ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XI кезексиз сессиясы
2021-жылдын 11-августу № 11
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы Тамчы участкасына электр энергиясынын чубалгыларын тартуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын айыл башчысы Д.Нарматовдун Тамчы участкасына 3 км жерге электр чубалгыларын тартуу жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштууКызыл-Токой айылындагы Тамчы участкасына 3 км жерге электр энергиясынын чубалгыларын тартуу үчүн 2021-жылга каралган соц.пакеттин эсебинен 820 000 (сегиз жүз жыйырма миң) сом акча каражаты эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы |
И. К. Ажакматов |