну токтотуунун негиздерин жана датасын;
лицензияларды жокко чыгаруунун негиздерин жана датасын;
дубликатты берүүнүн негизин жана датасын.
35. Лицензиялардын реестринде камтылган маалыматтар ыйгарым укуктуу органдын веб-сайтында жайгаштырылат жана таанышуу үчүн ачык болуп саналат.
351. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлору лицензияны кайра каттоо үчүн негиз болуп саналбаган, лицензия берүүгө арызга тиркелген документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө ыйгарым укуктуу органга кабарлоого милдеттүү. Кабарлама өзгөртүүлөр келип чыккандан кийин 10 (он) жумуш күндөн кечиктирбестен бул өзгөртүүлөрдү ырастаган документтердин түп нускалары же алардын көчүрмөлөрү (салыштыруу үчүн түп нускаларын берүү менен) менен бирге жазуу жүзүндө берилет. Ыйгарым укуктуу орган кабарлама келип түшкөн датадан тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
9. Эсепке алуу жана отчеттуулук
36. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору оперативдүү отчеттуулукту ай сайын ыйгарым укуктуу органга берүүгө милдеттүү. Отчеттуулуктун формасы ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
37. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору ФОЭСке ылайык түзүлгөн финансылык отчеттуулукту квартал сайын, отчеттук мезгил аяктаган датадан кийин 10 жумуш күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органга берүүгө милдеттүү.
Финансылык отчеттуулуктун толук топтомуна төмөнкүлөр кирет:
(а) мезгил бүткөн датага карата финансылык абалы жөнүндө отчет;
(b) мезгил үчүн кирешелер, чыгашалар жана башка жалпы финансылык натыйжанын компоненттери жөнүндө отчет;
(с) мезгил үчүн өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет;
(d) мезгил үчүн акча агымдары жөнүндө отчет;
(е) эсептик саясаттын негизги жоболорунан жана башка түшүндүрмө маалыматтан турган эскертүүлөр.
38. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун иши Кыргыз Республикасынын аудитордук иш жаатындагы мыйзамдарына жана аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык жыл сайын тышкы аудитордук текшерүүдөн өтүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын аймагында Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген аудитордук уюм гана виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун тышкы аудитору боло алат.
Финансылык жылдын аягында виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жаңы финансылык жыл башталгандан тартып токсон күндөн кеч эмес мөөнөттө виртуалдык активдерди алмаштыруу операторуна тышкы аудитти жүргүзүүнү камсыз кылууга;
- ыйгарым укуктуу органга жаңы финансылык жыл башталгандан тартып жүз беш күндөн кеч эмес мөөнөттө финансылык отчеттуулук менен бирге аудитордук корутундунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жана виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун жетекчилигине аудитордун катын берүүгө.
| Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун иши жана Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун реестрин жүргүзүү жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Форма Арыз ээсинин акционеринин/уюштуруучусунун/катышуучусунун анкетасы(1) (юридикалык жак тарабынан толтурулат) 1. Юридикалык жактын аталышы _________________________________ (юридикалык жактын толук жана кыскартылган аталышы көрсөтүлөт)
(бул таблица жеке жак тарабынан толтурулат) | |||
1 | Аты-жөнү |
|
|
2 | Эгерде фамилиясын алмаштырган болсо: (мурдагы фамилиясы) | Качан: | Кандай себеп менен: |
3 | Туулган датасы: | Туулган жери: | |
4 | Паспорту | Сериясы: | Номери: |
|
| Ким тарабынан берилген: | Берилген датасы: |
5 | Жарандыгы: ______________________________________ | ||
6 | Үй-бүлөлүк абалы: | Иш жүзүндө жашаган жери: моб. тел.: __________________ | |
7 | Негизги иштеген жери: | Ээлеген кызмат орду: | |
| 2. Юридикалык дареги _______________________________________ 3. Түзүлгөн датасы __________________________________________ 4. ИСН ___________________________________________________ 5. Юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда катталган датасы __________ (мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн №) 6. Алыш-бериш жана башка эсептер ачылган Кыргыз Республикасынын банктарынын аталышы жана жайгашкан жери: _____________________________________________________________ (1) Бул анкета ага карата колдонулуучу бөлүгүндө жеке жак тарабынан толтурулат. | ||
| Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун иши жана Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун реестрин жүргүзүү жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун акционеринин (уюштуруучусунун)/катышуучусунун, бенефициардык ээсинин жана кызмат адамынын анкетасы (жеке адам тарабынан толтурулат)
| |||
1 | Ф.А.А. | ||
2 | Эгер фамилиясы алмашса: (мурдагы фамилиясы) | Качан: | Кандай себептер боюнча: |
3 | Туулган датасы: | Туулган жери: | |
4 | Паспорт | Сериясы: | Номери: |
| Ким тарабынан берилди: | Берген датасы: |
|
5 | Жарандыгы: | ||
6 | Иш жүзүндө жашаган жери: моб. тел.: | ||
7 | Негизги иштеген жери: | Ээлеген кызмат орду: | |
| 8. Алыш-бериш жана башка эсептер ачылган банктардын аталышы жана жайгашкан жери: _______________________ 9. ИЖН: _________________________________________ 10. Акыркы 3 жылдын ичинде сизге кылмыш (финансылык/экономикалык жана кылмыш-жаза) айып тагылгандыгын, анын ичинде ишти токтотуу же алып салуу учурларын көрсөтүңүз (ооба/жок) _______________________ 11. Өзүңүздүн финансылык милдеттенмелериңизди төлөө боюнча аткарылбаган соттун чечими болгондо, аларды санаңыз: ___________________________________________________ 12. Мен, ____________________________________________________ (фамилиясы, аты, атасынын аты) анкетада жогоруда берилген маалыматтар так жана толук болуп эсептелерин жана анкетада көрсөтүлгөн маселелер боюнча менин билимиме жана маалыматыма ылайык берилгендигин ырастайм.
_________________________ колу "____" _______________________ -ж. Эскертүү: - анкетанын ар бир барагына кол коюу зарыл; - анкетадагы оңдоолор "оңдолгону анык" деген сөздөр жана өз колу менен күбөлөндүрүлөт. | ||
| Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун иши жана Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун реестрин жүргүзүү жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Форма
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун акционеринин (уюштуруучусунун)/катышуучусунун, бенефициардык ээсинин анкетасы (юридикалык жак тарабынан толтурулат)
1. Юридикалык жактын аталышы ________________________ (юридикалык жактын толук жана кыскартылган аталышын көрсөтүү) 2. Юридикалык дареги ________________________________ 3. Түзүлгөн датасы ___________________________________ 4. ИСН _____________________________________________ 5. Юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда катталган датасы _________________________________ (мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн №) 6. Алыш-бериш жана башка эсептер ачылган банктардын аталышы жана жайгашкан жери: 7. Юридикалык жактын оффшордук зонада туруктуу жашаган акционерлери (катышуучулары) - жеке жактар болсо көрсөтүңүз: 8. Юридикалык жак финансылык иш боюнча кимдир бирөө менен соттук талаш-тартыштарга катышканбы, эгерде катышса – акыркы үч жылдагы соттук талаш-тартыштын деталдары (доочу, жоопкер, талаш-тартыштын предмети, соттук иш кайсы соттук инстанцияда каралууда, ишти кароо кайсы этапта турат) жөнүндө толук көрсөтүңүз ________ 9. Өзүнүн финансылык милдеттенмелерин төлөө боюнча соттун аткарылбаган чечими болсо аларды санаңыз: ____________________________ Юридикалык жактын жетекчисинин колу Мөөрү |