Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЭРГЕШ АЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Эргеш Алиев айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы

 

2024-жыл 19-апрель №1

 

“Эргеш Алиев айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берүү жөнүндө”

         

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Эргеш Алиев айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Эргеш Алиев айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып Эргеш Алиев айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз II  сессиясы  токтом кылат:

         

          1.Эргеш Алиев айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

         

2.Эргеш Алиев айылдык кеңештин төрагасына жана Эргеш Алиев айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын

         

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ноокен райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрага:

А.Акматалиев