САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Таш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын III отуруму
2021-жылдын 27-августу № 3/1
Сары-Таш айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала бакчаларга ата-энелерден алынуучу төлөмдөрдүн суммасын 2021-жыл жана андан кийинки жылдар үчүн белгилөө жөнүндө
Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Таш айылындагы № 15 “Алтын бешик Жибек жолу “бала бакчасынын жана Нура айылындагы № 24 “Ак Нур” бала бакчаларынын ата энелеринен алынуучу төлөмдөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү” Мыйзамынын 5-главасынын 22-беренесине таянып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Таш айыл өкмөтүнүн Сары-Таш айылындагы № 15 “Алтын бешик Жибек жолу “жана № 24 “Ак Нур” бала бакчаларынын тарбиялануучуларынын ата-энелеринен алынуучу төлөмдөр 500 (беш жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин.
2.Сары-Таш айыл өкмөтүнүн Сары-Таш айылындагы № 15 “Алтын бешик Жибек жолу “жана № 24 “Ак Нур” бала бакчаларынын тарбиялануучуларынын ата-энелеринен алынуучу төлөмдөрдү өз убагында топтоп, мыйзам чегинде иштетүү бала бакчалардын башчылары Г.К.Эсеновага жана Г.К.Молдоматоваларга милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Сары-Таш айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Б.Үсөн уулуна милдеттендирилсин
Төрага | Сейдали уулу Т. |