ЭРГЕШ АЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эргеш Алиев айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2024-жыл 19-апрель №3
“Мамлекеттик токой фондусунун жайыт жерлерине жайыт акысын бекитүү жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине Эргеш Алиев айылдык кеңешинин кезексиз II сессиясы токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар Министрлигинин токой кызматынын Тоскоол-Ата токой чарбасынын директору Т.Б.Бөкөевдин маалыматы эске алынсын.
2. Мамлекеттик токой фондусунун жайыттарына жылкы, кара мал, майда жандыктардын жазгы-жайкы жайыттарга айдап чыгаруу убактысы келе жаткандыгына байланыштуу базар баалары күндөн-күнгө өсүп жаткандыгын эске алып, жайыт акысы төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Бир баш жылкы үчүн 45 (кырк беш) сом өлчөмүндө;
- Бир баш иримүйүздү мал үчүн 45 (кырк беш) сом өлчөмүндө;
- Бир баш кой үчүн 16 (он алты ) сом өлчөмүндө.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча жана бюджет, экономика маселелери боюнча туруктуу комитеттерге жүктөсүн.
Төрага: | А.Акматалиев |