Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-ноябры № 622
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Семетей" мейманканасы" мамлекеттик ишканасын жоюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Семетей" мейманканасы" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - "Семетей" мейманканасы" МИ) жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик "Семетей" мейманканасы" МИни жоюу жол-жобосун жүзөгө ашыруу үчүн жоюу комиссиясын түзсүн.
3. Жоюу комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте "Семетей" мейманканасы" МИни жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги:
1) "Семетей" мейманканасы" МИнин бошогон кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бошотуу жөлөкпулдарын жана компенсацияларды төлөө үчүн акча каражаттарды бөлсүн;
2) "Семетей" мейманканасы" МИнин жоюу балансын бекитсин;
3) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 640 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Семетей" мейманканасы" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 30-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 342 "Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу мамлекеттик ишканалардын маселелери жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун 2-пунктчасы, 3-пункту.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |