Редакцияот 27.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XII кезексиз сессиясы

 

2021-жылдын 27-августу № 14

Терек-Сай  айыл аймагына караштуу  С.Мырзалиев, Ак-Терек,  Кызыл-Токой Турдалиев көчөлөрүнө  балдар ойноочу аянтча куруу үчүн Чаткал  Архитектурадан АПУ (архитектуралык пландык шарттарды уюштуруу) алуу жөнүндө

КЭБнүн  башчысы Т.Т.Суванованын Терек-Сай  айыл аймагына караштуу  С.Мырзалиев, Ак-Терек,  Кызыл-Токой Турдалиев көчөлөрүнө  балдар ойноочу аянтча куруу үчүн Чаткал  Архитектурадан АПУ (архитектуралык пландык шарттарды уюштуруу) алуужөнүндөгүбилдирүүсүн  угуп жана талкуулап,Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз  XII   сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.              С.Мырзалиев, Ак-Терек,  Кызыл-Токой Турдалиев көчөлөрүнө  балдар ойноочу аянтча куруу үчүн Чаткал  Архитектурадан АПУ (архитектуралык пландык шарттарды уюштуруу) алуу үчүнжергиликтүү  бюджеттин эсебинен  200 000 (эки  жүз  миң)  сом акча каражаты  бөлүнүп  берилсин.

2.              Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай  айыл аймагынын  КЭБнүн  башчысы  Т.Т.Сувановага  жүктөлсүн

3.              Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

4.              Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек-Сай айылдык

кеңешинин төрагасы

 

И. К. Ажакматов