Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

3-тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514

токтомуна ылайык)

 

Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун иши жана

Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун реестрин

жүргүзүү жөнүндө жобо

 

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Жобо "Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25, 27, 30-беренелерине ылайык иштелип чыккан.

Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун иши лицензиялануучу болуп саналат жана виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун реестринде мамлекеттик катталууга тийиш. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорун мамлекеттик каттоонун тартиби ушул Жобо менен аныкталат.

Жобо банк, банктык эмес финансылык-кредиттик уюм жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндө турган башка юридикалык жак иш алып барган виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун ишин жөнгө салбайт.

2. Ушул Жобого карата колдонулуучу төмөндө келтирилген терминдер төмөнкүдөй маанилерде пайдаланылат:

виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун бенефициардык ээси - виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун мүлктөрүнүн менчик ээси болуп саналган, же болбосо мындай виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун акцияларынын (уставдык фонддогу үлүшүнүн) 10 пайызынан кем эмесине ээлик кылган, же болбосо акыр аягында ушул виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү тике же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) берүүгө, ал тарабынан кабыл алынуучу чечимдерге таасирин тийгизүүгө же башкача түрдө анын иш-аракеттерин контролдоого укугу же мүмкүнчүлүгү бар жеке жак;

кардарлар - ал анын бизнес-долбоорунда (негизги саясатында) каралган бүтүмдөрдү (операцияларды) жасаган, же болбосо мындай бүтүмдөрдү (операцияларды) жасоо үчүн ага кайрылган виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун контрагенттери (жеке жана юридикалык жактар);

ыйгарым укуктуу орган - виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.

3. Башка терминдер "Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган маанилеринде пайдаланылат.

4. Ушул Жобонун максаттары үчүн юридикалык жактар үчүн каралган талаптар чет өлкөлүк укуктарга ылайык түзүлгөн жана юридикалык жактар статусу жок (юридикалык жактардын обочолонгон бөлүмдөрүнөн башка) уюмдарга да жайылтылат.

2. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун акционерлерине/уюштуруучуларына/катышуучуларына коюлуучу талаптар

5. Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары, резиденттери/резидент эместери виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун акционерлери/уюштуруучулары/катышуучулары боло алат.

Юридикалык жактын акционерлери/уюштуруучулары/ катышуучулары жөнүндө маалыматтар ушул Жобонун тиркемесине ылайык анкетада берилүүгө тийиш.

6. Төмөнкү жактар виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун акционерлери/уюштуруучулары/катышуучулары боло албайт:

1) оффшордук зоналардын аймагында жашаган жана/же катталган же болбосо катышуучулар катары оффшордук зоналарда катталган аффилирленген жактары бар жеке жана юридикалык жактар, алардын тизмеги ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет;

2) БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан кабыл алынган эл аралык санкциялар аларга карата колдонулган жеке жана юридикалык жактар;

3) өзүнүн иши, финансылык абалы, катышуучуларынын курамы жөнүндө жана аларды ишенимдүү идентификациялоого жана юридикалык жактын катышуучуларын, анын ичинде бенефициардык менчик ээлерин иликтөөгө мүмкүндүк берген каалаган башка маалыматтарды/документтерди белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органга бербеген же болбосо юридикалык жактын катышуучуларын, анын ичинде бенефициардык менчик ээлерин ишенимдүү идентификациялоого жана иликтөөгө мүмкүндүк бербеген маалыматтарды берген жеке жана юридикалык жактар;

4) соттун чечими боюнча же болбосо чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык аларга карата тыюу салуулар же чектөөлөр бар жеке жана юридикалык жактар.

3. Кардарлар менен мамиле түзүү тартиби

7. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, каалаган жеке жана юридикалык жактардын (Кыргыз Республикасынын резиденттери сыяктуу эле резидент эместери дагы) атынан чыгуусу мүмкүн болгон кардарлар менен мамилелерди түзүүгө укуктуу.

Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун кардарлар менен болгон мамилелери келишимдик негизде түзүлөт.

Кардарлар менен болгон мамилелер ал аркылуу түзүлгөн келишимдерде виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору ушул Жободо, ошондой эле "Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган шарттарды кароого милдеттүү.

Кардарлар менен болгон мамилелерди түзүү үчүн виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору алардан төмөнкүдөй маалыматтарды сурап алат:

- жеке жактан - паспортуна же ким экендигин ырастоочу документине ылайык фамилиясын, атын, атасынын атын (эгерде мындай бар болсо), туулган датасын, жашаган жеринин дарегин;

- юридикалык жактан - юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнө ылайык аталышын, турган жерин, салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин;

- кардар менен байланышууга мүмкүндүк берүүчү анын байланыш маалыматтарын (электрондук почтасынын дарегин жана зарыл болгон учурда башка байланыш маалыматтарын);

- виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун жергиликтүү актыларында же келишимдик милдеттенмелеринде, анын ичинде кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууну, террористтик ишти каржылоону жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоону алдын алуу чөйрөсүндөгү маалыматтарды.

8. Эгерде виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору өзүнүн платформасында электрондук жеке кабинетти түзүү мүмкүндүгүн кардарларга бере турган болсо, виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору бир эле ошол кардардын эки жана андан ашык электрондук жеке кабинеттерди түзүп алуусуна жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

9. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун төмөнкүлөр менен мамилелерди түзүүгө укугу жок:

- 18 жашка чыга элек жеке жактар менен;

- Кыргыз Республикасынын резиденти эместер менен, эгерде бул мамлекеттин мыйзамдарына каршы келсе, Кыргыз Республикасынын резиденти эмес болуп саналган жарандар (букаралар) менен жана (же) жашап турууга уруксатына (же ушул сыяктуу документине) же болбосо турган (уюштурулган, катталган) жерине ылайык аймагында туруктуу жашаган жери барлар менен;

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү, ошондой эле экстремисттик ишти каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталган санкциялык тизмекке киргизилген жеке жактар, жеке ишкерлер, юридикалык жактар, ошондой эле бенефициардык ээлери киргизилген юридикалык жактар менен;

- эгерде бул виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун келишимдик милдеттенмелеринде же виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун жергиликтүү актыларында каралса, башка жактар менен.

10. Акчага же электрондук акчага виртуалдык активдерди жарандарга сатуу боюнча бүтүмдөрдү Кыргыз Республикасынын жарандары менен жасаганга чейин мындай бүтүмдөрдү жасоо үчүн алардын жетиштүү билим деңгээли (иш билгилиги) бар экендигине виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору ынанууга милдеттүү. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору мындай билим деңгээли (иш билгилиги) жок деп өзү аныктаган Кыргыз Республикасынын жарандары менен аталган бүтүмдөрдү жасоого укуктуу эмес.

Ушул пункттун биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн бүтүмдөрдү жасоо үчүн билим деңгээлин (иш билгилигин) аныктоо виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору тарабынан толтуруу (чечүү) үчүн суроолор тизмегин (тестти) Кыргыз Республикасынын жарандарына берүү аркылуу жүргүзүлөт.

11. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору кардарды идентификациялоо боюнча документтердин (кардардын анкетасын), келишимдердин, эгерде кардар юридикалык жак болсо, уюштуруучулук документтердин, каттоо жөнүндө күбөлүктүн, ошондой эле төртүнчү бөлүктө каралган билим деңгээлин (иш билгилигин) аныктоонун жүрүшүндө алынган документтердин мындай документтер алынган датадан тартып 5 календардык жылдан кем эмес сакталышын камсыздоого милдеттүү.

12. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору Кыргыз Республикасынын резиденти эместери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары менен мамилелерди түзүү үчүн алар ылайык келүүгө тийиш болгон критерийлерди (анын ичинде финансылык абалына жана беделине коюлуучу талаптарды) өз алдынча аныктоого укуктуу.

13. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору төмөнкүлөргө милдеттүү:

- байланыш каражаттарын пайдалануу менен жүзөгө ашырылуучу кардарлар менен сүйлөшүүлөрдүн үн жазууларын (видео жазууларды) жүргүзүү (бул жөнүндө кардарга алдын ала милдеттүү түрдө кабарлоо менен);

- үн жазуулардагы (видео жазуулардагы) маалыматтарды жана кардарлар менен бардык кат жазышууларды мындай үн жазуулар (видео жазуулар) жазылып алынган жана кат жазышуулар жүзөгө ашырылган (пайда болгон) датадан тартып 5 календардык жылдан кем эмес убакытка сактоого;

- ар бир жумуш күн бүткөндөн кийин кардарлар менен жасалган бүтүмдөр (операциялар) жөнүндө бардык маалыматтардын резервдик көчүрмөсүн түзүүгө;

- акчага же электрондук акчага виртуалдык активдерди сатып алууга жана (же) сатууга же болбосо бир түрдөгү виртуалдык активдерди башка түрдөгү виртуалдык активдерге алмаштырууга карата кардарлардын өтүнмөлөрүнүн дароо аткарылышын ушул Жобого ылайык камсыз кылууга (мындай өтүнмөлөрдү аткаруу мүмкүндүктөрү бар болсо);

- виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун кызматкерлеринин жана жарандык-укуктук келишимдер боюнча алар тарабынан виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун ишин жүзөгө ашырууга түздөн-түз тартылган адамдардын виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамды, анын жергиликтүү ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону билүүсүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;

- "Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, ошондой эле ушул Жободо каралган башка талаптарды аткарууга.

4. Жарнамага жана кардарларды маалымдоого коюлган талаптар

14. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору "Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо каралган виртуалдык активдердин жана өзүнүн ишине жарнамасына коюлган (анын ичинде ал аркылуу виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү (операцияларды) жасоого түрткү берген) талаптарды сактоого жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылууга милдеттүү.

15. Ушул Жобо менен Кыргыз Республикасынын аймагында жайгаштырылуучу (таратылуучу) (анын ичинде үчүнчү жактарды тартуу менен) виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун ишинин жана виртуалдык активдердин жарнамасына коюлган төмөнкүдөй талаптар аныкталат:

- жарнама айкын, ак ниеттүү жана жаңылышууга алып келбегендей болууга тийиш;

- виртуалдык активдерди сатып алган адам туш болуучу тобокелдиктер жөнүндө эскертүүлөр жарнамага жайгаштырылууга тийиш, анда виртуалдык активдердин төлөм каражаты болуп саналбай тургандыгы, мамлекет тарабынан камсыз кылынбагандыгы жана виртуалдык активдерди сатып алуу акча каражаттарынын жана виртуалдык активдерге алмаштырууга берилген жарандык укуктардын башка объекттеринин толук жоголушуна алып келиши мүмкүн экендиги (анын ичинде виртуалдык активдердин наркынын абдан өзгөрүлмөлүүлүгүнүн, техникалык үзгүлтүктөрдүн (каталардын); укукка каршы иш-аракеттерди жасоонун, анын ичинде уурдап алуунун натыйжасында) көрсөтүлөт;

- жарнамада жарнаманы таратуучуга, ошондой эле мындай жарнаманын керектөөчүлөрүнө чейин жарнаманы түздөн-түз жеткирген жакка жана ошол жарнамада сүрөттөлгөн жакка төлөнүүчү сый акынын булагы жана түрү (же болбосо тиешелүү мамилелер бекер мүнөздө болгон учурда, сый акынын жоктугу белгиленүүгө тийиш);

- эгерде жарнамада өткөн мезгилде болушу мүмкүн болгон көрсөткүчтөр, моделденген көрсөткүчтөр жана келечекте болушу ыктымал болгон көрсөткүчтөр сыпатталса, анда ошол жарнамада анын керектөөчүлөрүнө мындай көрсөткүчтөрдүн маңызы жана жарнама жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоо менен алардын негизинде чыгарылган тыянактын ыктымал мүнөзү бир жактуу мааниде түшүндүрүлүүгө тийиш;

- офертаны камтыган жарнаманын мазмуну келишимди түзүүгө карата сунушталган бардык шарттарды, ошондой эле ушул офертанын акцептине алып келе турган иш-аракеттердин сыпаттамасын кароого тийиш;

- салык жеңилдиктери жарнамада эскертилген учурда (мындай учурда) ошол жеңилдиктер толугу менен сыпатталууга тийиш.

16. Виртуалдык активдерди же виртуалдык активдердин өзүн пайдалануу менен байланышкан иштин келечектеги натыйжалуулугуна (кирешелүүлүгүнө) берилген убада же кепилдик жарнамада камтылбоого тийиш (жарнамада пайдаланылбоого тийиш).

Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунда ишенимдүүлүгү аудитордук уюм тарабынан ырасталган бухгалтердик (финансылык) отчеттуулуктун тиешелүү маалыматтары бар болсо, мурунку мезгилдеги виртуалдык активдерди же виртуалдык активдердин өзүн пайдалануу менен байланышкан иштин натыйжалуулугу (кирешелүүлүгү) жөнүндө маалыматтарды жарнамада пайдаланууга жол берилет;

- ашкере байлык буюмдары, бонустар жана арзандатуулар жөнүндө маалыматтарды;

- баюунун жеңил ыкмасы катары виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жасоо тууралуу маалыматтарды;

- виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жасоо коомчулуктун таануусуна, кесиптик же жеке ийгиликтерге жетүү үчүн маанилүү мааниге ээ экендигин ырастоону;

- жашы жете элек адамдардын образдарын;

- виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жасоонун натыйжасында киреше алуу ыктымалдуулугун күчөтүп айтуулар же виртуалдык активдерди төлөөгө же виртуалдык активдерге алмашууга берилген акчаларды жана жарандык укуктардын башка объекттерин толук жоготуу тобокелдигинин деңгээлин азайтып айтуулар;

- виртуалдык активдерди пайдалануу менен байланышкан коомдук мамилелерге катышпай коюуларды айыптап айтуулар.

17. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору виртуалдык активдерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинен виртуалдык активдердин жарнамасынын текстине жазуу жүзүндөгү макулдугун алдын ала алууну камсыз кылууга милдеттүү.

18. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору кардарларга маалымат берүүнү камсыз кылууга милдеттүү, мында кардардын көңүлү акча же электрондук акча үчүн виртуалдык активдерди сатып алууга жана (же) сатууга же болбосо бир түрдөгү виртуалдык активдерди башка түрдөгү виртуалдык активдерге алмаштырууга кардарлардын өтүнмөлөрдү аткаруу мөөнөтүнө, ошондой эле виртуалдык активдерди алмашуу оператору тарабынан келишимди бир тараптуу тартипте өзгөртүү жана токтотуу тартибине бурулууга тийиш (эгерде мындай тартип келишимде каралган болсо).

Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору алар менен тиешелүү бүтүмдөр жасалганга чейин кардарга төмөнкү маалыматтарды жеткирүүгө милдеттүү:

- виртуалдык активдерди сатып алган адамдар туш болуучу тобокелдиктер жөнүндө, анда виртуалдык активдердин төлөм каражаты болуп саналбай тургандыгы, мамлекет тарабынан камсыз кылынбагандыгы жана виртуалдык активдерди сатып алуу акча каражаттарынын жана виртуалдык активдерге алмаштырууга берилген жарандык укуктардын (инвестициялардын) башка объекттеринин толук жоголушуна алып келиши мүмкүн экендигин (анын ичинде виртуалдык активдердин наркынын өзгөрүлмөлүүлүгүнүн, техникалык үзгүлтүктөрдүн (каталардын), укукка каршы иш-аракеттердин, анын ичинде уурдоонун натыйжасында) көрсөтүү менен;

- виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору жасоого пландаган бүтүмдүн объекти болуп анын платформасына (эмиссия бөлүгүндө эмес) жайгаштырылган камсыз кылынган же камсыз кылынбаган виртуалдык активдер чыгары жөнүндө.

19. Ар бир кардарга өзүнчө (аны менен кардардын таанышуу фактысын ырастоону виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун алуусу менен) жеткирилүүгө тийиш болгон маалыматтар кардар үчүн жеткиликтүү түрдө болууга тийиш (тексттер так жана жеңил кабыл алынууга, анын ичинде логикалык жактан түзүмдөлгөн түрдө жана кабыл алуу үчүн татаал сөз курамдарын анда пайдаланбастан, жеңил окула тургандай шрифттин өлчөмү менен берилүүгө тийиш).

Кардар менен мамилелерди түзгөнгө чейин виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун ишин жарнамалоодо мындай маалымат билдирилгендигине карабастан анын ар кандай түшүндүрүүлөрүн болтурбаган текст аркылуу (түшүнүктүү аныктама берилүүгө тийиш) аны баяндап берүү керек.

Маалыматтар виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун тиешелүү сайтынын башкы баракчасына же ошол сайттын өзүнчө баракчасына, ошол сайтка кирүүчүлөрдүн көңүлүн бура тургандай чараларды көрүү менен жайгаштырылууга тийиш.

Виртуалдык активдердин конкреттүү түрлөрүн сатып алууга же ишке ашырууга кардарларга түрткү берүүчү кеңештерди берүүгө виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун укугу жок.

5. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жасоо тартиби

20. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору виртуалдык активдер менен төмөнкүдөй бүтүмдөрдү жасайт:

- виртуалдык активдерди улуттук валютага, чет элдик валютага, электрондук акчага, анын ичинде эл аралык электрондук акчага сатып алуу;

- виртуалдык активдерди улуттук валютага, чет элдик валютага, электрондук акчага, анын ичинде эл аралык электрондук акчага сатуу;

- виртуалдык активдердин бир түрүн виртуалдык активдердин башка түрлөрүнө алмаштыруу.

21. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору өзүнүн атынан жана өз кызыкчылыгында адистештирилген платформаны (өзүн-өзү тейлөө режиминде иштеген маалыматтык системаларды жана (же) программалык-техникалык комплекстерди) пайдалануу аркылуу виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жасайт.

Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жасоо үчүн оферталар болуп саналган виртуалдык активдерди акчага же электрондук акчага сатып алуу жана (же) сатуу же болбосо виртуалдык активдердин бир түрүн виртуалдык активдердин башка түрлөрүнө алмаштыруу өтүнмөлөрүн кардарлардан алат.

Өтүнмөлөрдүн мазмунуна коюлуучу талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келүүгө тийиш жана аларды кабыл алуунун, аткаруунун жана эсептердин шарттары так аныкталган виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун ички документтери менен аныкталат. Көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген өтүнмөнү аткаруу мүмкүнчүлүгү бар болсо, виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору аны кабыл алууга жана аткарууга милдеттүү.

Аталган өтүнмөнү аткаруу виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору тарабынан ал алынгандан кийин дароо жана кардар тиешелүү өтүнмөнү жөнөткөн учурдагы кардарга билдирилген ошол баа боюнча жүргүзүлүүгө тийиш. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору тиешелүү өтүнмөнү кардардан алгандан кийин ошол учурда болгон убакытты жана электрондук билдирүүнү кардарга жөнөтүү убактысын секундасына чейин так белгилөөнү камсыз кылууга милдеттүү.

22. Өз ишинде өзүн-өзү тейлөө режиминде иштеген программалык-техникалык комплекстердин адистештирилген платформасын пайдаланган учурда виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору алардын сакталышын, анын ичинде алар турган жерлерде видеобайкоонун болушун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө, ошондой эле ошол комплекстерди күнү-түнү коргоого багытталган Күзөтүү жөнүндө келишимди коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган же болбосо коргоо каражаттарын жана системаларын пайдалануу менен юридикалык жактардын же жеке ишкерлердин объекттерин (мүлктөрүн) коргоо боюнча күзөт кызматтарынын лицензияланган коргоо агенттиги менен түзүүгө милдеттүү.

23. Кардар менен виртуалдык активдердин бүтүмдөрүн жасагандан кийин виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору дароо кардарга электрондук билдирүүнү жөнөтүүгө, ал эми өзүн-өзү тейлөө режиминде иштеген программалык-техникалык комплекс аркылуу виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жасаган учурда, жасалган бүтүмдүн бардык шарттарын камтыган чекти берүүгө милдеттүү.

24. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен түзүлгөн жана (же) жайгаштырылган виртуалдык активдер менен жашыруун бүтүмдөрдүн жасалышын болтурбай турган чараларды көрүүгө милдеттүү.

25. Виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү аткаруу үчүн виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору кардардан өзүнүн учурдагы (алыш-бериш) банктык эсебине, өзүнүн электрондук капчыгына, өзүнүн виртуалдык капчыгынын дарегине (идентификаторго) тиешелүү түрдө акчаны, электрондук акчаны, виртуалдык активдерди алат жана кардарга виртуалдык активдер менен жасалган бүтүмдөрдүн түрүнө жараша каршылама берүү катарында акча, электрондук акча же виртуалдык активдерди берет.

26. Виртуалдык активдер менен жасалган бүтүмдөр боюнча аталган милдеттерди тараптардын аткаруу ырааттуулугу виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору менен кардардын ортосундагы тиешелүү келишимде (тиешелүү келишимдерде) аныкталат.

Акчаны, электрондук акчаны же виртуалдык активдерди (виртуалдык активдер менен жасалган бүтүмдөрдүн түрүнө жараша) виртуалдык активдерди алмаштыруу операторуна берүү милдетин кардар аткаргандан кийин гана виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун кардарга акчаны, электрондук акчаны же виртуалдык активдерди берүү милдетин аткаруусу тараптар тарабынан макулдашылган учурда, виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору кардардан алынган акчага, электрондук акчага же виртуалдык активдерге дайындалышын идентификациялоо мүмкүнчүлүгүн (тактап айтканда, виртуалдык активдерди алмаштыруу операторуна кардар берген ошол акчанын, электрондук акчанын же виртуалдык активдердин алкагында өтүнмөнү бир маанилүү аныктоо мүмкүнчүлүгүн) камсыз кылууга милдеттүү.

27. Кыргыз Республикасынын аймагында виртуалдык активдердин тооруктарынын операторунун (криптобиржанын) листингине киргизилген, виртуалдык активдердин тооруктарынын чет элдик операторлорунда (криптобиржаларында) чыгарылган жана жүгүртүлүп жаткан чет элдик виртуалдык активдерди кошпогондо, виртуалдык активдердин чыгарылышы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон өтпөгөн виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жасоого тыюу салынат.

6. Өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн ченемдик көрсөткүчтөрү

28. Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген, арыз берген датадагы акча каражаттары түрүндө 400 000 эсептик көрсөткүчтөн аз болбоого тийиш.

Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун уставдык капиталын түзүү үчүн кредитке, күрөөгө алынган каражаттарды жана башка тартылган каражаттарды пайдаланууга жол берилбейт.

29. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун өздүк каражаттары ушул Жобонун жогоруда аталган пунктунда белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнөн кем болбоого тийиш.

30. Виртуалдык активдердин кызматтарын жеткирип берүүчүлөрдүн бир нече түрлөрүн айкалыштырган шарттарда жүзөгө ашырганда уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү ага карата уставдык капиталдын эң чоң минималдуу өлчөмү белгиленген иштин түрлөрүнө коюлган талаптарга ылайык аныкталат.

7. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу үчүн берилүүчү документтер

31. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу үчүн юридикалык жак ыйгарым укуктуу органга жазуу жүзүндө же болбосо электрондук форматта төмөнкүдөй документтерди берет:

1) юридикалык жактын аталышын жана уюштуруу-укуктук формасын, анын турган жерин (почта дарегин), электрондук почтасынын дарегин, банк мекемесинин аталышын жана банк мекемесиндеги депозиттик эсептин номерин көрсөтүү менен лицензия берүү жөнүндө арыз;

2) юридикалык жактын нотариуста күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;

3) юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

4) лицензия үчүн мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүн ырастаган документ;

5) виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун бекитилген эрежелеринин нускасы;

6) төлөнгөн уставдык капиталдын өлчөмү жөнүндө маалымкат;

7) Кыргыз Республикасынын аймагында турган серверлерде жайгаштырылган жана ушул Жободо каралган талаптарга ылайык келген тооруктардын иштеп жаткан электрондук системасынын бар экендигин ырастаган документ;

8) кылмыштуу иштен алынган кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын камсыз кылууга багытталган бекитилген эрежелердин нускасы;

9) виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун кызматтарын пайдалануу үчүн акынын өлчөмү жана аны аныктоо тартиби жөнүндө маалыматтар;

10) виртуалдык активдердин жана смарт-контракттардын капчыгынын дареги.

Бардык документтерге жетекчинин колу коюлууга тийиш, ал эми электрондук документ түрүндө берилген учурда электрондук санариптик кол тамга менен ырасталат.

8. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун реестри

32. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун реестри ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт жана ыйгарым укуктуу орган виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө функцияларын аткаруу үчүн керектүү маалыматтарды киргизген электрондук маалыматтар базасы болуп саналат.

33. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун реестри ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш, анда камтылган маалыматтар "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтарды кошпогондо, кызыкдар болгон жактардын таанышуусу үчүн ачык жана жеткиликтүү болуп саналат.

34. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун реестри төмөнкүдөй негизги маалыматтарды камтууга тийиш:

юридикалык жактын - лицензиаттын аталышын, анын уюштуруу-укуктук формасын, турган жерин (почта дарегин), электрондук почтасынын дарегин, телефон номерин, салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин, анын башкаруучу органдары жөнүндө маалыматтарды, байланыш маалыматтарын, веб-сайтынын маалыматтарын:

уюштуруучулардын уставдык капиталдагы үлүштөрү жөнүндө маалыматтарды;

лицензия берилген датаны жана номерин;

лицензиянын бланкынын сериясын жана номерин;

лицензияларды колдонууну кайра тариздөөнүн, убактылуу токтотуунун жана кайра жандандыруунун негиздерин жана датасын;

лицензияларды колдонууну токтотуунун негиздерин жана датасын;

лицензияларды жокко чыгаруунун негиздерин жана датасын;

жуп нусканы берүүнүн негизин жана датасын.

35. Лицензиялардын реестринде камтылган маалыматтар ыйгарым укуктуу органдын веб-сайтына жайгаштырылат жана таанышуу үчүн ачык болуп саналат.

9. Эсепке алуу жана отчеттуулук

36. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору оперативдүү отчеттуулукту ай сайын ыйгарым укуктуу органга берүүгө милдеттүү. Отчеттуулук формасы ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.

37. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору ФОЭСке ылайык түзүлгөн финансылык отчеттуулукту квартал сайын ыйгарым укуктуу органга берүүгө милдеттүү.

Финансылык отчеттуулуктун толук топтомуна төмөнкүлөр кирет:

(a) мезгил бүткөн датага финансылык абал жөнүндө отчет;

(b) мезгил үчүн кирешелер, чыгашалар жана башка жалпы финансылык натыйжанын компоненттери жөнүндө отчет;

(c) мезгил үчүн өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет;

(d) мезгил үчүн акча агымдары жөнүндо отчет;

(e) эсептик саясаттын негизги жоболорунан жана башка түшүндүрмө маалыматтан турган эскертүүлөр.

 

 

 

 

Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун иши жана Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун реестрин жүргүзүү жөнүндө жобого тиркеме

Акционердин/уюштуруучунун/катышуучу арыз ээсинин АНКЕТАСЫ(1)

1. Юридикалык жактын аталышы _____________________________________________

__________________________________________________________________________

(юридикалык жактын толук жана кыскартылган аталышы көрсөтүлөт)

 

(ушул таблица жеке жак тарабынан толтурулат)

 

1

Аты-жөнү

 

 

2

Эгерде фамилиясын алмаштырган болсо:

(мурдагы фамилиясы)

Качан:

Кандай себеп менен:

3

Туулган датасы:

Туулган жери:

4

Паспорту

Сериясы:

Номери:

 

 

Ким тарабынан берилген:

Берилген датасы:

5

Жарандыгы: ________________________________________________________

6

Үй-бүлөлүк абалы:

Иш жүзүндө жашаган жери:

моб. тел.: _____________________

7

Негизги иштеген жери:

Ээлеген кызмат орду:

2. Юридикалык дареги/жашаган жери __________________________________________

3. Юридикалык жак түзүлгөн дата/жеке жак туулган дата _________________________

____________________________________________________________________________

4. СИН/ИЖН _________________________________________________________________

5. Каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда катталган датасы _____________________

____________________________________________________________________________

(мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн №)

6. Ушул иш менен байланышкан эсептер Кыргыз Республикасынын кайсы банктарында ачылган:

____________________________________________________________________________

____________________________________________________________________________

 

(1) Ушул Анкета ага карата колдонулуучу бөлүгүндө жеке жак тарабынан толтурулат