Редакцияот 27.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XII кезектүү сессиясы

 

2021-жылдын 27-августу № 4

Терек-Сай  айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой  айылына мечит  куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

Терек-Сай  айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын жергиликтүү тургундарынын кайрылуусунун жана суроо – талаптарынын  негизинде, Кызыл-Токой айылына мечит куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү максатында  Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз  XII   сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Терек-Сай  айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын жергиликтүү тургундарынын кайрылуусунун жана суроо – талаптарынын  негизинде, Ала-Бука –Каныш-Кыя авто жолунун түштүк –батыш тарабынан жана ФПС Фондунун  жеринин түндүк тарабынан  айыл чарбасына жараксыз пайдаланылбай  бош жаткан муниципалдык жерден мечит куруу  үчүн  4,0 сотых жер аянты бөлүнүп  берилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай  айыл аймагынын  жер адиси И.Смановго жүктөлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

 

Терек-Сай айылдык

кеңешинин төрагасы

 

И. К. Ажакматов