Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЭРГЕШ АЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Эргеш Алиев айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы

 

2024-жыл 19-апрель №2

 

“Мектепке чейинки балдардын бир айлык тамак-ашына ата энелерден төлөөнүүчү каражаттын өлчөмүн бекитүү жөнүндө”

         

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине жана Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы “Билим берүү жөнүндө” №179 Мыйзамынын 28-беренесинин 6-пункттуна ылайык Эргеш Алиев айылдык кеңешинин кезексиз II сессиясы  токтом кылат:

1.Эргеш Алиев айыл аймагындагы бардык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тарбияланып жаткан наристелердин тамак азыкка болгон төлөмдөрү боюнча бекитилген графикке ылайык өткөрүлгөн ата-энелердин жыйналыштарынын протоколдору бекитилсин.

 

2. Эргеш Алиев айыл аймагындагы бардык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тарбияланып жаткан наристелердин тамак азыкка болгон бир айлык төлөмдөрү 1200 (бир миң эки жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

3. Токтомдук аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

 

Төрага:

А.Акматалиев