Редакцияот 11.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Таш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын II отуруму

 

2021-жылдын 11-июну № 2/1

Сары-Таш жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоо жөнүндө

 

Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары  жөнүндөгү Алай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Сары-Таш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү Алай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу мыйзамдуу деп табылсын.

2.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 49-беренесинин 4-пунктунун 1-бөлүмчөсүнүн жана Сары-Таш айылдык кеңешинин 2021-жылдын 11-июнундагы II сессиясынын 2/1 Токтомунун негизинде Сары-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү деп эсептелсин жана айыл өкмөтүнүн башчысы болуп депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон М.Тынчыбек уулу шайланды деп белгиленсин.

 

 

Төрага

Сейдали уулу Т.